Атабек Абдуллаев

«Ал бирөөгө жамандык кыла турган бала эмес. Беш эжесин тең турмушка узатууда бардык чыгымдарды жалгыз өзү көтөрдү», — дейт Швецияда теракт даярдоого жана каржылоого айыпталган 39 жаштагы Атабектин апасы Азиза Абдуллаева.

Башында ал баласы тууралуу айтып берүүдөн жана журналисттер менен баарлашуудан баш тартып жатты. Атабек туулуп-өскөн Ош облусунун Найман айылы Өзбекстандын чек арасы менен чектешет. Анын айылдаштары да Атабектин кармалганын кайгыруу менен кабыл алып, бул темада сүйлөшүүдөн оолак болууга аракет кылып жатышты. Маек куруп берүүгө макул болгондору да аз сүйлөштү.

Апасы Атабек ата-энесине, бир туугандарына камкор жана динди тутунган адам болгон дейт. Баласы беш убак намаз окуп, оозуна бир ирет да спирт ичимдигин албаганын, буга чейин тамеки да чекпегенин кошумчалады. Анын айтымында, жалгыз уулу көп жылдан бери Орусияда курулуш тармагында иштеп мигрант болуп жүргөн. Андан кийин Литвадан Кыргызстанга автоунааларды алып келип саткан.

Азиза Абдуллаева баласын айрым сапарларда коштоп да барган. Швецияга Атабек өзү кеткен, бирок уулу Казандагы ислам университетине тапшырып жатканда жанында болгон. «Окуп атып контрагынын акысы жогорулап кетти. Бул убакта кичине кызымды күйөөгө бериш керек болуп калып, ошону менен окуусун таштоого аргасыз болду. Быйыл келгенде билим алуусун улантам деп жаткан. Балам “апа сизди ажыга алып барам” деп айткан да болчу», — дейт ал. Эне уулуна тагылган швед бийлигинин айыптоолоруна ишенбейт, ал сот баласын актайт деп үмүт артууда.

Атабектин атасы Тургунбай Абдуллаев айылда таксист болуп иштейт — интервью берүүнү суранганыбызда «мындан эч кандай пайда чыкпайт» деп, уулу тууралуу сүйлөп берүүгө макул болгон жок. Ал күнүмдүк тиричиликке каражат табуусу үчүн уулу Атабек автоунаа алып берген экен.

Абдуллаевдердин Найман айылындагы үйү. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Абдуллаевдин жубайы Феруза Кадырова учурда Ош шаарында дарыланып жатат. Ал да журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты, бирок жолдошунун күнөөлүү экендигине ишенбестигин баса белгиледи.

Атабектин жергиликтүү мектептеги мугалими атын ачыктоону каалаган жок. Ал дагы окучуучусунун айыптуу экендигине ишенбестигин айтты. Акыркы жолу Абдуллаевди үч жыл мурда көргөндүгүн жана ал динчил болуп калганына күбө болуп, муну жакшы кабыл алганын жашырган жок. «Мен деле жакында неберемди мечитке дин жөнүндө түшүнүгү пайда болсун деп жибердим. Билбейм эми Атабекти бирөө жолдон азгырдыбы, бирок анын айыптуу экендигине ишене албайм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Жергиликтүү имам Жеңишбек Намановдун сөзүнө ылайык, мындай окуя Найман айылында биринчи жолу болуп жатат — жума намазынын алдында да радикализмдин зыян экендиги эскертилет дейт Наманов. Ал Атабектин башка адамдардан айырмаланбастыгын айтып, эл катары мечитке келип-кеткенин эскерди: «Ал да куранды араб тилинде окуйт эле. Кантип теракт жасоого шектүүлөр менен кармалып калды, бизге түшүнүксүз».

Жеңишбек Наманов

Ош облусттук ички иштер башкармалыгынан Абдуллаев тарабынан мыйзам бузуу аракеттери буга чейин катталбаганын маалымдашты. ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев Абдуллаев Швецияда кармалгандыгы тууралуу жаңылык тарагандан кийин анын тек-жайы маалымат базадан текшерилгенин айтты — ал Кыргызстанда эч кандай тыюу салынган уюмдардын мүчөсү болгон эмес.

