Эл аралык «Transparency International» уюму жыл сайын чыга турган Коррупцияны кабылдоо индексин жарыялап, анда Кыргызстан 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча, 132-орунду алган. Өлкө көрсөткүчүн 2017-жылга салыштырмалуу жакшырткан эмес — анда да Кыргызстан 29 упайга ээ болгон.

Эгер изилдөөчүлөр мамлекетке жогорку упай беришсе, анда бул өлкөдө коррупциялык схемалар аз дегенди билдирмек. 2018-жылы 88 упай менен рейтингде Дания биринчи орунду ээлеген. Андан кийин 87 жана 85 упайлары менен Жаңы Зеландия жана Финляндия мамлекеттери жайгашкан.

Казакстан 31 упай алып, 124-орунду алган. Өзбекстан 23 упай менен 158-орунду ээлесе, Тажикстан 25 упай алып, рейтингдин 152-орунунда жайгашкан.