Эгерде сиз он миңдеген адамдар окуй турган журналисттик материалдарды жазгыңыз келсе, анда бул курс из үчүн.

Башкы тренер «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер сизди адаттан тыш окуяларды таап, материалдардын каармандары менен иштеп, кызыктуу тексттерди жазганды үйрөтөт.

«Клооп» Кыргызстанда белгилүү онлайн басылмалардын катарын толуктайт, ал эми анын журналисттеринин эмгектери дүйнөлүк ЖМКларда эскерилет (мисалы, «Форбсто», «Экономистте» же «Рейтерсте») жана жылдын мыкты тексттеринин рейтингине илинет.

Кимдер катыша алат?

Курс журналисттик материалдарды жазгысы келгендердин баарына ачык. Биздин медиа мектепте адамдын курагы да, анын жынысы да, сексуалдык багыты да маанилүү эмес. Биз бардык басмырлоолорго каршыбыз, андыктан биздин сабактарыбыз баарына тең жеткиликтүү.

Маанилүү: Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.

Программа

Биз сиздер менен 11-марттан тарта 29-мартка дейре жолугушуп турабыз. Сизди бир апталык теория жана эки апталык практика күтөт. Андан тышкары, эң мыкты материалдар биздин сайтта жарык көрөт.

Бул убакыт аралыгында сиз төмөнкүлөрдү өздөштүрөсүз:

1-күн. Журналистика эмне үчүн керек? Биз кайсы принциптерге таянып иштейбиз жана эмне үчүн мунун баары манилүү?

2-күн. Кызыктуу темаларды жана окуяларды кантип издейбиз?

3-күн. Окуяларыңыздын каармандары менен кантип иштешип, маалыматты кантип чогултабыз? Интервьюну кантип алып, маалыматты кайдан таба алабыз? Анын бардыгын туура же туура эместигине кантип текшеребиз?

4-күн. Кызыктуу кантип жазууга болоорун? Материалдардын кандай форматтары болоорун жана алар кайсы учурда колдонулаарын?

5-күн. Командада кантип иштеп, милдеттерди кантип бөлүштүрсө болоорун? Кантип бардыгын өз убагында жасоого болоорун?

Алтынчы күндөн тарта практика башталат. Топторго бөлүнгөн командалар өз материалдарынын үстүндө иштеп, күнүгө биздин кеңседе иш күндү пландоого жана жумуш кандай жүрүп атканын талкуулоого чогулушат.

Курстун ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнө «Клоопто» тажрыйба топтоого жана бизде туруктуу автор болууга мүмкүнчүлүк беребиз.

Эмне үчүн «Клооп»?

Студенттердин дароо эле чыныгы журналисттик материалдардын үстүндө иштөөсү «Клооп» медиа мектебинин дайыма башкы принциби болчу. Ушундай эле тажрыйба сизди күтөт. Эгер сиз «Клооптун» бүтүрүүчүсү болсоңуз, анда сизде журналистика чөйрөсүндө жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүңүз дароо көбөйөт: биздин бүтүрүчүлөр «Настоящее время», «Франс-пресс», OCCRP, EurasiaNet басылмаларында иштешет. Дүйнө жүзү боюнча көп саякаттап калышыңыз мүмкүн («Клооптун» бүтүрүүчүлөрү ар башка убакытта дүйнөнүн 30дан көп өлкөлөрүнө барып келишкен).

Курс канча турат?

Курсту 22-февралга чейин төлөөдө анын баасы 6000 сом, 11-мартка чейин — 8000 сом болот. Бизде эки акысыз орун каралган. Бул орундар курска келүүнү катуу каалап, бирок аны төлөй албагандар үчүн. Билдирмеде эмне үчүн төлөй албаганыңыздын себебин көрсөтүңүз, биз билдирмеңизди кабыл алгандан кийин дароо сиз менен байланышабыз.

Канча орун бар?

Орундар чектелген, анткени биз катышуучуларыбызга болушунча көп көңүл бөлгүбүз келет. Ошондуктан, сураныч, билдирме тапшырууга шашылыңыз!

Кантип төлөш керек?

Бизде 100% алдын ала төлөнөт. Төлөмдү KICB банктагы биздин эсебибизге которуш керек (накталай акча менен албайбыз). Муну эки жол менен кылса болот — касса же KICB банкынын төлөм терминалдары аркылуу. Төлөмдү 1280026052699891 эсебине которуп, төлөм боюнча чекти сабактардын башталаар алдында бизге алып келип бериңиз.

KICB аркылуу төлөө түйүндөрдүн дарегин бул жерден көрө алсаңыз болот.

Төлөмдөр жана башка бардык суроолор боюнча биздин координаторубуз Рада Валентина кызына кайрылсаңыз болот:

+996555969613 (Megacom)

+996700969613 («О!»)

Билдирме тапшыруу дедлайны

Билдирмени 3-март саат 23:59га чейин жөнөтүш керек. Ал үчүн бул жерден катталыңыз.