Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-февралда өкмөттүн жыйынында талкуу учурунда мобилдик оюндарды ойногон өкмөт мүчөлөрүн сынга алды.

«Карап отурсам бул жерде кээ бирлер телефон ойноп отурушат, жыйынга кирээр алдында телефондорун калтырышсын деп тапшырма берем. […] Жардамчыларым ким телефондо оюн ойноп жатканын мага айтып беришет. Биз бул жерге оюн ойногону эмес, маанилүү маселелерди чечкени келдик», — деп премьердин айткандарын «Тазабек» келтирет.

Бул кыргыз саясатчылары февраль ичи жумуш учурунда мобилдик оюндарга алаксыгандыгы үчүн сынга кабылган экинчи учур. Айдын башында «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков өзүнүн партиялаштары Айтмамат Назаров менен Салайдин Айдаровго фракциянын жыйнында оюн ойношкондору үчүн эскертүү берген.

«Мен экөө менен тең сүйлөшүп, өз эскертүүлөрүмдү айттым. Отурум учурунда алар өздөрүн ушинтип алып жүрүшкөндөрү аларды жакшы жактан көрсөтпөйт», — деп билдирген «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери.