«Мага дайыма [биринчи секс учурунда] кандын чыгышы өзүнчө бир бакыт, күйөөң сени ошол үчүн сүйөт деп айтышчу», — деди Алтынай*. Ал 25 жашта, жакында эле Кытай университетин аяктап, эми ата-энеси менен чогуу жашап атат. Ата-энесине кызынын турмушка кыз бойдон чыгып, үй-бүлөнүн абийирин сактап калышы абдан маанилүү.
*жылдызча менен белгиленген каармандардын ысымдары өзгөртүлгөн
Ошондуктан Алтынайдын алгачкы сексуалдык тажрыйбасы тууралуу жакын достору гана билет. Бирок, ошентсе да ал коомдук жайларда секс жөнүндө сүйлөшүүдөн тартынбастыгын айтат. Ал өзү эле сексуалдык жүрүм-турумунан улам басмырланганы тууралуу айтып берүүнү сунуштады.
«Үйгө кеч келип калсам эле апам “Күйөөң кийин сага эскертет, анткени турмушка чыккыча кармана албай калбадыңбы" деп айта берчү. Бирок мен өзүмө ылайык бирөөнү кезиктирип, мамилебиз жакшы болсо, ошондо [бизде секс болот] деп ойлочумун», — деп айтып берди Алтынай.
Бир нече жыл мурда ал өзүнө ылайыктуу жигитке жолуккан — улуу, түзүк, ага туюлгандай — ишеничтүү. Алтынай аны менен узак мамиле курууга даяр экенин түшүнгөн. Алар Кытайга окууга чогуу кетишип, ал жактан бирге жашап көрүүнү чечишкен.
«Ортобузда анын мага карата шек санабагыдай мамилебиз бар эле. Эгер мен кимдир бирөө менен түн өткөргөн болсом, анда ага айтып бермекмин», — дейт ал.
Биринчи кошулууда кан чыккан эмес. Алтынай башында таң калып, бирок андан кийин мындай боло берээрин түшүнгөн. Ал муну жигитине түшүндүрүп берүүгө аракет кылганы менен ал суз мамиле жасаган. Ошентип ортобузда түшүнбөсүктөр башталды.
«Бизде кайсы бир убакыттарда секс болуп турган эле. Бир жолу андан сен үчүн аялың кыз болгону маанилүүбү же жокпу деп сурадым. Ал “Ооба” деп жооп берди да, апасы үчүн бул маанилүү экенин, эгерде колуктусу 30 жашта болсо шейшепти текшермек эмес, бирок мен жаш болгонум үчүн текшерет деп билдирди», — деп айтып берди Алтынай.
Ошондон кийин жигити ага үйлөнбөстүгүн айткан.
Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин кызды нике түнүнөн кийин «кыздык белгинин» бар-жогуна текшерүү салты сакталып келет. Келин менен эркек тараптын туугандары таң аткыча жупту кайтарып, ал эми эртең менен кан издерин кайын энеге көрсөтүш үчүн шейшепти алып кетишет — бул нерсе келиндин «кыз» экендигинин белгиси.
Салтка ылайык, эгер келин кыз эмес болуп чыкса, анда баланын ата-энеси кыздын ата-энесине калың төлөөдөн баш тартууга укугу бар.
Кыргызстан — динчил адамдардын көбү исламды туткан мамлекет. Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Бахтияр Токтогазы уулунун айтымында, ислам дининде нике кыйылганга чейин эркектерге да, кыздарга да жыныстык мамиледе болууга тыюу салынган.
«Бирок шейшепти чыгаруу — мусулмандардын салты эмес. Эркек менен аял бири-биринин алдында таза жана чынчыл болушу керек», — дейт ал. Токтогазы уулу адамдар жашоосундагы чечимди өздөрү гана кабыл алышы керектигин, ал эми никеге чейинки жыныстык катнашка тыюуну бузгандар кудай алдында жооп беришээрин кошумчалады.
Алтынай ата-энесине өзүнүн жыныстык катнаштагы тажрыйбасы тууралуу эч нерсе айтып берчү эмес, себеби аларды жөн гана жеке жашоосуна кийлигиштирүүнү каалабачу.
«Кыздык белги — бул кыздын жеке иши эмес эле үй-бүлөнүн товары сыяктуудай», — дейт ал.
«Сапат белгиси»
«Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянстын» (РДСА) директору Галина Чиркина анатомияны билбегендиктен улам адамдар кыздык белгини ыйык тутушат деп «Клоопко» курган маегинде айтып берди.
«Эркектердин көпчүлүгү аялдын жыныс мүчөсүндөгү чел кабыкты — бул үйлөнгөн эркек жыра турган жыныстык мүчөдөгү тосмо деп ойлошот. Бирок эгер аялдын жыныс мүчөсүндө эркектер элестетишкендей, “сапат белгиси” делген шынаа болгондо, анда ал эбак эле алгачкы айыз учурунда жараксыз кан сыртка чыкпай өлүп калмак», — деп айтат Чиркина.
