Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакча. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Living Asia

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Уланбек Азыгалиев билдиргендей, Кара-Көл көчөсүнүн кеңейтилиши үчүн шаардагы ботаникалык бакчанын бир бөлүгү жок кылынат. Анын айтымында, бул чарага башка альтернатива жок, анткени ботаникалык бакчанын бир бөлүгүн бузуу планын өкмөт 2006-жылы эле бекитип койгон.

Мындай билдирүүнү Азыгалиев 22-февралда «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынында айтты.

«Медеров жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол курулмаларынын чакан комплекси болушу керек. Долбоордук сметалык документация боюнча унаа жүрүүчү жол бөлүгүнүн 15 метри ботаникалык бакчанын аймагын аралап өтөт», — деп келтирет 24.kg Азыгалиевдин айткандарын.

Ал кошумчалагандай, ботаникалык бакча өзгөчө кайтаруудагы объект болгондуктан, капиталдык курулуш башкармалыгы бакчанын бир бөлүгүн бузуу боюнча маселени өз алдынча чече албайт.

Капиталдык курулуш башкармалыгы менен мэриядан эмне деп жатышат?

Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын басма сөз кызматынан «Клооптун» журналистине кабарлашкандай, Кара-Көл көчөсүнүн кеңейтилиши боюнча эки вариант бар: жеке сектордун дарбазаларын бузуу керек же ботаникалык бакчанын аймагына кирүү зарыл.

Алар кошумчалашкандай, акыркы чечим долбоордук документация кайра толук изилденип чыккандан кийин кабыл алынат.

Бишкек мэриясынан «Клооптун» журналистине билдиришкендей, Кара-Көл көчөсүнүн кеңейтилиши боюнча маселе шаардык бийликтин күн тартибинде жок. Анткени бул долбоорго байланыштуу экспертиза менен макулдашуулар «азырынча аткарыла элек».

***

Кара-көл көчөсүн кеңейтүү — бул 2017-жылы Токтоналиев (мурдагы Дүйшөмбү) көчөсүн кеңейтүүнүн логикалык уландысы. Анда жолду кеңейтүү үчүн муниципиалитет көчө боюндагы бактарды кыйган. Өз кезегинде бул бишкектиктердин арасында нааразылыктарды жаратып, ал тургай шаар тургундары митингге чыгышып, бактарды кыюуну токтотууга аракет жасашкан.

Ботаникалык бакчанын бир бөлүгүн бузуу тууралуу мэрияда биринчи жолу 2016-жылы жайында айтылган. Ошондо ботаникалык бакчанын директору Медет Ахматов Кара-Көл көчөсүн кеңейтүү бакчадагы 227 бак-дарак менен бадалчалардын кыйылышына алып келет, ошондой эле арык системасын да бузат деп эсептээрин айткан.

«Бул 18 чакты өсүмдүктүн түрү. Бизде ансыз деле бак-дарактар кыскарууда, эгер ботаникалык бактын аянты кыскарса, ал өсүмдүктөрдүн санынын да азайышына алып келет. Эң башкысы биздин коллекциялык фондду зыянга учуратат», — деген ал ошондо.

Ботаникалык бак 1938-жылы негизделген. Анын башкы илимий милдеттеринин бири – бул өсүмдүктөрдү климатташтыруу. Бишкекти жашылдандырууда колдонулган жана колдонулуп келе жаткан бардык бактар менен бадалдар ботаникалык бактын шарттарында эксперименталдуу изилдөөлөрдөн өткөрүлгөн.