Коллаж: Александра Титова / Kloop.kg

Тарых факультетинин бүтүрүүчүсү Байтур Токтосунов кыргыздардын пайда болушу жөнүндө Кыргызстанда басып чыгарылган укмуштуу теориясы бар китептерди изилдеп чыгып, эң эле обу жок теориялардын тизмесин түзгөн.

Расмий маалыматтар боюнча кыргыздар биздин доорго чейин 201-жылы пайда болгон — бул убакта кыргыздар алгачкы жолу кытай жазууларында «гяньгундар» (ред. — кытай аталышында кыргыздар) деп эскерилет.

Бирок расмий версиялардан тышкары, кыргыздардын пайда болгондугу тууралуу башка да көптөгөн альтернативдүү жоромолдор бар. Токтосунов алардын ичинен алтоосун тандап алып изилдеген.

Адам менен Ева — кыргыздар

Жазуучу Кален Сыдыкованын 2007-жылы чыккан «Кыргыз тарыхы» китебине ылайык, планетадагы биринчи адамдар кыргыздар — адаттагы Адам менен Еванын ордуна Адам Ата менен Обо Энени койгон.

Коллаж: Александра Титова / Kloop.kg

Сыдыкованын айтымында, бардык элдер, дүйнөлүк диндер, маданияттар, тилдер жана жазуулар кыргыздардан чыккан. Ал кыргыздар өздөрүнүн цивилизация гүлдөп турган учурда адамзаттын жарымын кырган деп жазган. Китепте бул качан жана эмне үчүн болгондугу жазылган эмес.

Билим берүү министрлиги Сыдыкованын китептерин мектеп окуучулары үчүн кошумча окуу материалы катары сунуштайт. «Кыргыз тарыхы» 5 миң тираж нускада басып чыгарылган.

Кыргыздар — келгиндердин генндик инжеренериясынын продукту

Танатбек, Ринат жана Тимур Такировдор адамдарды ресурстарды өндүрүү үчүн Нибиру планетасынын келгиндери жаратышкан деп эсептешет. Алардын айтымында, адамдардын биринчилери эркектер гана болгон, бирок кийинчерээк кулдардын санын көбөйтүү үчүн аялдарды жаратышкан.

Коллаж: Александра Титова / Kloop.kg

Андан кийин келгиндер менен эмне болгону белгисиз, авторлор бул тууралуу жазышкан эмес.

Такировдордун айтымында, кыргыздар да келгиндердин акыл-эсинин генндик инженериясынын продукту. «Кыргыз этногенезинин тарыхы: Эне-Сай, Памир жана Тянь-Шань кыргыздарынын тарыхы» китеби 2016-жылы чыккан.

Кыргыз мамлекети 15 миң жыл мурда пайда болгон

Орозбек Айтымбет 2007-жылы «Кара кыргыз» деген аталышта беш томдук китепти чыгарган. Китепте ал үн реконструкциялоо ыкмасын колдонгон. Ага ылайык, эгер айтылышы боюнча кандайдыр бир сөз кыргызчага окшошсо, демек ал кыргызча.

Айтымбеттин ою боюнча, библиялык дөө Голиафты Гогиаф деп айтыш керек. Анткени, бул угулушу боюнча «Алп кыргызга» окшош. Ал эми Тигр дарыясынын аталышы кыргыздын «Теӊир» деген сөзүнөн келип чыккан.

Хуньюй, Хунну (Гунну), кентавр, амазонка, кимерий, Скиф, Гиксос, Гага, Гаги, Гог, Магог, Химер, Ашгуз, Ашкеназ — бизге түшүнүктүү жана түшүнүксүз бул аталыштардын бардыгы, автордун пикири боюнча, кыргыз тилине таандык.

Коллаж: Александра Титова / Kloop.kg

Айтымбет мындай ыкма менен кыргыздар — бул Жердеги эң байыркы эл жана алар өз мамлекетин мындан 15 миң жыл мурда эле түптөшкөн деп далилдейт. Салыштыруу үчүн 15 миң жыл мурда планетада пил тукумуна кирген чоң жаныбарлар (ред. — мамонт) байырлашкан жана акыркы муз доору дээрлик бүтүп калган эле.