Анын сөздөрүнө караганда, аялдын жыныс мүчөсүндөгү чел кабык — бул аялдын ийинине кире беришинде аны толук жаппай турган, жаа өткөөлгө окшогон чоң эмес тери тосмосу. Аны жыныстык таажы же гимен деп да аташат.
Ар бир аялдын өзгөчөлүгү болот: кээ бирөөлөрдүн таажысына кан капиллярлары өтүшүп тургандыктан, биринчи жыныстык катнашта же мастурбацияда кан чыгышы мүмкүн. Эгерде таажыда кан капиллярлары аз болсо, анда биринчи секс учурунда кан чыкпайт. Мындан тышкары, биринчи жыныстык катнашка чейин эле жыныстык жана менструалдык бөлүнүп чыгуулардын же аялдын денесиндеги гармоналдык өзгөрүүлөрдүн айынан таажы чоюлган да болушу мүмкүн.
Аялдардын көпчүлүгүнүн биринчи жыныстык катнаш учурундагы кан чыгуунун кеңири жайылган себеби — жетишсиз дүүлүгүү, чымыркануу же коркуу. Эгер аял өзүн бош кармабай чымырканып алса, мындай кансыроо экинчи, үчүнчү, жада калса элүүнчү жолу деле боло берет. Тактап айтканда, биринчи секс учурунда кан чыкпаганы — бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.
Атүгүл, мындай нерсе абдан көп кездешет. 1989-жылы Британиянын медициналык журналында бейрасмий изилдөө жарыяланган, ага ылайык, биринчи кошулуу учурунда аялдардын 63% кан чыккан эмес. Тагыраагы, бул жагдай буга чейин кызда сексуалдык тажрыйба болуп-болбогонун көрсөтпөйт.
Чиркинанын пикири боюнча, бул тууралуу мектепте анатомия сабагында айтып бериши керек эле, бирок дененин жыныс мүчөлөрү туурасында кеп кылуу уят делгендиктен бул темада окутуу абдан чектелген.
Бирок, чындыгында, эксперттин айтымына ылайык, кыргыз коомунда баары бир кыздык ыйык тутулуп сакталбайт. Көбүнчө кыздар «физиологиялык кыз белгини» сактоо үчүн жыныстык катнаштан баш тартып, аналдык жана оралдык секске барышат. Кыздык белги — бул көбүнесе психологиялык абал болгону менен адамдар дене мүчөсүндөгү белги тууралуу гана сүйлөшүп, кыздык түшүнүгүн бурмалашат.
«Эркектердин арасында эгер аял кыз болуп чыкса, анда ал өз өнөгүн башкаларга салыштырбайт деген да кеңири тараган жомок бар — ушул сыяктуу нерсени [Кыргызстандын мурдагы муфтийи] Чубак ажы [Жалилов] кандай аялга үйлөнсө боолоорун кеңеш берип атып өзүнүн дин жөнүндө насыяттарынын биринде айтып берген», — деп эсептейт Чиркина.
Кыз болбосоң акыл-эстин деле кереги жок
Айгерим* илимге кызыгат, окуйт, иштейт, саякаттоону кыялданат. Бирок ал өз апасы үчүн «бузулган кыз», анткени Айгерим никеге чейин эле жыныстык катнашка барып койгон. Ал апасын күнөөлөбөй, аны түшүнөөрүн айтат, анткени апасы динге катуу ишенген адам.
«Ал мага “намысыңды жаштайыңан корго” деп айтчу. Мен ал кезде сөз эмне жөнүндө болуп атканын деле түшүнчү эмесмин. Анда эч кимдин көңүлүн оорутпай үтүктөлгөн гана көйнөк кийип жүрүшүм керекпи деп ойлочумун», — дейт Айгерим.
Апасынын эски көз караштарынан улам Айгерим ага өзүнүн жыныстык жашоосу тууралуу айтып берчү эмес. Бирок апасы кызында жыныстык катнаш болгонун Айгеримдин гинекологунан билип алган.
«Апама өзүм барып жүргөн гинекологду мактап, ошого бар деп койгом. Бирок кабыл алган врач апама мен жөнүндө бардыгын айтып берип салат деп эч ойлогон эмесмин. Ошондон кийин апамдын мага жасаган мамилеси өзгөрүп, мени байма-бай кемсинтип, кодулай баштады», — деп айтып берди ал көздөрүн жерге салып.
Чиркинанын айтымында, гинеколог дарыгерлик сыр укугун бузуп койгон. Ал өз бейтабынын абалы тууралуу анын макулдугу жок жада калса ата-энесине да айтууга укугу жок болчу.
Ошол учурдан кийин бир жылдан ашык убакыт өтсө да Айгеримдин апасы «бузуктук» темасын жада калса үй-бүлө менен чай ичип отурганда да козгой берет. Анткени апасы эми Айгеримди күйөөгө бере албай калам деп ойлойт.
