«Коопсуз шаар» долбоору боюнча орнотулган камера. Сүрөт: Мамлекеттик байланыш комитетинин басма сөз кызматы

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте жана өлкөнүн башкы жолдорунда иштеп баштады. Эми камералар борбордун 10 кесилишинде жана шаар аралык жолдордогу жол кыймыл эреже бузууларды жаздырып алат. Ал эми эреже бузгандарга штраф жазылып берилмекчи. Бул кандай иштээрин түшүндүрүп беребиз.

Сүрөт жана видео менен аныктаган камералар күнү-түнү Бишкектин 10 кесилишинде иштейт:

Ошондой эле камералар борбор калаадагы Байтик Баатыр көчөсү менен Манас проспектиндеги көпүрөлөрдө, ГЭС-5 айлампасында, Лебединовка жана Новопокровка айылдарында, Бишкектен 58 км алыстыкта — «Гавайи» кафесинин жанында жана Нур айылынын жанындагы Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда орнотулган.

Камералар жол кыймыл эреже бузуунун жети түрүн аныктайт (айып пул жеке адамдар үчүн көрсөтүлдү):

• жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кетүү (3 миң сом)

• жолдун каршы тилкесине чыгуу (3 миң сом)

• жолдун чети, тротуар, газон жана жөө кыя менен жүрүү (миң сом)*

• жол чырактын кызыл түсүнө токтоо сызыгынан өтүү (миң сом)*

• айдоочунун жөө кыя талаптарын сактабагандыгы (миң сом)*

• айдоочунун токтоо менен унаа токтотуучу жайлардын талаптарын сактабагандыгы (миң сом)*

• белгиленген ылдамдыктан ашыруу (20 км/саатка ашса — миң сом, 40 км/саат — 7,5 миң сом)**

*Азыркы Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык. Февралдын башында парламент ушул беренелер боюнча штрафтарды көбөйтүүнү чечкен, бирок президент аларды макул тапкан жок.

**Бул беренеде да айып пулдун өлчөмүн өзгөртүү сунушталууда.

Көчмө аппараттык-программалык комплекс. Сүрөт: Мамлекеттик байланыш комитетинин басма сөз кызматы

Мындан тышкары Чүй облусунда 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстери (АПК) иштеп, жол кыймыл эреже бузуулардын эки түрүн аныктайт — ылдамдыктан ашыруу жана кош чийинден өтүүнү. Көчмө АПКлар коюлуучу убактысын жана локациясын ЖКККББ аныктайт.

ЖКККББнын Мониторинг борбору жол кыймыл эреже бузуулары боюнча маалыматтарды иштеп чыгып, аларды «Кыргызпочтасына» жөнөтөт. ЖКККББнын басма сөз катчысы Тилек Оторовдун айтымында, Мониторинг борбору маалыматтарды бир күн ичинде жиберет, ал эми айып пул боюнча кабарламанын жеткирүү убакыты почтанын иштешине көз каранды.

Почтанын кызматкерлери штраф тууралуу протоколду эреже бузуучунун унаасы катталган дарекке жеткиришет. Тактап айтканда, эгер айдоочу Бишкекте жашап, анын автоунаасы Таласта катталган болсо, анда протокол Таласка жеткирилет.

Автоунаа ээси штрафтын бар же жоктугун мамлекеттик кызматтар порталындагы «ЖКЭ айыптарын текшерүү» бөлүмүнөн текшерүү мүмкүн. Текшерүү үчүн автоунаа ээсинин ИНН жана анын унаасынын мамлекеттик номерин киргизиш керек.

Эгер штрафтар жана эреже бузуулар боюнча суроолор бар болсо айдоочулар call-борборуна 100 номери боюнча кайрыла алышат.

Айып пулдарды кайда жана качан төлөш керек?

Штрафты ал тууралуу дүмүрчөк алгандан кийин бир ай ичинде почта же банк бөлүмдөрүндө төлөсө болот. ЖКККББ басма сөз катчысынын айтуусунда, айып пул протоколунда төлөмдөрдү кабыл алган банктардын тизмеги көрсөтүлөт.

Депутат Дастан Бекешев жол кыймыл эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду протоколду алгандан кийин 15 күн ичинде төлөгөндөргө 50 пайыз арзандатуу кылууну сунуштаган. Парламент бул демилгени жактырып, азыр ал президенттин кароосунда.

Айып пул төлөбөгөн айдоочуларга каршы күрөшүү максатында өкмөт бир ай төлөнбөгөн штрафтары бар автоунааны башкарган айдоочулардын күбөлүктөрүн алууну сунуштаган. Бул сунуш да президенттин жактыруусун күтүүдө жана ага кол коюлгандан кийин күчүнө кирет.