ЖЭБди жаңыртуу үчүн насыяны төлөп бериш үчун Кыргызстан электр энергиясына болгон тарифти көтөрүшү керек болуп калат — бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутттарына отчёт берип жатып билдирди.

«Эми экономикалык жагын карап көрөлү. Карызга алынган 386 млн. доллардын натыйжалуу пайдаланышы жана өзүн акташы маселе болуп турат. Анткени ЖЭБде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы эки сом токсон тыйын. Ал эми сатуу наркы жетимиш тыйын. Демек, карыздан кутулуш үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүш керек болот. Бул биздин жарандарга материалдык жактан түйшүк алып келет дегенди билдирет», — деп келтирет Жамшитовдун айткандарын «Азаттык».

Вице-премьер Кубатбек Боронов өкмөт тарифтерди көтөрүүнү пландабаганын түшүндүрүп, Жамшитов болгону маселеге карата пикирин айтты деп кошумчалады.

Кыргызстан Бишкек ЖЭБин жаңыртуу үчүн насыяны 2014-жылы Кытайдын «Экмисбанкынан» алган. Насыянын өзү 386 млн. долларды түзгөн, бирок пайыздары менен Кыргызстан 492 млн. доллардан ашуун кайтарып бериши керек болуп калат.