«Түндүкэлектро» жана байланыш операторлорунун кызматтарын эми «Мобильник» электрондук капчыгы аркылуу төлөй албайбыз. Бул сервиске байланыштуу биринчи эле көйгөй эмес — электрондук капчыктын кардарлары системадагы бузулууларга даттанышууда. Ал эми сервистин мурдагы ээсинин айтымында, компаниянын иштерин финансылык полиция териштирип жатат.

Эмне болду?

«Мобильник» электрондук капчыгынын кардарлары сервистин көрсөткөн кызматтарына массалык түрдө даттанышууда. Бузулуулар тууралуу биринчи билдирүүлөр бир нече ай мурун түшкөн.

Колдонуучулардын айтымында, сервистин мобилдик колдонмоcу иштебей, техникалык колдоо кызматы жооп бербей, компаниянын Бишкектеги терминалдары да азайып калды. Кыргызстандыктар ушундай пикирлерди колдонмонун фейсбук баракчасында да, «Дизель» форумунда да жана башка соцтармактарда да жазып калтырышкан. Компания критикага жооп бере элек, андагы акыркы постторунун датасы сентябрь айынын башында жарыялаган.

Бузулуулардын айынан электрондук капчык менен кызматташтыктан «Түндүкэлектро», «Ошэлектро» жана «Мегаком» менен «О!» байланыш операторлору баш тартышкан.

«Мобильник» компаниясынан, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатканын жана жеткирип берүүчүлөргө болгон карыздарын төлөп жатышканын маалымдашты. Улуттук банк азырынча компаниянын лицензиясын чакырып алууга камына элек.

Компаниянын мурдагы башчысы Адилет Боотаев сервистин колдонуучуларына акчаларын жоготуп алам деп кооптонууга негиз жок болгонун — каражаттарды «Бай-Түшүм» банкынан ала алышаарын айтты.

«Төлөм уюмдары — бул Улуттук банк тарабынан текшерилип турган ишмердиктин лицензияланган түрү. Мобилдик капчыктагы бардык каражаттар чынында банк-эмитентинде жатат. Эгерде система иштен чыкса, банк-эмитент абоненттерге акчаларын төлөп берет. “Мобильник” компаниясынын эмитенти — “Бай-Түшүм” банкы», — деди ал.

Бул жерде Каржы полициясынын эмне тиешеси бар?

«Мобильник» компаниясы өз кардарларына бузулуулардын себептерин түшүндүрүп берген жок, бирок ал компаниянын мурдагы ээси Адилет Боотаев өзүнүн версиясын айтып берди.

Компаниялардагы көйгөйлөр боюнча Боотаев 2018-жылды ноябрында эле жазган.

Боотаевдин «Акчабарга» куруп берген маегинде кантип компаниянын үлүшүн казак бизнесмени Кайрат Мажибаевге сатканын, андан кийин Мажибаев аны бизнести башкаруудан четтетип, дивиденддерден ажыратып койгонун айтып берген. Ал кошумчалагандай, компаниянын кызматкерлери жумуштан кетүүгө аргасыз болушуп, 92 кызматкердин ичинен төртөө эле калган.

Кайрат Тажибаев. Сүрөт: Beeline Kazakhstan 

«Компаниядагы 49% үлүшү меники болгону менен мен дивиденддерди албайм. Бир катар кат түрүндөгү дооматтарга карабастан каржы документациясы мен үчүн жеткиликтүү эмес жана уюмду башкарууга мүмкүнчүлүгүм жок (...) Менин бизнесиме олуттуу зыян келтирилди. Ушул себеп менен укук коргоо органдарына кайрылдым», — деп Каржы полициясы тергөө иштерин баштады деп кошумчалады Боотаев.

Материл жазылып жаткан учурда Каржы полициясынан да «Мобильник» компаниясынан да комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Бирок «Кактус» басылмасынын маалыматына ылайык, 23-январда «Мобильник» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, финансылык документтери алынган.