Иллюстративдүү сүрөт. КТРК

18-февралда Кыргызстандын башкы медиакорпорациясынын Байкоочу кеңеши КТРКнын директоруна талапкерлигин койгондордон билдирме алууну токтотту. Өлкөнүн башкы телеканалын башкарууга 22 адам талапкерлигин көрсөттү. Алардын арасында каналдын азыркы башчысы Илим Карыпбеков да бар.

Бул кызматка ат салышууда ага коомдук активист Адил Турдукулов, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу, «Азаттыктын» журналисти Каарманбек Кулуев, НТС телеканалынын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу жана башкалар атаандаштык кылууда.

«Клооптун» редакциясы медиаэксперттерге кайрылып, алардан Карыпбековдун жумушуна кандай баа беришээрин жана деги эле бул шайлоо канчалык маанилүү экендигин сурады.

Гүлнура Төралиева: Саналуу гана талапкерлер бийликтин кысымына туруштук берүүгө даяр

Медиаэксперт Гүлнура Төралиева Карыпбековдун экинчи мөөнөткө баруу үчүн талапкерлигин көрсөтүүнү чечкенин «катачылык» деп атады.

«Жеке өз карьерасы үчүн кетип эле калганы жакшы болмок. Ал жаш, саясий дымагы бар, ага азыр кетүү ыңгайлуу учур эле», — деди ал.

Медиаэксперт кошумчалагандай, жакындап келе жаткан парламенттик шайлоодон улам КТРКга айтылган сындар көбөйөт.

Төралиеванын пикири боюнча, бардык талапкерлердин арасынан бир нече адам гана телеканалдын көз карандысыз редакциялык саясатын түзүүнү көздөйт: «Менин оюмча [НТСтин башчысы] Жайнак Үсөн уулу, Адил Турдукулов же Каарманбек Кулуев. Алар саясаттагы процесстерди түшүнүшөт жана аларда бийликке туруштук берүүгө потенциал бар деп эсептейм».

Анын айтымында, Карыпбековдун жетекчилиги алдында КТРКнын кызматкерлери үчүн жумуш шарттары көрүнөөрлүк жакшырды жана телеканал өзүнүн техникалык базасын жаңыртты. Бирок Төралиева КТРК өлкөдөгү окуяларды тең салмакта чагылдырып бербейт деген пикирде.

«Биз көз карандысыз редакциялык саясатты, пикирлердин бейтарап болушун күтүүдөбүз. Акыркы үч-төрт айдан бери КТРКнын контентин талдап жатам. Сот процесстери бир тараптуу чагылдырылып жатат, сюжеттердеги басымдуу убакыт бийликтин ишин пропагандалоого арналган», — деп белгиледи ал.

Төралиева кошумчалагандай, телеканалда балдар жана аялдарга карата зордук көрсөтүү, адам укуктарын коргоо жана башка маанилүү маселелердеги темаларга жетиштүү көңүл бурулбайт.

«КТРКнын директорун дайындоо процесси бийликтин басымы жок өтпөйт, акыркы сөз аларда [...] Илимдин экинчи мөөнөткө калууга мүмкүнчүлүгү бар», — деп өз сөзүн жыйынтыктады ал.

Азамат Тынаев: Карыпбеков бийликтин батасын алды деген кептер тынчсыздандырууда

Журналист Азамат Тынаев бийлик медиакорпорациянын жаңы директорун тандоо процессине кийлигишпеши керек жана азыр анын жеңүүчүсү жөнүндө божомолдогондун ордуна шайлоонун айкындыгын камсыздоо маанилүүрөөк деп эсептейт.

«Азыр ар кандай божомол кыла берсе болот [...] Бирок Карыпбековдун [экинчи мөөнөткө баруу чечиминен] эч бир нерсе көргөн жокмун, албетте эгер бул жерде бийлик менен жең ичинен сүйлөшүү болбосо эле», — деди ал.

