Маршруттук транспортто, автобустарда жана троллейбустарда жүрүүнүн акысы эки сомго кымбатташы мүмкүн.

Бишкек мэриясы шаардык кеңешке коомдук транспортто жүрүү акысын жогорулатууну сунуштады. Бул тууралуу 24-январда мэриянын транспорт бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жусупов маалымат жыйында билдирди.

Эгер шаардык кеңеш бул сунушту колдой турган болсо, анда күндүзү маршруттук таксиде жүрүүнүн тарифи 10 сомдон 12 сомго, ал эми кечкисин 12 сомдон 14 сомго кымбатташы мүмкүн. Ал эми автобустар менен троллейбустардын жол акысы сегиз сомдон 10 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Бишкектин автотранспорт ишканасынын директору Нурлан Койчубаков автобустар менен троллейбустардын жүргүнчүлөрү жол кире акысын 8 сомдон төлөй алышаарын, бирок бул үчүн алар смарт-карталарды сатып алышы керектигин «Спутник» басылмасынын журналисттерине түшүндүрүп берген.

«Биз шаардыктар смарт-карталарды жигердүү алышын каалайбыз. Акчалар айдоочулардын колуна түшпөшү үчүн накталай төлөмдөрдү мүмкүн болушунча кыскартууну пландап атабыз», — деп айткан Койчубаков.

Анын айтымында, автобустар менен троллейбустарда накталай эмес акча менен эсептешүү үчүн смарт-карталарды атайын сатуу түйүндөрүнөн алса болот. Стандарттык смарт-карталарды документтерсиз эле сатып алууга мүмкүн болот.

Коомдук транспортто жүрүүдөгү накталай эмес төлөм тууралуу эмне белгилүү?

Шаардык бийликтин идеясы боюнча, коомдук транспортто электрондук билеттөө менен накталай эмес эсептешүү транспорт жыйымдарын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Себеп дегенде учурдагы жол кире акысын төлөө системасы «уятсыз айдоочуларга» өз кирешелерин жашырууга мүмкүндүк берет.

Мэриянын басма сөз кызматынан «Клооптун» журналистине билдиришкендей, электрондук билеттөө системасы алгач автобустар менен троллейбустарда гана орнотулат. Долбоордун ишке кирүүсү 2019-жылдын жаз мезгилине пландалууда. Бирок анын ишке ашырылуусу тендердин жыйынтыктарына көз каранды.

«Биз коомдук транспортторго электрондук билеттөө системасын орнотуу боюнча тендер жарыяладык. Бирок бул автобустар менен троллейбустарга гана тийиштүү. Азырынча бул маршруткалар үчүн карала элек», — деп билдиришкен басма сөз кызматтан.

Бишкектин коомдук транспортунда накталай эмес эсептешүү долбоору боюнча тендер 2018-жылдын ноябрында эле өтүшү керек болчу, бирок ал бүгүнкү күнгө чейин өтө элек. Вице-мэр Максим Ситников тендердин үзгүлтүккө учурашына «тендердин документациясы толукталууга муктаж болгондугу» себеп экенин түшүндүрдү.

Төмөн тарифтер үчүн маршрутка айдоочуларынын иш таштоосу

Бишкектин маршруттук таксилердин айдоочулары жүрүү үчүн тарифтин көтөрүлүшүн көптөн бери талап кылып келишет. 2018-жылдын 2-апрелинде иш таштоого баргандарынын бир себеби да ушунда болчу.

Жыйынтыгында Бишкекте транспорттук коллапс болгон эле. Маршруттук таксилердин жокутугунан улам жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү толуп калган троллейбустар менен автобустарга түшүүгө аргасыз болушкан.

Маршруткалардын айдоочулары шаардык бийлик 2012-жылдан бери жүрүү үчүн тарифти көтөрбөй жатканына нааразы болуп келишүүдө — бул убакыт аралыгында бензинге жана унаа тетиктерине болгон баа көтөрүлгөн эле.

Авторлошу: Эмил Султаналиев