1-январдан тарта Кыргызстандын көчөлөрүнө түкүрүү үчүн 5500 сом өлчөмүндөгү айып салынаарын баары эле билип калса керек. Ал эми башка мыйзам бузуулар үчүн канча төлөнөөрү көбү үчүн табышмак бойдон калууда. Биз мыйзамдарды сиздин ордуңузга окуп чыгып, тест даярдадык: түкүрүүгө караганда эмне кымбат, эмне арзан экенине көз салыңыз.

Көчөдө түкүрүү үчүн тыюу салынганы жана анын айып пулу коомдук талкууну жаратты: биринчилер жактырса, экинчилери сындап салышты. Талаш-тартыш катуу болгондуктан бийликтегилер түкүрүүгө салынуучу айып пулду азайтуу боюнча ойлонуп жатышат. Кантсе да, азырынча анын баасы 5500 сом. Келгиле чогу Кыргызстанда кайсы мыйзамдар арзан, кайсылары кымбат экенин баамдайлы.