Тендерлер тууралуу керектүү маалыматтарды кечке издөөдөн чарчадыңызбы жана алардын ачык айкын өтүшүнө ишенбейсизби? Биз да ишенбейбиз, ошондуктан Телеграм мессенжеринде чат-бот түздүк. Анын жардамы менен сиз билдирүүлөр аркылуу биринчилерден болуп жаңы жана сизге керектүү тендерлер жөнүндө биле аласыз.

БУЛ ЧАТ-БОТ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын учурдагы электрондук каталогу керектүү жарыяларды издөө үчүн өтө эле ыңгайсыз: кээде алар сайтта болгону бир нече күн илинип турат же болбосо аларда «коррупциялык латын ариби» колдонулат. Күн сайын мамлекеттик сатып алуулар порталында көптөгөн тендерлер жарыяланат жана анын бардыгын карап отуруш үчүн көптөгөн ресурс жана күч керектелет.

ЧАТ-БОТ КАНДАЙ ИШТЕЙТ?

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маселе жараткан кемчиликтеринин баардыгын басып өтүш үчүн биз чат-бот түздүк. Ал мамлекеттик сатып алуулар системасындагы ачык-айкындык менен жеткиликти жогорулатууга мүмкүндүк түзөт.

Биринчиден, чат-бот реалдуу убакытта Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар порталындагы тендерлер жөнүндө маалыматтардын бардыгын чогултуп, сиз колдонуучу катары мамлекеттик буйрутмаларды көрө алышыңыз үчүн жаңы лотторду жүктөйт.

Экинчиден, бот мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жаңы лоттор жөнүндө билдирүүлөрдү саатына бир жолудан жөнөтүп турат.

Үчүнчүдөн, биздин чат-ботту колдонуу үчүн сизге Telegram мессенжериндеги аккаунт керектелет. Мессенжер үчүн колдонмону смартфонуңузга да, компьютериңизге да орнотуп алсаңыз болот. (Мессенжерди жүктөп алуу үчүн шилтемелер: Android, iOS.)

ЧАТ-БОТ ЭМНЕ КЫЛА АЛАТ?

Чат-бот мамлекеттик сатып алуулар порталынан маалыматтарды чогултуп алгандан кийин колдонуучулар өздөрүн кызыктырган тендерди же лотторду көптөгөн башка тендерлердин арасында жоготуп албашы үчүн биздин система тендерлерди ар башка категориялар боюнча сорттоп берет. Чат-бот менюсу колдонуучуга керектүү гана категориялар жөнүндө маалымат алууга жана тандоого мүмкүнчүлүк берет.

Сиз чат-ботко жазылып, кызыктуу категорияларды тандаганыңыздан кийин (бир колдонуучуга төртөн көп эмес категория) сизге жаңы лоттор боюнча билдирүүлөр келип турат. Эми колдонуучулар мамлекеттик сатып алуулар порталын кол менен жаңыртып отурбайт — сиз үчүн аны чат-бот акарып, убактыңыз менен акчаңызды үнөмдөп берет.

Бул базарга атаандаштыкка жөндөмдүүрөк болуу мүмүмкүнчүлүгүн түзүп, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупциялык схема коркунучун төмөндөтөт. Анткени мындай сервис ыңгайлуу жана көбүрөөк компанияларды тендерге катышууга тартат. Алар мамлекеттик буйрутманы ишке ашыруудан киреше таба алышат. Укмуш да, туурабы?

КОШУМЧА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Документтерди тапшыруу — оор жана энергияны алган процесс. Биздин юристтер сизге жумушуңузду жеңилдетүүгө жардам беришет. Ал үчүн ар бир билдирүүнүн алдында «Консультация суроо жана документтерди даярдоо» баскычы каралган.

Сиз башка маанилүү иштерге убакыт коротуп аткан учурда биздин юристтер тендерге катышуу үчүн бардык керектүү документтерди сиздин ордуңузга даярдап коюшат же болбосо кызыктуу лоттор боюнча кеңештерди беришет.

Мындан тышкары, биздин юристтер эгер тендер өткөрүүдө эреже бузуулар аныкталган болсо сиздин компанияңыздын кызыкчылыгын коргоо үчүн сотто юридикалык жактан коштоо кызматын көрсөтө алышат.

ЧАТ-БОТКО КАНТИП ЖЕТКИЛИК АЛСА БОЛОТ?

Биздин системага жеткилик алуу үчүн колдонуучу бир айга акы төлөшү керек. Андан кийин ага сервисти колдонуу үчүн жеткилик коду берилет.

Биздин чат-боттун алгачкы эки айлык иши тесттик негизде жүргүзүлөт, ошондуктан бул убакыт аралыгында (2019-жылдын 15-апрелине чейин) чат-боттун акысы айына 800 сомдон болот. Ал эми тесттик мөөнөт аяктаган соң чат-ботко жазылуунун баасы айына 1000 сомго чейин жогорулайт.

Жазылууга шашылыңыздар!

Чат-боттун иши жана төлөө шарттары боюнча кеңири маалыматты www.tenderbot.kg сайтында жеткиликтүү.