Аширбаев шектүү катары кармалган кыргызстандыкка жакшы мүнөздөмө берди. «[Абдуллаев] жакшы үй-бүлөдө чоңойгон, апасы жогорку билимдүү, мугалим болуп иштеген. Атасы деле өз жумушу бар киши болгон», — деди ал.

Жеңишбек Аширбаев

Аширбаев Абдуллаевдин жакындары айткан биографиялык маалыматтарды тастыктады. Милициянын маалыматы боюнча Атабек чын эле Орусияда мигрант болгон жана автоунааларды Прибалтикадан Кыргызстанга алып келип иштеген. «2014-жылы Орусиядан депортация кылынган. 2017-жылы ал Түркия аркылуу Польшага, андан кийин Швецияга кеткен», — деди басма сөз катчы.

Абдуллаевдин Швецияда кармалышы

2018-жылдын апрелинен тарта швед полициясы теракттарга даярдануу боюнча шектүүлөрдүн бир нечесин кармаган. Алардын арасында 39 жаштагы Кыргызстандын жараны Атабек Абдуллаев бар болгон. Декабрдын аягында Абдуллаевге каршы терактка даярдануу жана «Ислам мамлекети» (ИМ) экстреммисттик уюмун каржылоо боюнча доомат коюлган. Прокуратуранын маалыматына ылайык, Абдуллаев жана башка кармалгандар бул жааттагы боевиктерге акча которушкан. Шектүүлөрдүн арасында Абдуллаевден башка Өзбекстандын дагы беш жараны бар.

Айыпталгандардын үйүндө жардыруучу заттарды даярдоодо колдонууга мүмкүн болгон бычак, атайын жабдылган кийим-кечек жана химикаттар табылган. Кармалгандарга тагылып жаткан күнөөлөр алардын социалдык тармактардагы кат жазышууларынын жана өздөрүн анда алып жүргөндүгүнүн негизинде түзүлүп жатат. Полиция алар «үлпөт» сөзүн «теракттын» ордуна жана «унааны жасалгалоо» сөзүн «мина коюунун» ордуна колдонушкан деп эсептейт.

«Үлпөт тоюна унааны жасалгалоо үчүн дагы бирөө-жарым керекпи? Эгер кааласаң мен сага унааны жасалгалоо боюнча видео жөнөтө алам. Мен унааны жасалгалоо боюнча алектенген туугандарыма да жазам», — кармалгандардын бирөөсүнүн кат жазышуусунан алынган үзүндүнү «Экспрессен» басылмасы келтирет.

Кармалгандардын полиция тарабынан тартылган сүрөтү. Абдуллаев — оң тарапта 

Швед ЖМКларынын маалыматына ылайык, 39 жаштагы Атабек Абдуллаев 30-апрелде кармалган. Анын компьютери менен телефонунда «ИМ террордук уюмун колдогон материалдар» табылган. Полициядан билдиришкендей, Абдуллаев жумуш берүүчүсүнөн алган жасалма маалымкаты менен Handelsbanken банкынын кардары болууга аракет кылган.

«Клооптун» редакциясы Абуллаевдин социалдык тармактардагы баракчаларын изилдеп чыгып, анда экстремизмди үгүттөөгө байланышкан маалыматтарды тапкан жок. «ВКонтакте» тармагында диний группалардан тышкары, Европага иммиграциялоо жана тамашалуу паблик группаларына жазылган. Мындан тышкары ал курал-жаракка кызыккандар үчүн арналган группага катталган.

Швед прокуратурасы Абдуллаев менен байланышкан профилдеги маалыматтар ага тагылган айыптоолорду толуктайт деп эсептейт. Эгерде кыргызстандыкты күнөөлүү деп табышса, ал төрт жылдан өмүр бою эркинен ажыратууга чейин жазага тартылышы мүмкүн.

Редакторлору: Эльдияр Арыкбаев, Элвира Султанмурат кызы