Өткүрбек Жамшитов. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 14-февралда Бишкек ЖЭБ боюнча кылмыш иштерди териштирүүнүн жүрүшү жөнүндө парламент депутаттарынын алдында отчёт берди. Ал билдиргендей, коррупция боюнча иште негизги шектүү катары Сапар Исаков өтүп жатат, ал эми депутаттар ЖЭБди жаңыртуу үчүн насыя келишимин мыйзамдуу эле ратифицикациялаган.

Жамшитовдун айтымында, январда станцияда болгон авариядан кийин 2018-жылы үч кылмыш иши козголгон. Алар: жаңыртууга жалданмачыны тандап алуудагы коррупция боюнча, 2017-2017-жылдарындагы күз-кыш мезгилине жетишсиз даярдык боюнча жана ЖЭБдин оңдоп-түзөө иштерине бөлүнгөн акчалардын изин жашыруу боюнча.

Ошондой эле башкы прокурор станцияны жаңыртууда мамлекет дээрлик 5,5 млрд сом (111 млн доллардан ашуун акча) зыян тартканын билдирди, анткени жабдуулардын жана кызматтардын баасы кымбат көрсөтүлгөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кыргызстан ЖЭБ боюнча TBEA компаниясы менен билип туруп пайдасыз келишим түзгөн. Ага ылайык, кыргыз тарап аткарылган иштердин санын жана сапатын, жабдууларды, курулуш материалдарды жана кызматтарды сатып алууларды көзөмөлдөөгө катыша алган эмес.

Парламент эмес, Исаков күнөөлүү

Жамшитов билдиргендей, Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция тууралуу иште экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аракеттерине баа берет. Бирок башкы прокурордун айтымында, бул иште негизги айыпталуучу катары мурдагы премьер-министр Сапар Исаков өтүүдө.

Башкы прокурор 2013-жылы ЖЭБди жаңыртуу үчүн жалданмачыны тандап алууда Исаков жыйнтыгында долбоорду ишке ашырууну колго алган кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн деп эсептейт. Ал учурда Исаков президенттик аппаратта тышкы саясат бөлүмүн жетектеген. Ага «коррупция» беренеси боюнча айып тагылган.

Сапар Исаковдун ЖЭБге барган кези. 2018-жыл, 27-январь. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Башкы прокурордун айтымында, Исаков ЖЭБди жаңыртуу боюнча келишимди ратификациялаган «120 депутаттын ишенимин ала алган».

«Бүгүн келишимди ратификациялоо боюнча чечим мыйзамдуу, аны эч ким талашпайт, ошондуктан насыя келишиминин өзү мыйзамдуу. [...] Бул жерде парламент тараптан эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес деп ойлойм», — деди Жамшитов.

Анын айткандарын парламенттин мурдагы спикери жана эл өкүлү Асылбек Жээнбеков да депутаттар келишимди «жетекчилерге ишенип, жакшы эле ойдо» кабыл алып беришкенин билдирип колдоп чыкты.

Исаковдон тышкары, ЖЭБ иши боюнча төмөнкү аткаминерлер да коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдаланышкан делип айыпталышууда:

• Жантөрө Сатыбалдиев — экс-премьер-министр;

• Осмонбек Артыкбаев — мурдагы энергетика министри;

• Айбек Калиев — «Улуттук энергохолдингдин» экс башчысы;

• Жеңишбек Назаров — «Улуттук энергохолдинг» башчысынын мурдагы орун басары;

• Салайдин Авазов — «Электр станциялардын» экс-директору;

• Темирлан Бримкулов — ЖЭБди жаңыртуу боюнча долбоордун директору;

• Ольга Лаврова — мурдагы каржы министри.

Коррупциялык акчалар кудай буйруса табылат

Башкы прокурор парламентте билдиргендей, ЖЭБди жаңыртууда келтирилген зыяндардын ордун толтуруу үчүн болжолдуу 413 млн сомдук мүлк камакка алынган:

• Сапар Исаков – 1,8 млн,

• Жантөрө Сатыбалдиев – 44,4 млн,

• Осмонбек Артыкбаев – 259,9 млн,

• Айбек Калиев – 19,6 млн,

• Салайдин Авазов – 67,8 млн,

• Жеңишбек Назаров – 1,8 млн,

• Мусажан Макелек (TBEAнын өкүлү) – 18,5 млн.

Депутаттардын камактагылардын банк эсептеринде мыйзамсыз акчалар табылдыбы же жокпу деген суроолоруна башкы прокурор бул багытта иш дагы деле жүрүп атат деп жооп берди.

«Биз акчанын издерин табыш үчүн бардык чараларды көрүп атабыз. Эгер алар кудай буйруп табылып калса, анда айыпталгандарга карата кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу жана мыйзамсыз баюу факттары боюнча жаңы кылмыш иштери козголот», — деп жооп берди Жамшитов.

2018-жылы 29-январда болгон авария учурундагы ЖЭБдин эски корпусундагы муз каптаган терезелери. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Данил Усманов

Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча келишим

Бийлик Бишкек ЖЭБдин модернизациясы үчүн жалданмачыларды бир нече компаниялардын ортосунан тандаган. Натыйжада ведомстволор аралык комиссия энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин төрагалыгынын алдында Кытайдын TBEA компаниясын тандаган.

Компния оңдоп-түзөө иштерин 396 млн долларга баалаган, бирок кийинчирээк 10 млн долларга чейин арзандатышкан. 2013-жылы июлдун жарымында «Электр станциялар» компаниясы ЖЭБди жаңыртуу боюнча контракттык келишим түзгөн.

Кыргызстандын бийлиги долбоорго акчаны Кытайдын «Эксимбанкынан» насыяга алууну чечкен. Бул үчүн насыя келишими парламенттин депутаттарынын колдоосунан өтүшү керек болгон.

Өкмөт «Эксимбанк» менен насыя келишимин 2013-жылы 2-декабрда парламенттин ратификациясына «кечиктирилгис» катары киргизген. Жогорку Кеңеш аны 11-декабрда ратификациялап, ал эми президент Алмазбек Атамбаев ага 23-декабрда кол койгон.

2017-жылы июлда TBEA жаңы блоктор үчүн химиялык цехтерди кура элек болсо да «Электр станциялар» компаниясы ЖЭБдин жаңыртылган бөлүгүн өзүнүн карамагына алган. Ал эми химцехтин курулушу 2018-жылдын октябрында гана аяктаган.

2018-жылы 26-январда жылуулук борборунда авария болгон. Анын айынан борбор калаанын тургундарынын көбү түнкүсүн абанын температурасы -25 градус Цельсиядан төмөн болуп жаткан маалда беш күн бою дээрлик жылытуу системасы жок калышкан.