Татьяна Зеленскаянын «Клооп» үчүн даярдаган иллюстрациясы

Достор, биз репортаж даярдоо устаканасына каалоочуларды кабыл ала баштадык, ал 18-февралда башталат.

Сиз бир гана окуя жана кырдаал тууралуу айтып бергенди эмес, тексттин жардамы менен окурмандарга күчтүү таасир калтырганды үйрөнөсүз. Жакшы жазылган репортаж окурмандардын кызыгуусун арттырып, ошол окуяны каармандары менен чогу башынан өткөргөндөй таасир калтырып, кээде кубантып, кээде кошо кайгыртат.

Мисал үчүн бир нече репортажыбызды окуп көрүңүз:

Биз сизге төмөнкүлөрдү үйрөтөбүз:

• Кызыктуу окуяларды жана каармандарды кантип издеп табууну

• Коомдогу тенденциялар жана көйгөйлөр тууралуу айтып берүүдө эмоцияларды кантип пайда кылууну

• Башка тексттерге кантип талдоо жүргүзүп, автордун айткысы келгенин түшүнүүнү

• Күндөлүк темалардан тереңдикти кантип табууну: мисалы, бир көлчүктүн окуясы аркылуу экономикалык кризис тууралуу кантип айтып берүүнү

• Окурмандын назарын жоготуп албаш үчүн тексттин түзүлүшү кандай болуусу керектигин

• Шерлок Холмс сиз менен суктангыдай кылып маалымат менен деталдарды кантип чогултуш керек.

Курсту ийгиликтүү аяктагандарга «Клоопто» тажрыйба топтоого жана штаттан тышкаркы туруктуу автор болууга мүмкүнчүлүк беребиз.

Кимдер катыша алат?

Устакананын эшиги бардыгы үчүн ачык. Биринчи кезекте бул тажрыйбасы аз журналисттерге, журналистика бөлүмдөрүнүн студенттерине, өз жолун журналисттик багытта баштагысы келгендерге, өзүн жаңы жанрда көргүсү келген басылмалардын жаңылыктар бөлүмүндө иштеп жаткан кызматкерлерге кызыктуу болушу мүмкүн.

Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.

Курс канча мөөнөткө созулат?

Сабактар алты лекция жана үч жумалык практикадан турат.

Биз сиз менен кечкисин, бир жумада эки жолу жолугуп турабыз. Ар бир жолугушууда үй ташырма алып турасыз. Репортажыңызды даярдап чыгарышыңыз үчүн теориядан кийин темаңыздын үстүндө үч жума бою чогуу иштейбиз.

Катя Мячина — журналисттердин редактору жана фрилансерлердин командири

Сабактарды ким өтөт?

Сиздерге сабакты көлөмдүү тексттерди чыгаруу үчүн жооптуу болгон «Клооптун» кызматкери Катя Мячина өтөт.

Катя Кыргызстанга Украинадан келген. Ал өз эмгек жолунда көптөгөн ар кандай басылмалар менен кызматташкан: англист тилдүү «Kyiv Post» гезити, «Батенька, да вы трансформер» басмасы , Украинанын алдыңкы «Украин Чындыгы» медиа холдиңги жана Open Democracy аналитикалык басылмасы.

Катя социалдык-саясий жана соцэкономикалык темалар боюнча адис, бирок көбүнчө конфликттер, иденттүүлүк маселелери жана корголбогон группалар тууралуу жазганды жакшы көрөт.

Баасы канча?

Устакананын баасы — 6000 сом.

Эгерде сиз курсту ийгиликтүү аяктап, репортажыңызды биздин сайтка жарыяласаңыз, анда биз сизге төлөнгөн акчанын 50% (3000 сомду) кайтырып беребиз.

Андан тышкары, бизде эки акысыз орун бар. Бул орундар биздин устаканада окууга каалосу күч, бирок курсту төлөй албагандар үчүн даярдалган. Өтүнүч, билдирмеде эмне үчүн курсту төлөй албашыңызды көрсөтүп коюңуз, билдирмени жактырган соң сиз менен байланышабыз.

Канча орун бар?

Катышуучуларыбыздын баарына жетиштүү көңүл бургубуз келгендиктен орундардын саны чектелген, андыктан катталууга чамдаңыз.

Кантип төлөш керек?

Курстун акысын 100% пайыз алдын ала төлөшүңүз керек, аны биздин KICB банкындагы эсебибизге которуу менен ишке ашыра аласыз (накталай акча менен албайбыз).

Төлөмдү эки жол менен өткөрсө болот — касса аркылуу же KICB банкынын төлөм терминалдары аркылуу. Төлөмдү 1280026052699891 эсебин которуп, чекти сабактын башталар алдында алып келиңиз.

KICBнин төлөө түйүндөрүнүн даректерин бул жерден көрсөңүз болот.

Бардык суроолор анын ичинде төлөө маселелери боюнча биздин координатор Рада Валентина кызына кайрылыңыздар болот:

• +996555969613 (Megacom)
• +996700969613 («О!»)

Билдирме тапшыруунун мөөнөтү

Билдирмени 11-февралдын түнкү саат 23:59га чейин жөнөтүү керек — бул үчүн төмөнкү форманы толтуруңуз. Окутуу орус тилинде болгондуктан, билдирме орус тилинде кабыл алынат.