«Аттарга ырайымсыз мамиле». Орусиянын тергөө комитети Москвада өткөн көк бөрү оюнун текшерет

24-февралда Москванын борбордук ат майданында өткөн көк бөрү оюнунун катышуучулары

Орусиянын тергөө комитети көк бөрүнүн катышуучулары оюн учурунда аттарга ырайымсыз мамиле кылган деген маалыматты текшерет. Оюн Москванын борбордук ат майданына өткөн.

Көзөмөл органы маалымдагандай, көк бөрү ойногон оюнчулардын аттарга кылган ырайымсыз мамилелери тууралуу соцтармактардагы маалыматтар аталган фактты текшерүүгө себеп болгон.

Оюндун өзү 24-февралда Ата мекенди коргоо күнүнө карата өткөрүүнү чечишкен. Москванын борбордук ат майданынын администрациясы оюн көрүүгө келгендерди көк бөрү өткөрүлөөрү тууралуу кабардар кылган. Сайтта жана коомдук тармактарда оюнду «көрсөтмө оюн» деп аташып, бирок анын маңызын түшүндүрүшкөн эмес.

25-февралда «Московский Комсомолец» гезити көк бөрү тууралуу материал жарыялап, анда оюндун көрүүчүлөрү «бардык аттардын ооздору айрылганын» жана ошондой эле ат майданда мындай оюндарды өткөрүүгө туура келбегенин айтып беришкен.

«Алар ат майдандын поло оюну өткөрүлүүчү талаасында ойношкон. Ал жакта кичинекей дубал турат. Анан аттар катуу чуркаган бойдон дубалдын ары жагындагы топтошкон элди көздөй ыргышкан — аларды токтотууга мүмкүн эмес эле», — деп көрүүчүлөрдүн айткандарын «Московский комсомолец» келтирет.

Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Жыргалбек Саматов мал жандыктарга карата ырайымсыз мамиле болгон эместигин гезитке курган маегинде айткан.

«Спорттун ар бир түрүндө, адамдар да, малдар да жаракат алышат. Ат чабыштарда жана конкурстарда аттар ар кандай жаракат алышат. Ал эми марафондордо, алыска жарышуудачы? Адам жыгылып бутун сындырат. Бул дайыма эле болуп турат да», — деди ал.

Москванын борбордук ат майданы 26-февралда оюнду Кыргызстандын көк бөрү федерациясы уюштурган деп айтылган билдирүү жарыялаган.

«Аттарды таптоодо аларга жаракат алып келүүчү аспаптар менен ооздуктарга тыюу салуу иш-чаранын өткөрүлүшүнүн талаптарынын бири болгон», — деп айтылат катта.

Көк бөрү — бул атчан адамдар улак тартышып, аны атаандаштарынын дарбазасына ыргыткан кыргыз элинин улуттук оюну. 2016-жылдан тарта оюнчулар улактын муляжын колдонуп ойноп келишет. Ал эми 2017-жылы декабрда оюн адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген.