Жалал-Абад: Мэрдин кадр саясатынан кийин жети кызматкер жумуштан кетти

Жалал-Абад мэриясынын басма сөз борборунун жети кызматкери февраль ичи иш ордуларын тапшырып беришкен. Буга калаа башчысынын борбордун жетекчиси Жалил Сапаровго ээлеген кызматын бошотуу тууралуу берген сунушу себеп болгон.

Маалымат борборунун жетекчиси Жалил Сапаров мэрдин ага кызматты бошотуу боюнча сунуш бергенин «Клоопко» тастыктады.

«Мэр мага февраль айында “бул жерде жакшы эле иштедиңиз, жумуш ордуңузду бошотуп бериңиз” деп сунуштаган, мен макул болгонмун. Анын себеби эмне деп сураган жокмун», — деди ал.

Сапаров мэрдин сунушуна макулдугун берген соң борбордо иштеген жети кызматкер да өз каалоосу менен арыздарын жазышып, ээлеген кызматтарын тапшырып кетишкен.

«Мен жумуштан кете турган болгондон кийин чыгармачыл топ “бул жерге иштебейбиз” деп бир чечимге келишиптир», — деп кошумчалады Жалилов.

Шаар мэри Мураталы Тагаев «Клооптун» журналистине курган маегинде басма сөз кызматтын жетекчисин алмаштырууга жаңы кадрды алып келүү максаты себеп болгонун билдирди.

«Бизде жаш, креативдүү, өзгөчө көз-караштагы журналист менен иштешсекпи деген ой болгон. Жалал-Абад шаарында гана эмес, бир топ эле шаарларда маалымат борборлорунун жетекчилери жаңыланып же болбосо жаңы кадрлар келип жатпайбы», — деди Тагаев.

Мэр борбордун чыгармачыл тобунун жети мүчөсүнө ээлеген кызматтарын тапшырууга негиз жок болгонун, жумушунтан кетүү сунушу бир гана жетекчиге берилгендигин белгиледи.

Ал эми мурдагы жетекчинин артынан кызматтарын тапшырып кеткен жумушчулардын өздөрү менен «Клооптун» журналистинин байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Мураталы Тагаев шаар башчылыгына 2018-жылдын июнь айында шайланган. Анда шаардык кеңештин 31 депутатынын 30у Тагаевдин талапкерлигин колдогон. Тагаев президент Сооронбай Жээнбековдун иниси жана Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун кудасы.

Редактору: Айдай Беделбек кызы