Иллюстративдүү сүрөт. Snatali / Pixabay

15-январдан тарта өкмөттүн чечими боюнча Социалдык фондго төлөмдөрдү (жана алар боюнча отчетторду) Мамлекеттик салык кызматы кабыл ала баштайт. Бул жеке ишкерлер үчүн ыңгайлуу, анткени эми талап кылынган төгүмдөрдү жана отчетторду бир жерге тапшырса болот.

Мурда: Жеке ишкерлер салыктарды төлөө үчүн салык кызматына барышчу. Ал эми социалдык төлөмдөрдү Соцфонд кабыл алчу. Отчетту дагы эки жолу, эки башка жерге тапшыруу керек болчу.

Азыр: Салык чегерүүлөрдү, Соцфондго төлөмдөрдү жана алар боюнча отчетторду бир гана салык кызматы кабыл алат.

Эскертүү: Декабрь үчүн социалдык төлөмдөр боюнча отчетторду Соцфондго тапшырыш керек. Андан кийинкилерди гана cалык кызматы ала баштайт.

Эксперттер эмне деп жатышат?

Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү боюнча секретариаттын эксперти Азамат Акенеев «Клооптун» журналистине курган маегинде, бул жаңы киргизүүлөр «жеке ишкерлердин жашоосун жеңилдетет» деп айтты.

«Мурда бири-бирине окшошкон эки отчетту эки башка мамлекеттик кызматтарга тапшыруу эффективдүү эмес эле. Эми ушуну салык кызматына бир документ тапшыруу аркылуу бүтүрсө болот», — деп түшүндүрдү Акенеев.

Базарлар жана соода түйүндөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев дагы жаңы эрежелердин колдоорун билдирди. Анын айтымында, эки кызматтын ортосунда алдастаган ыңгайлуу болбогону үчүн жеке ишкерлерге «көлөкөдө иштөө» оңоюраак болчу.

«Бул кимгедир күтүлбөстүк болгон жок. Патент менен камсыздандыруу полиси үчүн эки башка структурага баруу ыңгайлуу эмес экендигин жеке ишкерлер бир нече жыл бою түшүндүрүп келишкен. Ага убакыт, каражат жана нерв сарпталат», — деди ал.

Авторлошу: Эмил Султаналиев