Тынаев кошумчалагандай, Карыпбеков «тынчы жок кызматта» иштеген жана акыркы жылдары бул орунга андан башка ылайыктуу адам жок болчу.

Журналист белгилеп кеткендей, Карыпбековдун жетекчилигинин астында КТРКда позитивдүү өзгөрүүлөр болгон: канал жаңы жабдууларга ээ болуп, кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшырткан.

«Мен Карыпбековдун дарегине карата КТРК коомдук телеканал боло албай калды деп айтылып аткан сындарга кошулам, журналисттер да сапаттуу өсө алышпады. [...] Бир да масштабдуу журналисттик иликтөө же жаңы жүздөрдү көрө албадык», — деди Тынаев.

Бирок, анын айтымында, ушинтип КТРКны жетектеген бардык менежерлерди сындай берсе болот жана бул сын-пикирлер каналды жаңы киши башкарса да токтобошу мүмкүн.

«Жайнак Үсөн уулу, Адил Турдукулов, Каарманбек Кулуев жана Ибраим Нуракун уулу жаңы стандарттарды киргизип, бир нерсе жасай алышмак деп ойлойм. Аларды жеке тааныйм, бардыгы журналисттер. Балким алар акырындык менен бийликтин таасирин жеңе алышмак», — деп эсептейт Тынаев.

Елена Воронина: КТРК директорун шайлоо — бул жөн гана көз боёмочулук

2010-2012-жылдары КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон медиаэксперт Елена Воронинанын ою боюнча, бийликтегилер медиакорпорациянын башкы директоруна келчү адамды эбак эле тандап коюшкан. Ал эми шайлоо процесси бул жөн гана мыйзам талаптарын сактоо үчүн аткарылуучу формалдуулук.

«Бул жөн гана ушундай оюн, [...] анткени КТРК “шайлоо” өткөрүшү керек да. Ал жакка талапкерлигин көрсөтүп аткан адамдар кыязы кантип телеканалдын директору болуу керектигин түшүнбөй жатышса керек, алар декорация сымал. Бул көз боёмочулук», — деди Воронина.

Анын пикири боюнча, телеканалды позициясына бек турган адам жетектеши керек. Ал жарандык активист Адил Турдукуловду ошондой деп эсептейт. Воронина түшүндүргөндөй, Турдукуловдун журналисттик чөйрөдө тажрыйбасы бар, андан тышкары, «ал угууну жана укканды билет»: «Турдукулов улуу муундагы оппозиционерлерден айырмаланып турат жана ушундай адамдар коомдук башталышта керек».

Бирок, Воронинанын сөздөрүнө ылайык, чындыгында Турдукуловго КТРКнын жетекчилигин «беришпейт».

Ал Карыпбековдун медиакорпорациянын башчылыгына ат салышып жатканы ага күтүүсүз болгонун кошумчалады: «Мен Илимди бир нече жылдан бери тааныйм, ал экинчи мөөнөткө барат деп ойлогон эмесмин. Бирок ачыгын айтканда ал каналды жетектөө учурунда көп нерсе кылды».

Анткени менен Воронинанын айтымында, КТРКны жетектегиси келген кээ бир талапкерлерге караганда Карыпбеков татыктуураак.

«Бир чети, КТРКда телеканалдын миссиясына жооп бербеген программаларына назар салган көрүүчү катары кыжырым келет [...] Бизде коомдук берүү деген түшүнүк жок», — деп белгилеп өттү Воронина.

Анын айтымында, Карыпбеков өзүн жакшы менежер жана логист катары көрсөтө алган. Бирок телеканалдын программалары «алда канча жакшы болууга тийиш эле» жана берүүлөр телекөрүүчүлөрдүн талаптарына жооп бербейт.

«Редакциялык саясат грузиялык жана балтикалык кесиптештердин тажрыйбасынын негизинде түзүлүп келген. Биз эң мыктыларын алчубуз. Тилекке каршы, мунун баары кагаз бетинде эле калып кетти», — деп кошумчалады Воронина.