Каржы министрлиги билдиргендей, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке жети айда жалпысынан 1 млрд 52 млн 665 миң сом түшкөн.

Бул сумманын ичинен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (ЭКККМК) дээрлик 498 млн сомун, Башкы прокуратура 357 млн сомдон ашуун, ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 195 млн сомдой акча которгон. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги эсепке 2,1 млн сом салган.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчалар которулган атайын эсепти бийлик 2018-жылы июлда ачкан. Ошол эле жылдын ноябрь айына карата эсептеги акчанын суммасы дээрлик 569 млн сомду түзгөн — акчалардын көпчүлүгүн финпол которгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-февралда чогулган акчалар Бишкек жана Чүйдө мектептердин курулушуна жумшалаарын билдирген.