Канатбек Маматов Сүрөт: КРФФнын басма сөз кызматы

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын (КРФФ) жаңы башчысы болуп Канатбек Маматов шайланды. Ал буга чейин федерацияда вице-президент кызматын аркалап келген.

Канатбек Маматов КРФФнын мурдакы башчы Семетей Султановдун ордуна дайындалды. Султановдун жетекчилиги астында кыргыз курамасы өзүнүн тарыхында эң чоң ийгиликтерге жетишти. Ал отставкага футбол боюнча Азия Кубогу кызуу жүрүп жаткан маалда кеткен.

Футболчу, ишкер жана аткаминер

Канатбек Маматов бир убакта өзү да футболчу болгон. Ал 1995-жылы Оштун «Семетей» клубунда ойноп баштаган, бир жылдан соң «Динамо-Алайга» өткөн. Ал эми 1998-жылы кыргызстадык эки командага ойноого жетишкен — «Алдиер» жана «Алай».

Аскерге кеткенине байланыштуу спорттук карьерасын убактылуу токтотуп, бирок 2001-жылы бангладордук «Индостан Аэронотикс Лимитед» командасы үчүн ойноп баштаган. Кийинчерээк «Бангалор», кара-суулук «Жаштык — Ак-алтын» жана оштук «Алай» клубдарын көрсөтүп келген.

2003-2007-жылдары Маматов коммерциялык эмес уюмдарда жана ар кандай долбоорлордо иштеген. Андан кийин бир аз парламентте иштеп, 2009-жылы бизнес кылууга өткөн.

2014-жылы мрдагы футболист Футзал федерациясынын башчылыгына, ал эми 2016-жылы КРФФ вице-президентти болуп дайындалган.

Семетей Султанов эмне үчүн кеткен?

Семетей Султанов

Султанов КРФФ 2012-жылы жетектей баштап, андан кийин мөөнөткө шайланып, ал 2020-жылы аякташы керек болчу. Ал январдын башында Азия Кубогунун кызуу маалында кызматтан кетүү арызын жазып, анын отсавкасын 9-февралда гана кабыл алышкан.

Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйө баласы. Бул туурасында анын каршылаштары бир нече жолу ага эскертип турушканы менен анын башчылыгы учурунда кыргыз курамасы көптөгөн ийгиликтерге жетишип ФИФАнын рейтингинде 100 позицияга көтөрүлгөн. Кыргызстандын футол боюнча курамасынын Азия Кубогунда катышкандан кийин Султанов президенттин атынан «Данк» медалын алган.

Семетей Султанов кыргыз курамасынын Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө өтүүсү анын федерациянын президенттик кызматындагы башкы максаты болгонун жана мурда эле отставкага кетүүнү мерчемдеп жүргөнүн айтууда. Футбол федерациясынан Султановдун отставкасын саясатка жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы араздашууга байланыштуу эместигин билдиришүүдө.