Алексей Клименконун эмгектери «Ак кемени» сүрөттөп берет

Сүрөтчү Алексей Клименконун Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестине жасаган 28 иллюстрациясы чыгарманы визуалдаштырып кыскача баяндап берет.

Сүрөтчүнүн айтымында, иллюстративдүү чыгармаларды жаратып баштаганга чейин Айтматовдун чыгармачылыгы менен тааныш эмес болчу, бирок кийин анын изилдөөсүнө баш-оту менен кирип кеткен.

«Айтматов мени жабыктырып, баш мээмдин түпкүрүндө изин калтырды. Эгерде силер да мага окшоп анын чыгармачылыгы менен тааныш эмес болсоңор, аны бат окууну сунуштабайт элем: депрессия менен апатияга чөмүлүү кепилдигин берет. Бирок анын чыгармачылыгынын бардык ахроматизмине карабай, ал менин жашоомдогу эң жаркын жазуучулардын бири болуп калаары шексиз. Ал эми “Ак кеме” — улуу адабияттык чыгарма. Аны окугандан кийин башкы каарман менен кошо өлдүм», — деди ал.

Сүрөтчүнүн эмгектери жазуучунун 90-жылдыгына арналган Бишкектеги көргөзмөгө да коюлган.

«Ак кеме» повести 7 жаштагы жетим баланын окуясын баяндайт. Жаш бала туугандары менен Ысык-Көлдүн жээгиндеги корукта жашайт. Ал жакын туугандары менен жашаса да ага бир гана таятасы Момун мээримин төккөн.

Бала көлдөгү ак кемелерди көрүп жүрүп, атасы алардын биринде матрос болуп иштейт деп ишенчү. Күндөрдүн биринде бала балыкка айланып, ошол ак кемеге сүзүп жетем деген кыял менен жашаган.

Чоң атасы небересине Бугу эне тууралуу уламыш айтып берчү — Бугу эне ымыркайды суудан алып чыгып, аны өстүрүп, алардын тукумун куткарып калган.

Күндөрдүн биринде баланын тай акеси Момун карыяны аракка тойгузуп, бугуну өлтүрүүгө мажбурлайт. Ал эми жаныбарларды дайыма урматтоого үйрөткөн тай атасын боорукер адам катары билген небере мындай мыкаачылыкка даяр эмес болчу. Анын дене табы көтөрүлүп, андан соң көлдү карай чуркап кетет. Повесть трагедия менен аяктайт. Бала балыкка айланып кетем деген үмүттө Ысык-Көлгө боюн таштагандан кийин аны эч ким көрбөй калат.


Таятасынан жаңы оргон чөптүн, күн ысыгына ачыган тердин жыты келип, ушул тартайган арык чал дүйнөдөгү эң жакшы көргөн, жан ачыр кишиси. Шылуундар мазактап, Момун элпек деп ат коюп алышканы ушу арка туткан чүкөдөй таятасы... Мейли, айта беришсин! Кандай болсо да өзүнүн таятасы.



Оболу кара дермантин портфель колго тийди. Боорунда калем-салем салар жамак чөнтөктүү, жылтырата темир килити бар, кулпунун тилин тээке салса, чырк этип бекип калат. Кыскасы окуучунун кадимки портфели. Бирок балага кадимки эмес, укмуш көрүндү. Кеп ушул портфелден башталды.


Момун элпек деген ушундай киши!

Улуу-кичүүсүнүн баары ага теңтуш, «сен» деп сүйлөшөт, шакабалап кетишсе таарынбайт, санга кошпой өтүшсө ызаланбайт. Өзүн сыйлабаганды өзгө аябайт деп бекеринен айтпаган го. Момун өз башын сыйлоо дегенди билбейт.

Жадагалса сырт турпатында аксакалдын сөөлөт болсочу. Же салабаттуулук каадасы жок, же кыжырлуу катаалдыгы жок. Ак көнүл байкуш экени бир көргөн адамга көрүнүп турган бечара. Мындайларды: «ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт» деп коет эмеспи. Дал ошонун өзү.


Бала атасын да, апасын да билбейт. Эс тартканы аларды көргөн эмес. Ата-энесинин бирөө да кайрылып келген эмес. Бирок атасы Ысык-Көлдө матрос болуп иштерин, аны менен ажыраткандан кийин апасы баланы төркүнүнө таштап, өзү шаарга кетип калганын билет.


Кеме көз учунан өткүчө көп убакыт. Ал ортодо бала кыялы менен кантип балык болуп, кемеге кантип сүзүп барарына дейре элестетип чыгат…


Бала көзүнө дүрбүнү алып, башы жерге салаңдады. «Эми үйгө кантип барабыз? — деди капаланып китеп кабына. — Ушунун баары мен менен тиги акмак торпоктун айынан. Анан дагы сенде да бар, дүрбү. Качан болсо Ак кемени кара деп азгырып турасың. Сен да күнөлүүсүң».


Ушунун баары Бекей таежесинин төрөбөгөндүгүнөн. Эмне үчүн антет, ата? Кааласаң төрө, каалабасаң жөн кой деген болбойбу? Орозкул аба Бекей таежени сабаганда таятаны карап туруп, бооруң ооруйт. Бекейден көрө мени урсачы деп сыздайт. Бекей таеже чыңырса, быякта туруп кошо онтоп, кошо кыйноо тартат. Башка айла жок.


«Аралашпа, өздөрү тынышат, — дейт. — Сага эмне жок калжаңдап? Сенин катының болбогон соң шүк отур», —десе таятасы, — «Минтип ирегилеш турбай алыс болсоң эмне кылмаксаң? Урушкан сайын чаап барып турмаксыңбы? Анда сенин кызыңды ким катын кылып алып жүрмөк?» — дейт кемпири.


