«Вечерний Бишкек» басылмасы мугалим окуучуну жакалап, андан кийин аны жыгытканы тууралуу тартылган видеону жарыялады. Окуя Жалал-Абад облусундагы Сузай районунун Жапарбаев атындагы мектебинде болгон.

Жарыяланган видеодо улгайган мугалим окуучуну жакалап, андан бир нерсеге жооп бер деп талап кылганы тартылган. Мугалимдин баланы партага жыкканы класстагы башка окуучуларды чочуткан.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Сопубек Сариев окуя 21-январда жетинчи класстын окуучуларына математика сабагы өтүлүп атканда болгонун «Клооптун» кабарчына курган маегинде айтты.

«Окуучу биринчи партада уктап жаткан. Мугалим андан жүрүм-турумун оңдоону сурангандан кийин окуучу сөгүнө баштаган», — деп түшүндүрдү Сариев.

Ал бул окуядан кийин мектепте чогулуш өтүп, мугалим менен завучка сөгүш жарыяланганын кошумчалады. Мугалим окуучу менен чатакташкан класста сабак берүүнү улантууда — Сариев муну «мугалимдердин жетишсиздиги» менен түшүндүрдү.

Билим берүү бөлүмүнүн өкүлү окуучунун ата-энеси мугалимдин үстүнөн арызданышпаганын кошумчалады. Анын айтымында, баланын атасы бул жагдайдан «жаман нерсе» көргөн эмес.

Мындай окуялар кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек?

Билим берүү министрлиги 2014-жылы мугалимдер үчүн мектептеги зомбулукту азайтуу боюнча усулдарды чыгарган. Усулда мындай зомбулукка жол берилбеши керек, ал эми билим берүү чөйрөсү — бул сапаттуу билим алуу үчүн маанилүү шарт деп айтылган.

Ушул эле усулда мугалимдер үчүн эгер мектеп окуучулары өздөрүн «начар» алып жүрүшсө эмне кылуу керектиги көрсөтүлгөн практикалык кеңештер берилген. Мисалы, мугалимдерди окуучунун өздүгүнө эмес, жүрүм-турумуна көңүл бөлүүгө чакырышкан.

«Баланын жоруктары эмнеге сизди капалантып жатканын түшүндүрүүдө “жаман”, “туура эмес”, “болбогон нерсе”, “уятсыз” деген сөздөрдү колдонбоңуз. Субъективдүү, баалоочу сөздөр окуучунун жинин гана келтирип, бизди да “козгоп”, жыйынтыгында көйгөйдү чечүүдөн алыстатат», — деп айтылат усулда.

Дагы бир кеңеш — мугалимдер өздөрүнүн негативдүү эмоцияларын көзөмөлдөп, агрессивдүү эмес жүрүм-турумдун үлгүсүн көрсөтүүгө үйрөнүшү керек.

«[...] балдар агрессивдүү эмес моделди тез кабыл алышат. Алар биз жасаганды кылып, биз эмнени айтсак, алар да ошону айтышат. Эгер биз өзүбүздү агрессивдүү алып жүрсөк, анда алар да ошол эле нерсени кылышат», — деп айтылат усулда.

Ошондой эле мугалимдерге «жакшы көрбөгөн» окуучуларына колдоо жана ырайым көрсөтүүнү, андан тышкары, балага өз эмоциясын билдире алгыдай атмосфера түзүп берүүнү кеңеш кылышат.

«Мугалимдер баланы бузуп албаш үчүн окуучуга канча сый-урмат жана мээримдүүлүк көрсөтүү керек деп дайыма сурашат? Окуучуларды ыгы жок эркелетип көптүрүп албайбызбы? Жогоруда аталгандардын бирөөсү менен да көптүрүп алууга мүмкүн эмес», — деп жазышкан усулдун авторлору.