22-февралдагы КСДПнын басма сөз жыйыны. Сүрөт: КСДП

КСДПнын мүчөлөрү билдиришкендей, экс-президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого партиянын талапкерлер тизмесин баштап барат. Алардын айтымында, Атамбаев өзүнүн мураскери менен элдешүүгө даяр, ал эми президенттин иниси «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын артында турат. Социал-демократтар басма сөз жыйынында дагы эмне жөнүндө сөз кылышты?

КСДП мүчөлөрүнүн эки саатка созулган басма сөз жыйыны 22-февралда өттү. «Клооп» ал жакта айтылган сөздөрдүн эң кызыктуу жана маанилүүлөрүн баяндап берет.

Кыскача:

• Атамбаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДПнын талапкерлер тизмесин баштап чыгат;

• Экс-президент депутат болоор-болбосун өзү чечет. Бирок ал өкмөт башчы же парламенттин спикери болбошу айдан ачык;

• КСДП — кайрадан оппозициялык партия;

• Атамбаев өлкөнүн туруктуулугу үчүн Жээнбеков менен элдешүүгө даяр;

• «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын артында Асылбек Жээнбеков турат;

• Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндөгү мыйзам Атамбаевге каршы багытталган жана бийликти ыктыярдуу өткөрүп берүү институтун талкалайт;

• Бийлик Атамбаевди колдогон партиянын мүчөлөрүнө кысым кылууда.

Кененирээк:

Атамбаевдин тарапташтарына басым кылып жатышат

Партиянын төрагасынын орун басары жана депутат Ирина Карамушкина билдиргендей, Атамбаевдин тарапташтары парламентте аз жана аларга басым кылышууда. Анын айтымында, көпчүлүгү Атамбаевди ачык колдогондон коркуп жатышат, анткени өз бизнестери үчүн чоочулашат.

«Фракцияда Атамбаев менен калгандар катуу басымды сезишүүдө. Жакында эле [КСДП фракциясынын мүчөсү] Мурадыл Мадеминов айткандай, азыр ал тургай анын туугандарына үзгүлтүксүз текшерүү келип жатат — бирде УКМК, бирде Эсеп палатасы, бирде финполиция. Ал чарчадым деп айтууда. Жумшак тил менен айтканда, Атамбаевдин позициясын колдогондорду кысуу жакшы белги эмес», — деди Карамушкина.

Атамбаев шайлоого партиясы менен чогуу барат

Анын кесиптеши Асел Кодуранова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Атамбаев КСДПнын тизмесин баштап чыгаарын билдирди.

«Шайлоодон кийин Атамбаев парламентте болоорун же болбосун өзү чечет. Бирок дагы бир ирет айтып коёюн, ал эч бир мамлекеттик кызматка барууну көздөгөн жок», — деди Кодуранова.

Экс-президент мураскери менен элдешкиси келет

Карамушкинанын билдиришинче, Атамбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, элдешкенге бир нече жолу аракет кылган. Бирок азыркы президент «каршылык көрсөтүүдө».

«Биз Сооронбай Жээнбековдун жана [КСДПнын] командасы бирге иштешээрине чын дилден ишенгенбиз, бирок бизди бөлүп ташташты. Атамбаев тынчтык жолу менен ымалага барууга даяр, бирок Сооронбай Жээнбеков каршылык көрсөтүүдө. Биз ансыз да коңшу өлкөлөрдөн артта калдык, көп нерсени кылышыбыз керек. Абалдын мындан ары тынчтык жолу менен чечилиши үчүн гана чыгуудабыз», — деди ал.

Асылбек Жээнбеков КСДПны ыдыратууга аракет кылууда

Партиянын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева билдиргендей, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын артында азыркы президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков турат. Анын айтымында, ал экс-президентти партиядан кууп жибермекчи болгон кыймылды атайын, партияны ыдыратуу үчүн түзгөн.

Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков кошумчалагандай, бул кыймыл КСДПга эч кандай тиешеси жок. Ал тургай бир да жерде юридикалык жак иретинде катталган эмес.

КСДП экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууга каршы

Партиянын мүчөлөрү экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө мыйзамына да каршы чыгышты. Алардын айтымында, мыйзам жеке Атамбаевге каршы багытталган жана ал бийликти ыктыярдык менен өткөрүп берүү институтун талкалап коюшу мүмкүн.

«Экс-президенттин кепилдиги тууралуу мыйзам долбоору Атамбаевдин бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген биринчи жана акыркы өлкө башчы болуусуна алып барат. Анткени мындай шарттарда кийинки өлкө башчы экс-президент макамына өтүүдөн коркот», — деди Карамушкина.

КСДП кайрадан оппозицияда

Ошондой эле, Карамушкина КСДП кайрадан оппозициялык партия болуп калганын айтты.

«Биз кайрадан оппозицияга өттүк. КСДП 20 жыл оппозицияда болгон, акыркы беш жылда бизди ансыз деле кирге оонатып келишти. Бүгүн кайрадан өзүбүз көнгөн оппозициялык тартипке келдик. Анан да бизде кандайдыр бир азарт пайда болду, каталарды көбүрөөк байкай баштадык», — деп жыйынтыктады Карамушкина.