Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Кар каптаган тоо менен мусулман көрүстөнүнө карай чыгып бараттык. Анын чет жагында же аты же датасы жазылбаган жапжаңы бейит турат. Болгону коңшу дубалда эркек кишинин курткасы менен кир мээлей илинип турган экен.

Бул көр узун болуп казылган, анда бирден ашык адамдын сөөгү көмүлгөнү байкалып турат.

Айлананы карасаң кардын үстүлөрүндө бут кийимдердин издери калган. Бир күн мурда күн батаар алдында бул жерге Мээрим жана анын балдары Егор менен Максимдин сөөгү коюлган. Алар өздөрүнүн сарайында өрттөтүп каза болушкан.

12-февраль күнү саат 15:13тө өрт өчүрүү кызматына Таш-Дөбө айылындагы чыккан өрт тууралуу билдирүү түшөт. Алгач жергиликтүү айылдык кеңештен алыс эмес жайгашкан үйдүн сарайы жалбырт дей түштү. Тездик менен тарап келе жаткан отту кошуна тургандар үйлөрүнүн терезелеринен байкашкан. Ал учурда от коңшу турган гаражга, андан кийин курулуп бүтө элек мончого өтүп кеткен эле.

Өрт өчүргүч унаасы келгиче кошуналар тилсиз жоону 23 мүнөт бою өз күчтөрү менен өчүрүүгө аракет кылышкан: чакалап суу ташып, суу түтүктөрүн тартып, кар чачып. Алар өрт өз үйлөрүнө өтүп кетет деп да кооптонушкан.

Ал учурда Мээрим жана анын эки баласы өрттөнүп атканын эч ким билген эмес. Айрым божомолдор боюнча аталган сарайды эки баланын энеси өзү өрттөгөн. Наташа аттуу тургун түшкө маал Мээримди кездештиргенде, ал өз үйүн көздөй колуна бензин куюлган кичинекей канистрди көтөрүп баратканын байкаган. Арадан бир нече саат өткөндөн кийин эле сарай күйө баштаган. Кошуналар Мээрим өзүнө жана балдарына уктатуучу сыяктуу дары-дармек ичирген соң уктап калышкан деп шек санашууда. Өрт өчүрүү учурунда сарайдан бир да үн чыккан эмес, тыптынч болгон.

Мээрим жана анын балдарынын мүрзөсү. Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Өрт өчүргүчтөр Мээрим менен анын балдарынын дээрлик толук күйүп бүткөн денелерин кара темирдин алдынан табышкан.

«Биз денелерди жаап коюп, дароо милиция чакырдык. Муну менен ишибиз бүткөн болчу», — деди Таш-Дөбөгө чакыруу боюнча келген өрт өчүргүч Жаныбек.

Мээрим 33 жашта болгон. Ал коюу кара чачтуу, көздөрү жалындап турган аял эле. Көздөрүнүн алдына жаңыдан эле бырыш түшө баштаган. Анын улуу баласы тогуз, ал эми кенжеси Максим бир жаш үч айда гана болчу. Алардын жүзүнөн дайыма жылмаюу кетпеген сары чачтуу балдар эле. Үй-бүлөнүн сүймөнчүктөрү. «Егор ушунчалык жакшы бала эле, бардыгы менен ойноп, дайыма учурашып, мектепте жакшы окуп, жакшы сүйлөп жүрчү», — деп эскерди маркум баланы кошунасы. Ал эми кичинекей Максимдин болсо жаңыдан эле тили чыгып, «ата» жана «апа» деген сөздү айтып калган кези болчу. Алардын үй-бүлөлүк сүрөтүн кырсык болгон күндүн эртеси орнотулган боз үйдүн үстүнө жабылган бала жапкычка илип коюшкан. Алардын биринде Егор кадр сыртында калган бирөөгө алаксып кеткен бөбөгүнүн колун камкордук менен кармап турганын көрүүгө болот.