Мен айтып жаткан таенени сен билбейсиң, ата, сен көргөн таене эмес, бул башка. Өз таенем мен кичинемде эле өлүп калыптыр. Анан азыркы таене келиптир. Биз турган жерде күн урайын түшүнүп болбойт, ачык туруп, мөндүр уруп кетет, анан жамгырга өтүп бүркөлүп турат да, кайра көпкө бозоруп ачылбай коёт. Азыркы таене да ошондой, түшүнбөйсүң.


Таятамдын жомогу көп, кайгылуусу да, коркунучтуусу да бар. Баарынан жакшы көргөнүм жанагы Мүйүздүү Бугу-Эне жөнүндөгү жомок. Көлдүктөрдүн ар кимиси билиш керек дейт таятам. Билбегени күнөөгө батат. Сен ал жомокту билесиңби, ата? Таятам айтат го, жомок эмей эле чын болгон дейт.



Алеп-желеп кубанып, ар бир машиненин алдын тосо эдиреңдей чуркады. Жүк машинелердин баары жаңы экен, кабиналары кең, айнектери чоң. Шоферлору да тандап алгандай бир кылка, эриндерин түк басып, бирок кылкан мурут кыр жаба элек уландар.


Эң артта келаткан машине атүгүл токтоп, кабинадан поюну жок, салт шапкечен, бирок аскер купайкечен шофер улан башбакты.

— Салам. Быякта эмне кылып жүрөсүң? — деп жымыңдай көз кысты.


«Менин ушундай байкем болсо, — деп кыялданды бала. — Анда эч кимден коркпойт элем. Орозкул таятама катуу сүйлөп көрсүнчү, Кулубек байкем акырая бир караса, кирерге ийин таппай калар».





Орозкул бүгүн таң эртеден бери ачуулуу. Эртең менен балта-чотту алып, суудан өтүп, токойго жөнөөрдө Момун чал баланы мектебине алпарып келе коёюн деп жинине бир тийген. Алжыган чал да! Күндө эртең менен ат токуп, баланы бир жеткирет, түштө дагы чаап барып, мектептен апкелет. Мынча эмне таштандынын убарасын тартат!


— А, кокуй, тарс эсимден чыгып кеткен тура, — деп Орозкулдун жанына келди. — Мектептен баланы алмак эмес белем. Сабагы бүтөр маал болуп калган тура.

— Эмне кылайын бүтсө? — деди Орозкул кара күчкө камаарабаган түр менен.

— Ачууланба, балам. Устун буерде жата турсун. Төмөн түшөлү. Сен үйгө барып түштөнө тур. Ал ортодо мен чаап барып келе коём. Баланы апкелип коюп, анан деле устунду суудан өткөрүп алабыз.


Эй, абышка, кайда? Кайда барасың, токто дейм!

— Кайда? Кайда? Мектепке! Неберем түштөн бери күтүп калды.

— Кайт артыңа! Кайт, болбосо!...

Абышка кайрылбады.


Момун баланы өңөрүп үйгө жөнөдү.

— Курсагың аябай ачтыбы? — деди таятасы.

— Жок, эжей нан берди.

Момун күнөөлүүдөй күлүмсүрөдү. Баланын шапкесин алып, төбөсүнөн жыттап өптү да, кайра кийгизди.


— А биз изин ээрчип бара бербейбизби. Бара беребиз, бара беребиз, анан алыстан эле көрөбүз да, чочутпастан кайра кетип калабыз. Адамдар тийбейт экен деп ойлоп калышсын да.


Сырттагы үндөрдү тыңшап, бала таятасын күтүп жатты. Кечеги көргөн маралдар туурасында таятасынан дагы кеп нерселерди сурагысы келди. Кыш жакын. Маралдарга токой ичине чөп чачып койсо жакшы болбос беле. Кышында от болот да аларга. Анан ошентип адамга үйүр алдыра берсе, кийин маралдар суу кечип, түз эле короого кирип келгидей болсо.


Бу жаткан Мүйүздүү Бугу-Эненин башы эле. Эми ошо ыйык энеден тескери жайылган тери, үстүнде үйүлгөн эт, быякка ыргытылган баш-шыйрак калдыбы?...


Баланын көңүлү айныды. Кайра чыйрыга баштады. Бирде күйүп-жанып алдастайт, кайра калчылдап үшүп, тиштери шакылдайт. Ордунан туруп, таятасына баргысы келди. Таятасы болсо далисте ыйлап отурат. Сыртта мас Орозкул кайра бууракандап жатты.


— Ата Кулубек байкем келеби? — деди ый аралаш. — Айтчы, ата, Кулубек байкем келеби? — деп таятасын булкулады.

Абышка онтоп капталына оодарылды. Мас кебетеси ылайчаңга булганып, сакапы жулмалангандай жүдөген керүнүшү суук. Таятасынын суук кебетеси балага көз ирмемче алиги Орозкул балталап, топурак-канга жуурулуп жаткан маралдын башына окшоп кетти. Бала аза-бою үрктү, кетенчиктеп боюн апа качты.

— Мен балык болуп кетем. Уктуңбу, ата, мен сүзүп кетем. Кулубек келгенде айт, мени балык болуп кетти де.

Абышка жооп кайтарбады, үнсүз жатты.

Бала андан ары кетти. Суу жээгине түштү. Ошо бойдон токтобостон сууга кирди...

Бала балык болуп, суу менен сузүп кеткенин эч ким туйбады. Мастар баш аламан чурулдап ырдап жатты...