Кыргызстан курамасы Филиппинге каршы оюнда Виталий Люкстун экинчи голун майрамдап жатат. 16-январь. Сүрөт: AFC
Бектур Искендер

Колонканын түп нускасы «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин фейсбук барагында жарыяланган. «Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке пикирин чагылдырат.

Кыргыз курамасынын Азия Кубогунда жараткан ийгилик толкунунда дээрлик баары Кыргызстандын топ-лигасынын оюндарына бара башташ керек деп жазып жатышат. Макул, ушинтсе деле болот, бирок бул кыргыз футболуна көзгө урунаарлык акча алып келбейт.

Президент Сооронбай Жээнбеков эмнегедир стадион курууну сунуштоодо. Бирок стадиондор биз ойлогондой футболго акча тартууга көп деле жардам бербейт.

Демек, кыргыз футболунда акча көп болушу үчүн эмне кылуу керек?

Алгач, КТРК-Спорт кыргыз топ-лигасынын матчтарын көрсөтө башташы керек. Жок дегенде негизгилерин, ансыз таптакыр болбойт.

Бул үчүн кыргыз топ-лигасынын гуглда индекстештирилген, жөнөкөй жана өтө жакшы уюштурулган жылнаамасы болушу керек. Анткени, гуглдан Kyrgyzstan Top League деп издеген учурда дароо автоматтык түрдө (мисалы, англис премьер-лигасыныкындай) ырааттама чыга калышы керек.

Албетте, болгон күчтү регионалдык сыймыктанууну (атаандаштыкты) өнүктүрүүгө жумшоо керек. Азыркы учурда кыргыз топ-лигасынын трансляциясынын башкы аудиториясы албетте Ош болот. Анткени анын тургундары Оштун «Алай» командасы бишкектик клубдарды утуп салсын деп жан үрөшөт. Чоңдугу боюнча экинчи болгон шаардын тургундары үчүн аянты боюнча биринчи болгон шаардын тургундарын утуп алуу маанилүү. Андыктан бул сунуш жемишин берет.

Бишкекте «Дордой» менен «Алганын» ийгиликтери эч кимди кызыктырбайт. Ошондуктан лиганын популярдуулугун дал ошо аймактык күч сынашууларда өнүктүрүү керектелет. Ооба, спорт таш боор, а силер кандай ойлодуңар эле?

Мунун бардыгына дагы да болсо күчтүүрөөк дем бериш үчүн КТРК-Спорт сөзсүз түрдө кыргыз клубдарынын Азия клубдарындагы турнилериндеги матчтарын түз алып көрсөтүшү керек. Оштун «Алайы» февралда АФК Кубогунун алдын ала өтө турган беттешинде Ашхабаддын «Ахалы» менен ойноорун ким билет? Эч ким деле билбейт.

АФК Кубогунда «Дордой» командасы түркмөнстандык «Алтын Асыр» жана тажикстандык «Истиклол» менен бир тайпада экенин ким билет?

Ошентип, телевизорлордун маңдайларында жок дегенде он миңдеген көрүүчүлөр кыргыз топ-лигасынын же Азия клубдарынын турнирлерин көрүп отуруп калышканда гана дурусураак жарнама берүүчүлөр, жакшы акчалар, ойдогудай маяна жана башкалар пайда боло баштайт.

Ошондуктан биринчи кезекте эч кандай стадиондордун кереги жок, аларды кийин деле куруп алса болот. Ал эми башында атүгүл трибуналар бош болсо деле ойной берсе болот. Башкысы, айланада камералар көп болушу керек.