Кыргыз тилин билсеңиз жогорку окуу жайга өтүү жеңил болот. Бул кандай?

КУУ алдындагы Юридикалык университеттин студенттери. 2015-жыл. Сүрөт: Limon.kg

Кыргызстандагы абитуриенттер 2019-жылдын 1-мартынан тарта кыргыз тили боюнча билимдерин сынап көрө алышат. Ал үчүн Кыргызстесттин сайты аркылуу тест тапшырып, анын жыйынтыгы менен тил билүү деңгээлине жараша сертификатка ээ болушат. Бул документ анын университетке өтүүсүнө жардам бере алат. Билим берүү министрлиги (БИМ) 18-февралга чейин тестирлөө акысыз же акылуу болоору боюнча бир бүтүмгө келет.

Кандайча?

Эми Кыргызстандагы ЖОЖдор кыргыз тилин жок эле дегенде базалык деңгээлде билген бүтүрүүчүлөргө артыкчылык берет. Мындай жеңилдикке жалпы республикалык тестирлөөдөн бирдей упай алып калган учурда кыргыз тили боюнча тест тапшырган абитуриент ээ болот.

Тагыраак айтканда, эгерде сиз кыргыз тилин белбей туруп ЖРТдан, мисалы, 211 балл алсаңыз, 210 баллы бар, бирок кыргыз тилин билген абитуриент бюджеттик орунду ээлеп алат деп коркпой эле койсоңуз болот.

Эгерде баллдары бирдей жана кыргыз тилин билүү боюнча сертификаттары бар болгон эки абитуриент бир орунга умтулуп жатса, кабыл алуу комиссиясы алардын предметтик тесттерди тапшыргандарын эске алат — студент окуй турган факультетке жараша.

БИМдин басма сөз катчысы Марина Гречанная түшүндүргөндөй, кыргыз тилин билген абитуриенттер боюнча артыкчылыгы биринчи кезекте бюджеттик орундарды бөлүштүрүүгө тийиштүү болот.

«Контракттык орундарга бөлүштүрүү [кабыл алуу] комиссиянын ыктыярына калтырылат», — деп Гречанная айтып, жаңы өзгөртүүлөр негизинен мамлекеттик университеттерге тиешелүү болоорун кошумчалады.

ЖОЖго өтүүгө мүмкүнчүлүктөр көп болушу үчүн кыргыз тилин кандай деңгээлде билиш керек?

Бул абитуриенттин орус же кыргыз тилдүү мектепте окуганына көз каранды болот.

Орус тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн А2 деңгээли талап кылынат. А2 боюнча кыргыз тилинин 1300 сөздөн 1500 сөзгө чейин билүүсү шарт.

Кыргыз тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн талаптар катуураак — B1 деңгээли. Бул деңгээлдегилер 3000дей сөз билиши керек.

ЖОЖго өтүүгө дагы эмне жардам берет?

Гречанная түшүндүргөндөй, тапшырууда кыргыз тилин билүү гана көмөкчү боло албайт. Эгерде абитуриент эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү же байгелүү орундун ээси болсо, ЖРТнын жыйынтыктарына карабастан жеңилдиктин негизинде окууга укугу бар.

Ал кошумчалагандай, жаңэтникалык таандыкка карабастан бардык абитуриенттерге тиешелүү болот. Бирок, эгерде болочок студент эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү же байгелүү орун ээси болсо, ЖРТнын жыйынтыктарына карабастан анын жеңилдиктин негизинде окууга укугу бар.

Тема боюнча:

Кыргыз тилин ЖРТ тапшыруу үчүн милдеттүү кылууну каалашууда. Бирок аны мектепте үйрөнсө болобу же жокпу?