Советтик жоокер Ооганстанга кетчү жолду кайтарууда. 1988-жыл. Сүрөт: : А. Соломонов / Архив РИАН / CC-BY-SA 3.0

Ведомстволор аралык комиссия 49 кыргызстандык Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин компенсацияларын мыйзамсыз алган деп шектөөдө. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 29 млн сомдон ашат. Аскер прокуратурасы алдамчылык, кызмат абалын кыянат пайдалануу, кызматтык жасалмачылык жана документтерди жасалмалоо беренелери боюнча жети кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы дээрлик 29,3 млн сомду түзөт.

Кыргызстанда Ооганстандагы аскердик кыймылдардын катышуучулары мыйзам боюнча ай сайын мамлекеттик бюджеттен 6000 сомдон алышат.

Коргоо министрлигинин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Эркен Жуматаев «Клооптун» журналистине курган маегинде, ушундай төлөмдөрдү алуу үчүн согуш аракеттерине катышкандыгы тууралуу аскердик билет болушу керек дейт. Бул документке аскердик комиссар кол коёт. «Кээ бир военкомдор мындан акча жасашкан окшойт», — деп Жуматаев божомолдоду.

Төлөмдөрдү мыйзамсыз алгандардын арасындагы кээ бирөөлөр чын эле Ооганстанда кызмат кылышкан, бирок согуш маалында жок болушкан деп түшүндүрдү Жуматаев. Анын пикиринде, айрымдар мамлекет тарабынан жеңилдиктерди алуу үчүн билеттердеги даталарды өзгөртүшкөн.

«Бирок мындайлар аз. Жалган ардагерлердин көпчүлүгү баары бир жеңилдиктерди жөн эле алып жатышкан», — деди Жуматаев.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Социалдык кепилдиктер жана акчалай компенсациялар бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Качкынова кошумчалагандай, кээ бир учурларда Ооганстан согушунун катышуучулары үчүн компенсацияны аскердик контингенттин тейлөө персоналындагы адамдар жана жумушчулар алышкан. «Алар ушул жөлөк пулдарды алууга укуктары жок, аларда башка социалдык кепилдиктер бар», — деп түшүндүрдү Окоева.

Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин коомдук кыймылынын төрагасы жана ведомстволор аралык комиссиясынын мүчөсү Абдыгул Чотбаевдин баамында, шектүүлөрдүн кээ бирөөлөрү согуш катышуучуларынын күбөлүгүн сатып алган, ал эми башкалары согуш учурунда «жөн гана [Ооганстандын] чек араны кесип өтүп, кайтып келгенден кийин бул [төлөмдөрдү алууга негиз деп] эсептелет деп ойлошкон».

«Алар мыйзамдарды деги эле окушкан эмес же жол таштап окушкан», — деп кошумчалады Чотбаев.

Чотбаевдин айткандарына ылайык, согуш ардагерлеринин компенсацияларын мыйзамсыз алгандардын так саны белгисиз. Прокуратура шектүүлөрдү улам текшерип жатат жана алардын саны кыскарууда деп түшүндүрдү. Азыр аскердик прокуратура жети кылмыш ишин козгоду.

Советтик Союз Ооганстандын өкмөттүк аскерлеринин тарабында 1979-жылдан 1989-жылга чейин согуш жүргүзгөн. Аларга каршы ислам өлкөлөрү менен НАТО мамлекеттери колдоп турган оогандык можахеддер турган.

1989-жылы Советтик Союз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткен. Конфликт болгон убакыт ичинде советтик тараптан 15 миңден ашык киши өлгөн, ар кайсы баалоолор боюнча согуш маалында 2 млнго чейин адам өлгөн.