Казакстан Кыргызстанда өндүрүлгөн алма, курма жана картошкаларды өз аймагына киргизүүгө тыюу салды. Казак бийлиги чектөөлөрдү фитосанитардык талаптардын бузулгандыгы менен байланыштырат. Ишкерлер кандай чыгымдарга учурап жатышканын жана кыргыз бийлиги кандай реакция кылганын айтып беребиз.
Кыргызстандын алма, курма жана картошкалары казак базарларына 19-февралдан тарта жеткирилбей жатат. Казак мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Алмабек Марстын айтымынында, буга кыргыз мөмө жана жер-жемиштеринде «бир нече жолу зыянкечтер табылганы» себеп.
Буга байланыштуу вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков коштогон делегация 27-февралда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Астанага учуп кетти.
Кыргыз тарап эмне деп жатат?
Экономика министри Олег Панкратов 21-февраль күнү өкмөттүн жыйынында казак бийлиги тыюу салынаары туурасында кыргыз кесиптештерин январда эле эскерткенин айткан.
Анын айтымында, Казакстан өз аймагына фитосанитардык сертификаттары менен документтери жок мөмө жана жер-жемиштердин кирип жатканына кабатырланган. Ошондуктан казак тарап Кыргызстандан «чара көрүүнү» талап кылып, болбосо чектөө киргизилээрин билдирген.
Панкратов кошумчалагандай, казак бийлигинин талаптары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жөнөтүлгөн жана ал «көйгөйдү чечүүнү тапшырган».
«Биз документсиз продукциянын [Кыргызстандан] чыгарылышына жол бербөө үчүн [вариант катары] убактылуу фитосанитардык постторду [чек арада] коюуну сунуштаганбыз. Буга карабастан Казакстан убактылуу тыюу киргизген», — деп келтирет Панкратовдун айткандарын 24.kg басылмасы.
Айыл чарба министри Нурбек Мурашев маселе башкада деп эсептейт. Анын айтымында, Кыргызстан Казакстанга өзүнүн суу сактагычтарына видео байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тарткандан кийин Казакстан чектөөлөрдү киргизген.
«Кошуналар [казак дыйкандарын сугат суусу менен камсыз кылып турган] Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарына видеокамераларды орнотууну сунушташкан. Алар суунун чыгышын онлайн режиминде көрүп тургулары келген. Биз макул болгон жокпуз. Алар кетип калышып, эки аптандан кийин кээ бир азык-түлүктөрдүн Кыргызстандан ташылып келишине чектөө киргизишкен», — деди Мурашев.
Кыргыз ишкерлери менен эксперттер эмне дешүүдө?
Кыргызстандын «Жер Азыгы» агробизнесмендер бирикмесинин башчысы Азиза Юлдашева Казакстан «өзүнүн өндүрүүчүлөрүн коргоо максатында» чектөө чараларын киргизген деп эсептейт. Бирок ал тыюунун алдында «саясий да өңүт» болушу мүмкүндүгүн четке каккан жок.
«Биздин [өндүрүүчүлөр] документтерди [экспорт үчүн талап кылынган] алганга аракеттенишет, анткени аларсыз чек арадан өтүү кыйын. Эгер [талаптар менен жоболорду] бузуу орун алган болсо деле, бирин-серин эле болсо керек. Алар массалык болушу мүмкүн эмес, анткени кандайдыр бир продукцияны документсиз чыгарам деп көп деле адам тобокелге барбаса керек», — деди Юлдашева.
«Кыргызстандын агрардык платформасы» бирикмесинин аткаруучу директору Айжан Жакыпбектин Казакстандын чектөө киргизишинде «кыргыз бийлигинин да күнөөсү бар» деген пикирде. Ал Кыргызстандын фитосанитардык жана ветеринардык экспертизалары «сапаты боюнча казактардыкынан начар» болгонуна токтолду.
«Анан Казакстан 400дөн ашык [кыргыз товарларынын ЕАЭБдин талаптарына] туура келбеген учур [табылгандыгы] тууралуу айтып жатканда, биздикилер [эксперттер] муну текшерип, каршы болуп талаша алышпайт», — деди Айжан Жакыпбек.
Казакстан өз аймагына кыргыз продукцияларын киргизүүгө кантип тыюу салып келген?
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы мүчө болуп кирген: бул кыргыз ишкерлерине товарларын Казакстанга, Орусияга, Беларуска жана кээ бир азык-түлүктөрдү Арменияга бажы төлөмүсүз жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк ачкан.
Бирок иш жүзүндө кыргыз өндүрүүчүлөрү алардын товарлары же продукциялары кыргыз-казак чек арасы аркылуу өтө албай калган учурларга далай эле кабылышкан.
Алардын эң эле резонанстуусу 2017-жылы октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлиги менен болгон араздашуусунун шартында болгон. Ал учурда Казакстан бир ай бою чек арада кыргыз товарларын текшерүүнү жана көзөмөлдөөнү күчөтүп, өз аймагына продукция алып өтүүгө чектөө киргизген. Казакстан бул чараларды кыргыз продукциясы «дайыма эле ЕАЭБдин талаптарына туура келе бербейт» деп түшүндүргөн.
Кыргыз-казак чек арасындагы абал Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка келгенден кийин жөнгө салынган. Чектөөлөргө кабылган кыргыз ишкерлери Казакстандан чектөөнүн киргизилиши боюнча расмий билдирүүлөрдү алган эмеспиз деп даттанышкан.