Өрт чыккан күндүн эртеси баары адаттагыдай башталган. Мээримдин күйөөсү Игорь эртең менен жумушуна — тегирменге кеткен. Кайра кайтып келсе эле үйүндө өрт өчүргүчтөр иштеп жатканын көргөн. Ал үйдүн эшигин ачайын деген, бирок эшик бек болгон. Игорь аялы менен балдарын издеп, алар ага айтпай эле бир жака кетип калышса экен деп үмүттөнгөн, себеби акыркы убакта Мээрим Бишкекке жумуштары менен тез-тез каттап турчу.

Бирок бул жолу ал эч жакка кеткен эмес.

Ошол кечти Игорь эмне болуп кеткенин толук түшүнө албай, көз жаш менен өткөрөт. «Мени алардын жанына көмүп койгулачы», — деп кошуналарынан суранды. Тигилери чымыркана кетишип, Игорь дагы өзүн өзү өлтүрүп салышы мүмкүн го деп шыбырашып калышты. Игорь акыркы айда аялы менен такыр урушкан эмесмин деп айтып берди. Аларда баары жакшы эле болгондой.

Үйдүн короосунда капталындагы жүндөрү бир аз күйүп кеткен кара ит чуркап жүрөт. Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Тажия күнү Игорь достору менен машинада отурду — бир башкача тынч, дүйнөдөн кечкен кишидей көрүндү. Игорьдун ой-санаасын жана секунд сайын Мээрим эмне үчүн бул кадамга барганын анын бир тууган карындашы Юлия гана туят. Карындашынан башка аны дээрлик эч ким түшүнө албайт — Игорь дүлөй болуп төрөлгөн, ал кол жаңсап көрсөтүү же кыска үндөр менен гана сүйлөшө алат. Мээримдин бир кулагы гана укчу, бирок алардын балдары кадимкидей угуп сүйлөй алышчу.

Үйдүн короосунда капталындагы жүндөрү бир аз күйүп кеткен кара ит чуркап жүрөт. Ал коркконунан чоочун адамдарга үрбөйт деле. Өрттүн жалгыз күбөсү болгон итти каргашадан кийин араң үйдүн алыскы бурчунан табышкан.

Үйдүн дарбазасы эки капталга ачылган. Анын жанында темир үкөктөр менен тактайлардан жасалган отургучтарда айылдын аксакалдары отурушат. Ал эми үйдүн жанында 20га чукул адам туруп алып, окуяны талкуулашууда. Алардын көпчүлүгү каргаша болгон күнү жок болгону менен ар биринде эмне үчүн Мээрим мындай кадамга баргандыгы тууралуу өз версиялары бар.

«Өрт чыкканга чейин ал өтө капаланып жүргөнүн уккам. Ал жылдар бою баарына чыдап жүрүп, эми мынтип чыдамы түгөндү», — деп жергиликтүү тургундардын бирөөсү айтып берди.

Мээримдин туугандары ушунун баары үчүн анын кайненеси Светлананы күнөөлөшөт: ал келинине дайыма кысым көрсөтүп, сабап туруп сарайга жашаганга кууп чыккан дешет.

«Ыйлап-сыктап, мага СМС жазчу. Атүгүл мен Света эжеге чалып, “аларга тийишпей эле коюңузчу” деп да айткам. Мээрим акыркы кездерде кайын энесине көп арызданчу, муну бардыгы [анын туугандары] тастыктап бере алышат», — деп айтып берди журналисттерге Мээримдин эжеси Акылай.

Сарай менен гараждын кара дубалдары жүз берген окуяны дагы көпкө чейин эстетип турат. Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Игорь, анын карындашы Юлия жана алардын энеси Светлана бардык журналисттерден качып жүрүштү. Кеп Мээрим менен анын кайненесинин ортосундагы мамилеге такалганда, Юлия апасын күнөөлөшкөн журналисттерге жинденип, Мээрим жана Игорь балдары менен жашаган бөлмөнү көрсөтүү үчүн журналисттерге үйдүн ичинде экскурсия да өткөрүп берди. Айылдагы ушактарга таянсак, Светлана чыр-чатактан кийин аларды сарайда түнөгөнгө кууп салган. Ал жакта мүшок каптарга салынган таштандылар сакталчу.

