«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке пикирин чагылдырат. Колонканын түп нускасы Данияр Аманалиевдин фейсбук барагында жарыяланган.
Кеңеш сурашпаган соң сунуш бергим келбейт, ошондуктан дисклеймер (окулган тексттин милдеттенмелеринен жазуу түрүндө баш тартуу): бул жакынкы жылдары көчүп кетүүнү пландабаган бишкектиктер үчүн бир нече кеңеш.
Кара түтүн кырдаалын баары баамдап бүтүшсө да, ал түтүн кийинки бийликтин алдында күчөйт же өзү менен өзү жок болуп кетет деп дайыма күтүүнү артык көргөн мамлекеттик органдарыбыз гана байкай элек. Биздин өкмөт аракетке жөндөмсүз экенине эчак эле көнүп бүткөнбүз жана бул биз үчүн ылайыктуу. Анткени Кыргызстанда эркиндиктин деңгээли өтө эле жогору — бул жогорку социалдык мобилдүүлүктү сактоого өбөлгө. Бул жерде бизнес ачуу жана аны нөлдөн баштап чоңойтуу оңой, таанымал болуп пикирлештерди табуу оңой, жашоонун жогорку сапатын камсыздоо оңой. Бирок кантсе да аракетке жөндөмсүз өкмөт менен бир маанилүү көйгөйүбүз бар: жарандык коом менен жеке бизнес жооп бере албаган коомдук жыргалчылык бар. Кээде өкмөт кантсе да мобилизацияланып, өтө маанилүү долбоорду ишке ашырышы керек болгон учурлар кездешет.
Биз туңгуюктабыз. Чынында Бишкектин абасы мурда эле кирдеген. Шаардын аймагын качандыр бир кездерде жөн жерден эле кол менен жашылдандырышкан эмес да. Бул жерде чын эле башкача жашаса болбойт. Ошондуктан бир убактарда бир тургунга 25 кв. метр жашыл территория туура келчү. Азыр болсо араңдан зорго 4 кв. метрге жеткиребиз — шаар өсүп, жолдор кеңейип, бактар кыйылып, декоративдик туяларды гана тигишүүдө. Тилекке каршы мамлекет бул процессте жигердүү баш кесер. Ал акылдын үнүн укпайт, анын садизми коркунуч гана калтырат.
Азырынча активист менен блоггерлердин үндөрү глобалдык таасир бербейт, бирок жакында бул учур да келет. Ал учур кара түтүн чыныгы өлүмдөргө алып келе баштаганда келет. Азыр деле өлүмдөр бар экени талашсыз. Бул маселеге көз жумуу мүмкүн болбой калышы үчүн өлүмдүн саны жетишерлик көп болушу керек. 1952-жылы Лондондо беш күндүк Улуу кара түтүндүн айынан 12000 адам курман болгон. Мына ушул окуя чыныгы мамлекеттик чечимдерге алып келген. Бизде да мындан аз болбойт деп коркуп турам. Алардын ичинде бүгүнкү күндө аба маселеси ашкереленген деп алдап жаткандар да болуп калаарына үмүттөнөм. Жок, өч алууга умтулган жокмун, болгону аларга жетпей жатат.
Так прогноз түзө албайм, бирок бул 2020-2021-жылдардын кышынан эрте эмес башталаарын туюп турам. Мүмкүн андан кечирээк. Андыктан, шаарды бул ордонун талап-тоноосуна калтырууну пландабаган бардык акыл-эстүү адамдардан суранаарым:
1) Жакынкы беш жылда экология кырдаалы барган сайын начарлашына даярданышыңыздарды суранам. Аллергия өнүгүп, адамдар өпкө ооруларынан көбүрөөк өлө баштап, көпчүлүгү өнөкөт ооруларга чалдыгышат. Ушуга кам көрүп, кырдаалды кабыл алып, өзүңүздү жана жакындарыңызды даярдаңыз.
2) Өзүңүздүн жана сизди курчаган адамдардын ден соолугуна кам көрүңүз: абаны нымдап, тазалап туруңуз, унаа айдоодо маска кийип жүрүңүз, жөтөлдү күчөтүп албаңыз, кышкыга карата сасык тумоодон эмдөө алып, чыңалыңыз.
3) Спорт менен бир жумада жок дегенде 2 жолу машыгыңыз — эми бул аман калуунун амалы. Көтөрүмдүү жана жанга бек болуш керек. Дарылар эмес, иммундук система күчтүү болушу керек.
4) Өзүңүздүн жана сизди курчаган адамдардын тамактануу өнөкөттөрүн алмаштырыңыз. Өзүңүз үчүн болбосо да, балдардын камын көрүңүз. Өсүмдүктүү тамак-аш, күлкесектерди чыгаруу үчүн клетчатка абдан маанилүү.
5) Бардык жакындарыңызга жана бардык жакын нерселерге сабырдуу болуңуз. Ушундай агрессивдүү айлана чөйрөдө сабырды жоготуп коюу, жек көрүү жана ачууну башка бирөөдөн чыгаруу оңой.
Биз жанагы суусу жай кайнатылган мискейдеги бака сымалбыз — бака кара ниетти байкап, секирип кете албайт. Айрым тааныштарым дал ошо кара түтүндн айынан кетип калышкан. Аларды жакшы түшүнөм. Жеке өзүм үй-бүлөм менен бул жерде эле калууну пландап атабыз, ошондуктан бардыгын билип, туюп же түшүнүп турса да мен сыяктуу бул жерде калууну чечкендер менен жогоруда айтылгандар менен бөлүшүнүүнү туура көрдүм. Канткен күндө да келгиле өзгөрүү болгуча чейин жашай туралы.