Акылайдын* ата-энеси да динчил адамдар. Алар үчүн кызынын бузулбаган абийири — бул үй-бүлөнүн намысы. Алар Акылайдын эжелери жыныстык жашоо менен жашап калышканын билип калганда ата-энеси ага эжелери менен сүйлөшкөнгө тыюу салышкан.
«Эгерде менин болочоктогу күйөөм жана анын энеси кыз эместигимди билип калышса, аларга менин мүнөзүм, сапаттарым же менин акыл-эсим маанилүү болбой калат деп апам мага көп айтат», — дейт ал.
Анын эжелеринин бири турмушка чыкканга чейин «кыздыгын» сакташ үчүн сүйлөшкөн жигити менен бир гана оралдык жана аналдык кошулууга барат. Акылайдын башка эжесинин күйөөсү аялы турмушка кыз бойдон чыкканына ишенбей жүргөн, анткени биринчи нике түнүндө кан чыккан эмес. Ал аны дайыма кемсинтип, ал тургай өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылганга чейин жеткирип койгон. Кийинчерээк ал күйөөсү менен ажырашып кеткен.
Акылай эжелеринин көйгөйлөрүн башынан араң өткөрүп, бирок өзү да «кыздык белги» үчүн басмырлоого кабылган. Акылайдын айтуусунда, кодулоого мектепте окуп жүргөндө учураган. Анын классташтары Акылайдын баскан-турганын көрүп туруп эле анда секс болуп-болбогонун аныктап коюшаарын айтып жүрүшкөн. «Кыз эмес» деп атап койгондорду тизмеге киргизишип коюшчу, ал тизмеге Акылай да жөнү жок түшүп калган. «Балдар мени “жеңил ойлуу” деп ойлоп, көп кодулашып, асыла башташкан», — деп эскерип жатты ал.
Кыздык белги бизнес сыяктуу
Кыздык белгинин маанилүүлүгү жөнүндө калыптанып калган ойлордон улам кыздар дайыма жыныстык таажыны «калыбына келтирүү» боюнча операцияларга барышып же болбосо биринчи түндө канды имитациялоонун арзаныраак ыкмаларын издешет.
Мисалы, интернеттен «кыздык капсуланы» сатып алса болот. Ал кызыл суусундук менен толтурулуп, жыныстык байланыш учурунда кандын чыгышын имитациялайт. Мындай капсулаларды секске чейин жыныска коюуну сунушташат. Жыныстык мүчөгө кирүүдө же анын дубалдарына сүрүлүүдө капсула жарылып, кыздан «кан» чыккандай болот. Бирок бул капсулалар бир дагы саламаттык сактоо уюмдары тарабынан лицензияланган эмес, демек капсуланын аялдын жана анын өнөгүнүн ден соолугу үчүн коопсуздугун эч ким текшерген эмес.
Абалдан чыгуунун дагы бир жолу — бул гименопластика, кыздык чел кабыкты «калыпка келтирүү» боюнча операция. Косметология жана пластикалык хирургия боюнча жеке клиникасынын жетекчиси Айнура Сагынбаева ага «кыздардын өзүлөрү гана эмес, атүгүл алардын апалары да» дайыма кайрылышаарын «Клоопко» курган маегинде айтып берди. Анын айтымында, кайрылууга бир гана үйлөнүү-үлпөткө чейинки секс эле эмес, зордуктоо да себеп.
«Бардык нерсенин оң жана терс жагы бар. Кээде үй-бүлөнү, намысты сактап, өзгөчө мусулман үй-бүлөлөрүндө ата-энени жер каратпаш үчүн бул нерсе да керек», — деп эсептейт Сагынбаева.
Сагынбаеванын клиникасында мындай операция кыздык белгинин имитациясы анын канчалык көп «кармалышына» жараша 10 миңден 20 миң сомго чейин болот.
Ал ырастагандай, апта сайын клиникасында жок эле дегенде мындай сыяктуу төрт операция жүргүзүлөт. Бирок эч ким расмий статистика жүргүзбөйт.
Галина Чиркинанын айтымында, кыздык белгини ыйык тутуу дүйнөнүн бардык элдеринде эле болгон жана ал жерлерди, мүлктөрдү жана наамдарды мурастоо маселелерине байланыштуу болгон.
Анын пикири боюнча, азыркы адам «өткөн жүз жылдыктын баалуулуктарына үгүттөөнү» улантып, алар үй-бүлө, улут жана мамлекет үчүн маанилүү деп айтышат.
«[Никеге чейин секстен баш тартуу] — бул аялдын берилгендигинин, тазалыгынын белгиси — бул аял эркекти сүйөт жана ага бек дегенди билдирет деп айтышат, — деп ой калчады Чиркина. — Бирок эгер шейшептеги кан жөнүндө айта берсек, анда биз мындай баалуулуктар менен чын эле алыс кете албайбыз».