Бишкек ЖЭБ. 2018-жылдын январь айында. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Данил Усманов

Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов Бишкек ЖЭБди жаңыртуу долбоорунда кылдаттык эсептөө болгон эмес деп ынандырууда. Ал долбоор боюнча 90% иштер 50 млн долларды түзмөк деп эсептейт. Бирок жаңыртуунун жалпы баасы 386 млнду түзгөн.

ЖЭБди жаңыртуу боюнча өз баасын башкы прокурор Жамшитов 14-февралда парламенттин жыйынында айтып чыкты.

«Борбор калаанын ЖЭБнин 90 пайызын 50 млн долларга эле жаңыртып коюуга болмок. Бирок ага 386 млн доллар кетиришкен. Долбоор боюнча дыкат эсептер жана параметрлер жок болгон», — деп келтирет 24.kg Жамшитовдун айткандарын.

Редактордон: Эмне үчүн башкы прокурор 90% иштердин баасын бүткүл жаңыртуунун баасы менен салыштырып жаткандыгы түшүнүксүз. Жамшитов баасын эскерте кетпеген жумуштун 10% эмнелер кирээри да түшүнүксүз — теория боюнча бул эң кымбат жабдуунун орнотулуусу болушу мүмкүн.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына жетекчисинин айткандарын түшүндүрүп бере алышпай, расмий сурам жөнөтүүнү талап кылышты. Мыйзамга ылайык, маморгандар ага эки аптанын ичинде жооп бериши керек.

Жамшитовдун айтымында, ЖЭБди жаңыртуу үчүн жоопкерчилик экс-премьер-министр Сапар Исаковдун мойнунда. Анын айтымында, «долбоор боюнча чечимдерди» Исаков кабыл алып, андан тышкары «жабдууларды кайдан алуу керектигин айтып турган».

Башкы прокурор кошумчалагандай, эгер Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча иштер сапаттуу болсо, 2018-жылы кышында шаар тургундардын көпчүлүгүн бир нече күнгө жылуулуксуз калтырган авария «болмок эмес».

Исаков эмне деп жатат?

Юрист Нурбек Токтакунов «Марал ФМ» радиосунун журналисттерине курган маегинде анын коргоого алган адамы Сапар Исаковду далили жок эле «ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча мафиянын башчысы» деп аташканын айткан.

«[Исаковго] мафия уюштурган жана жетектеген деп айып тагышты. Бирок ал үчүн материалдык каражаттардын транзакциясын, [Исаковдун] лидерлигин, [мафиянын] түзүмүн далилдеш керек да. [Тергөөдө] бул жок да, ал жакта курулай эле сөз бар», — деди Токтакунов.

Юристтин айтымында, Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча ишинде «чоң жалганчылык болуп атат», анткени 2013-жылы бул долбоор боюнча акыркы чечимдерди Сапар Исаков эмес, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков башкарып турган парламент кабыл алган.

Токтакунов жаңыртуу үчүн жоопкерчилик жаңыртуу долбоорун карашкан үч парламенттик комитеттин депутаттарынын мойнунда деп деп эсептейт. Алар: Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев, Курманбек Дыйканбаев жана Ахматбек Келдибеков.

Токтакунов алардан тышкары мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жана мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиевди да күнөөлү деп эсептейт. Жактоочу түшүндүргөндөй, Артыкбаев ЖЭБди жаңыртууга байланыштуу мыйзам долбоорлор боюнча коомдук талкууларды өткөргөн эмес, ал эми экинчиси «шалаакылык кылып», мыйзам бузуулар менен даярдалган жаңыртуу тууралуу мыйзам долбоорду коё берген.

Бишкек ЖЭБди жаңыртуу

Парламенттин депутаттары Бишкек ЖЭБди жаңыртууга кеткен чыгымдарга 2018-жылы январда ал жакта болгон авариядан кийин көңүл бура башташкан.

Бул үчүн парламенттик комиссиясын түзүшүп, ал 2018-жылы май айында өз иликтөөсүнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Отчётто жазылгандай, жаңыртуунун баасы «кымбаттатылган», ал эми долбоорду ишке ашыруу мыйзам бузуулар менен өткөн.

Учурда жылуулук борборун жаңыртуу иши боюнча фигурант катары мурдагы каржы министри Ольга Лаврова, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, андан тышкары, экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков өтүшүүдө.

Редактору: Дмитрий Мотинов