Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев стадиону 1960-жылы 12 миң көрүүчүгө ылайыкталып курулган — ал чоңдугу боюнча өлкөдө экинчи орунда турат. Учурда стадион оңдоп-түзөөгө муктаж: отургучтар талкаланып, чуркоо тилкесинде жаракалар кетип, административдик имаратынын сырты да эскире баштаган.

Ош мэриясынын карамагындагы стадион капиталдык оңдоп-түзөөдөн акыркы жолу 2000-жылы өткөн. Анда отургучтар жаңыртылып, административдик имараттын ичи оңдолгон.

Сүйүмбаев футбол талаасында Кыргызстан чемпионаттарынан тышкары, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун тайпалык оюндары өтүп келет.

Буга чейин АФК кубогунун беттештери учурунда азиялык футбол комиссарлары тарабынан футбол талаасынын инфраструктурасы боюнча бир нече ирет эскертүү берилгени айтылган. Бул маалыматты стадиондун башчысы Алмаз Сулайманов да тастыктады.

«АФК оюндарында нааразычылыктар өткөн жылы жаралган. Футбол комиссарлары талааңар жакшы деп макташат. Трибуналарга келгенде, “отургучтар начар, алмаштыргыла” деп эскертүү беришкен», — деди ал.

АФК оюндарын кабыл алууга даярдык көрүү үчүн 2017-жылдын аягында жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүнгөн. Аталган каражат стадиондун чыгыш тарабындагы 3850 отургучун алмаштырууга жумшалган. Бирок отургучтар жайгашкан трибунадагы шыбактар көп өтпөй ажырап түшө баштаган.

Стадион жетекчиси шыбактардын түшө башташын трибунанын ачык болгону менен байланыштырат. «Отургучтардын үстү жабылбагандыктан, жаан, карда калып, эскилиги жетүүдө. Быйыл шаардык кеңештин депутаттары [трибунанын] үстүн жабуу маселесин талкуулашат», — деди ал.

Сулаймановдун айтымында, стадиондун ажатканасы талапка ылайык эмес деп табылгандыктан, 2019-жылы жаңысы курулмакчы. «Клооптун» журналистинин капиталдык оңдоо качан жүргүзүлөт деген суроосуна жетекчи так жооп бере алган жок.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Шумкарбек Пайзиев «Клоопко» билдиргендей, стадиондо отургучтарды алмаштырган компания май айында бузулган шыбактарды кайра оңдоп-түзөйт.

Аталган стадион «Алай» клубуна таандык. Анда футболчулардан сырткары жеңил атлетчилер менен шаар тургундары машыгышат.

2018-жылы «Алай» АФК кубогунун алкагында алты беттеш өткөрүп, анын үчөөсүн өз талаасында кабыл алган.

АФК кубогу Азия регионундагы эң күчтүү клубдар күч сынашкан престиждүү турнирлердин бири. Турнирге алты тайпага бөлүнгөн 24 клуб катышат. Беттештердин жыйынтыгы менен эң көп упай топтогон команда жеңүүчү деп табылат.

АФК-2019 турнирине Кыргызстандын 2018-жылындагы чемпиону «Дордой» клубу катышууда. Ал эми «Алайдын» катышып-катышпашы квалификациялык беттештердин жыйынтыгы менен белгилүү болот.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы

Фотосүрөттөрдүн редактору: Дастан Үмөтбай уулу