Опера жана балет театрынын директору кызматтан кетүү арызын жазды

Сүрөт: Beeline

Бишкектин Опера жана балет театрынын директору Болотбек Осмонов кызматтан кетүү арызын жазды. Бул маданият министри Азамат Жаманкулов Осмоновду театрдын имаратында «Дота 2» компьютердик оюну боюнча өткөрүлгөн турнир үчүн катуу сынга алгандан кийин болду.

Осмоновдун кызматтан кеткендиги жөнүндө 30-январда белгилүү болду. Кызматтан кетүүгө ал эмне себеп болгонун айтпаганы менен «Дота 2» боюнча театрда өткөн турнирди «себептердин бири» катара атады.

Осмонов 24-январда театр артисттеринин жамааты маданият министри Азамат Жаманкуловго директорду бошотпоо боюнча кайрылышканына карабастан кызматынан кетти. Алардын айтымында, Осмоновду кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазууга «аргасыз» кылышкан.

Театрдын директору жумуштан алынышы ыктымал деген маалымат 19-январь күнү театрда «Дота 2» компьютердик оюну боюнча турнир өткөрүлгөндөн кийин пайда болгон. Бул коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, ал эми кээ бир артисттер бул ишти театр үчүн «кап-каяктагы иш-чара» деп аташкан.

Маданият министри Азамат Жаманкулов 21-январда Осмонов жазаланаарын, ал эми өзү мындан ары «мындай нерселерге тыюу салаарын» билдирген. Театрдын директору министрдин позициясына макул болбой, «Дота 2» — бул интеллектуалдуу оюн деп билдирген.

«Биз келишимге кол койдук, ижара акысына 180 миң сом төлөштү. Мындай турнир Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат», — деген театрдын директору.

Кыргызстан үчүн «Дота 2» боюнча алгачкы чемпионатты «Билайн» уюлдук оператору 19-январда Опера жана балет театрынын имаратында уюштурган. Турнирдин байге фонду 1 млн сомду түзгөн, ал эми биринчи орунга 500 миң сом утуп алган NL5 командасы татыган.