Жогорку Кеңеште бир аптадан бери депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү ортосунда талаштар тынчыбай жатат. Чиновниктер 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстердеги каталар боюнча ким күнөөлүү экенин табууга аракеттенишүүдө. Эмне болуп жатканын кыскача түшүндүрөбүз.
Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта укук бузуу жана жоруктар жөнүндө жаңы кодекстер күчүнө кирген. Алар административдик кодексти алмаштырып, ар кандай тартип бузуулар үчүн физикалык жана юридикалык жактар үчүн штрафтардын жаңы өлчөмдөрүн аныктаган.
Алгач жаңы айып пулдар жөнөкөй жарандардын ачуусун келтирген. Мисалы, эми коомдук жайларда түкүрүү үчүн 5500 сом төлөөгө туура келет. Андан соң жаңы айып пулдар депутаттардын да көңүлүн бурдурган.
Жаңы кодекстердин кабыл алынышы үчүн өкмөттүн дарегине биринчилерден болуп депутат Бакыт Төрөбаев сын айтып чыккан. Ал 16-январда парламенттин жыйынында өкмөт жаңы штрафтарды кабыл алуу менен «уят» болду деп билдирген.
«Райондук администрациялар түкүрүк үчүн тартип бузуучулардан 5,5 миң сом ала алышпайт. Механизм жок», — деди Төрөбаев.
Эл өкүлдөрүнүн өкмөткө карата нааразычылыгы ушуну менен эле бүтүп калган эмес. Анткени алар күчүнө кирген кодекстер боюнча дагы жаңы кемчиликтерди жана каталарды табышкан.
Мисалга алсак, Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров өкмөт калк үчүн өтө эле жогору айып пул койгон жана көпчүлүк аны жөн гана төлөй албай калат деп билдирген.
«Идея жакшы, бирок штрафтардын өлчөмү маянаны эске албастан бекитилген», — деп кошумчалаган ал.
Буга жооп иретинде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эксперттик топтор айып пулдарды киргизүүдө Сингапурдун тажрыйбасына таянышкан, бирок өлкөлөрдүн ортосундагы айлык акы боюнча айырманы эске албай калышкан деп билдирген.
Айрым депутаттар 19-январда жаңы кодекстерди киргизүүдөгү кемчиликтерге өздөрү да күнөөлүү экенин мойнуна алышкан. Мисалы, эл өкүлү Бакирдин Субанбеков жаңы кодекстерди кабыл алууда министрликтердин өкүлдөрү чакырылбаганын кесиптештеринин эсине салган.
«Парламент шашылыш түрдө кабыл алып, өкмөт болсо каталарына түзөтүү киргизе алган эмес. Биз кабыл алдыкпы, демек, өзүбүз оңдоп чыгышыбыз керек», — деп кошумчалаган депутат Мыктыбек Абдылдаев.
Бирок депутаттардын өкмөткө даректелген нааразычылыктары муну менен эле токтоп калган жок. Депутат Бактыбек Турусбеков билдиргендей, күчүнө кирген жаңы кодекстер туураалуу өкмөт калкка маалымат берген эмес.
«Эч кандай пропаганда болгон эмес. Телекөрсөтүүлөр боюнча бир дагы ролик көрсөтүлгөн жок, шаарда бир дагы көрнөк жок. Ушуга байланыштуу калктын бардык суроолору менен тилдөөлөрү пайда болгон», — деп билдирген ал.
Аны депутат Акылбек Жапаров да колдоого алган. Анын айтымында, эл аралык донорлор жаңы эрежелер жөнүндө маалыматты ЖМКлар аркылуу таратыш үчүн 3 млн евро бөлүшкөнү менен бул иш ошо бойдон аткарылбай калган.
Вице-премьер Жеңиш Раззаковдун айтымында, күчүнө кирген кодекстердин бардык кемчиликтерин оңдоп чыгууга 200гө чукул жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керек.