Керебеттери жана балдардын оюнчуктары бар жайлуу бөлмө, шкафта Егордун кийимдери тыкан илинип турат. Алардын ичинен өзгөчө Егордун үлгүлүү мектеп формасы көзгө урунат, ал эми гүл отургузулган карапалардын жанында Максимдин чыгырыгы (ред. — ходунок) турат.

«Ар бир үй-бүлөдө чыр-чатак болот, биздикинде да болду, бирок эч качан мындай нерсе болгон эмес. Мээрим Игорь экөө дээрлик 12 жыл бирге болушту. Аны ушуга менин апам жеткирип койду деген ар кандай ушак кептер айтылып жүрөт, бирок бул андай эмес», — дейт Юлия.

Мээрим жөнүндө ушак-айың кептер айылга тез эле тарап кетти. Кимдир бирөөлөрү Мээрим көчөдө ур-токмок жеген бойдон басып жүрчү дешсе, башкалары Светлана алардын үй-бүлөсүнүн акчасын тартып алчу дешет, кээ бирлери болсо Мээрим каза тапканга чейин кош бойлуу болгонун айтышат.

Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Бирок, алардын кошунасы Айгүл эже акыркы убакта үй-бүлөдөгү жаңжалдын эч кандай белгилерин байкаган эместигин айтат. Мээримди ЖМКлар «акыл эси жайында эмес» деп атап жатышканы менен аны жок дегенде бир аз билген адамдар Мээрим толук бойдон жакшы адам деп сүрөттөшөт. Милиция тергөө иштерин бүтө элек, бирок өзүн өзү өлтүрүү версиясын каралып жатат, анткени Мээримди бир канистр бензин менен көрүшкөн эле. Бул окуядан кийин күйүүчү май саткан дүкөндөр өз иштерин токтото коюшуп, жөн гана «бензин жок» деп кол шилтешет.

Үйгө машиналар биринин артынан бири чубалып келип жатты — биринде туугандары, экинчисинде журналисттер. Журналистттерди Юлия тосуп алып, камерага интервью бере берип жаттап бүткөн сөздөрүн кайталап жатты. Бирок жүз берген окуя жөнүндө өз апасы менен байкесине суроо берүүгө таптакыр тыюу салып жатты.

Бирок Игорь мен үчүн ансыз да жабык — айылда бир да сурдо котормочу жок жана менин аны менен же анын достору менен сүйлөшүүгө жасаган аракеттеримден майнап чыкпай жатты. Алар мени угушпайт, а мен болсо алардын кол жаңсоолорун түшүнбөйм. Өзүмдү оңтойсуз сезип турдум.

Игорь (оңдо көп топучан) аялы менен балдары жерге берилген күндүн эртеси. Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Алар үй дарбазасынын алдында туруп алып жымжырттыкта кол менен активдүү кол жаңсашып, бир нерсени талкуулап жатышат. Алардын ичинен кулагы бир аз жакшыраак уккан адам алар Игорго көңүл айтып жатышат деп мага которуп берди. Игорь бул жактан алыс жүргөндөй түр калтырат.

Өрт чыккан күндөн бир апта өткөн соң Игорьдун ал-жайын сурайын деп келсем үйдө жок экен. Ага бардыгы каза тапкан үй-бүлөсүн элестеттирип же эстеттирген жерде жүрүүгө кыйын, ошондуктан ал бир нече күнгө досторунукуна кеткенин айтышты. Мээрим жөнүндө ар бир эскерүү ага кайгы-муң алып келет.

Юля байкеси менен апасын караш үчүн энесинин үйүндө калган. Эми ал үйдүн улуусу катары калды. Ушак кептер көп болуп кеткендиктен Юля адамдардын оозунан түшпөгөн сандырак кептерди окубаш үчүн үйдөгү интернетти өчүрүп койгон.

«Мен далилдей берип тажадым. Мындан ары эптеп болсо да жашап, Игорду бутуна тургузуп кетебиз. Ал жалгыз эмес, мен бармын, апасы бар», — деди да үйгө кирип кетти Юля. Күйүп кеткен ыпыр-сыпыр эптеп-септеп жыйналыптыр, бирок сарай менен гараждын кара дубалдары бул окуяны дагы да болсо көпкө чейин эстетип турат.