Бул китеп 2007-жылы, ал учурда Кыргызстандын президенти болуп турган Курманбек Бакиевдин фондунун акчасына чыгарылган.

«Адам» эскерилген диний окууларды түрктөр жана кыргыздар жазып чыгышкан

Композитор Нурак Абдырахманов өзүнүн «Улуу баян» эмгегинде адамдардын бардыгы — бул Тынч деңиздин ортосундагы жомоктуу Му континентинде улуу ташкындан кийин аман калган Нойдун тукумдары деп ырастаган.

Коллаж: Александра Титова / Kloop.kg

Абдрахмановдун ою боюнча, Адам эскерилген бардык диний окуулар түрктөрдөн, алардын ичинде кыргыздардан келип чыккан. Анткени көптөгөн түрк тилдүү элдер «адам» сөзүн адам дегенди билдирүүдө колдонушат, ошондой эле «адамзат» сөзү да колдонулат. Мындан тышкары, анын теориясына ылайык, кыргыздар шумерлер менен түпкүрлөш болгон гунндардан келип чыккан.

Кыргыздар «сыйкыр күчкө» ээ

Архитектор Кожош Мусаев 1999-жылы «Улуу кыргыз империясынын тарыхы» аттуу китебин жазган — автор кыргыздардын пайда болушун дээрлик эскербегени менен кыргыздар башка элдерден өзүнүн бийигирээк ой жүгүртүүсү менен дайыма айырмаланып келгенин белгилеген.

«Кыргыздарды көптөгөн башка элден айырмалай турган өзгөчөлүгү — бул атүгүл жөнөкөй, билимсиз кыргыздын кыйла өнүккөн ой жүгүртүүсү. Так ушул байыркы элдин өкүлүнүн көпкө сакталуучу башкы аброю», — деп жазат Мусаев.

Коллаж: Александра Титова / Kloop.kg

Мусаевдин пикири боюнча, кыргыздардын маданияты, салты жана билимдери алардын «сыйкырдуу күчү» болуп калгандыктан, алар бүтүн этнос катары сакталып калышкан. Ошондой эле кыргыздар менен жапондор тууган элдер, анткени кыргыздар менен жапондордун кээ бир сөздөрү угулушу боюнча окшош.

Теңирчилик — бардык диндердин негизи

Дастан Сарыгуловду бул тизмедеги эң эле аргументтүү автор десе болот. Анткени ал өзүнүн «Кыргызы: прошлое, настоящее и будущее» жана «Беспамятство потомков разрушает прошлое и уничтожает будущее» деген эмгектеринде кесипкөй тарыхчыларга да, мифтердин авторлоруна да таянат.

Коллаж: Александра Титова / Kloop.kg

Сарыгулов «улуттук аң-сезимдин пайда болушу» түшүнүгүн теңирчилик менен байланыштырат. Автор теңирчилик 7-12 миң жыл мурда пайда болгон жана ал бардык диндердин уңгусу деп эсептейт.

Анын ою боюнча, шумерлердин чоподогу жазуулары алардын теңирге сыйынгандыгын далилдейт. Аны менен бирге ага жапондор, жергиликтүү австралиялыктар, Африка менен Жакын чыгыш элдери сыйынган.

Эмне үчүн алар мунун баарын ойлоп табышат?

Тарыхчылар мындай теорияларды «folk history» же жомоктоштуруу деп аташат. Алардын жайылышы — бул жакында эле көз карандысыздыкка ээ болгон жана өз иденттүүлүгүн табууга аракет кылып аткан мамлекеттердин мүнөздүү эле түрү.

Бардык өлкөлөрдөгү конспирологиялык теориялардын авторлору негизинен адискөй тарыхчылар эмес, алар советтик интеллигенциянын өкүлдөрү: жазуучулар, саясатчылар, музыканттар.

Мындай жомоктоштуруунун бир гана максаты бар — бир элди башкалардын арасынан бийик көрсөтүү. Тарыхый китептерге салыштырмалуу бул китептердин ийгилиги чоң, анткени алар патриоттук ар намыстуулукка муктаждыкты күчөтөт.

Автор: Байтур Токтосунов

Авторлошу: Айдай Эркебаева