КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү алардын партиясын ыдыратуу аракети жүрүп, учурдагы бийлик алардын партиялаштарына кысым көрсөтүп жатканына арызданышты. Бул тууралуу кеңештин мүчөлөрү Бишкектеги басма сөз жыйынында билдиришти. Кызыктуу дагы эмнелер айтылды?
Журналисттердин алдына парламенттин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана саясий кеңештин мүчөсү Нурбек Касымбеков менен партиянын катчысы Таалай Усубалиев чыгышты.
Алардын билдирүү таратышына партиянын кезектеги жыйынын датасы боюнча карама-каршы маалымат тараганы себеп болгон — КСДПнын мурдагы мүчөсү, депутат Иса Өмүркулов билдиргендей, делегаттардын жыйыны 3-апрелде өтмөкчү, а бирок партия өзү съезд 6-апрелде болот деп айтууда. Саясий кеңештин мүчөлөрү Өмүркуловдун аракеттерин «мыйзамсыз» деп аташты.
Басма сөз жыйында дагы кандай кызыктар айтылды?
• КСДПнын саясий кеңеши «Атамбаевсиз КСДПнын» артында Өмүркулов турат дешти. Бул кыймыл 2018-жылдын ортосунда пайда болуп, алар партия төрагасы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен ачык араздашууда болуп аткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.
• КСДПнын парламенттеги депутаттарынын бир бөлүгү өздөрүн фракция ичиндеги оппозиция деп аташты. Карамушкинанын айтымында, ал өзү жана дагы үч депутат Асел Кодуранова, Данияр Аттокуров жана Мурадыл Мадеминов КСДП фракциясынын жыйындарына бойкот кылышууда. Каршылык көрсөтүүгө фракциянын жыйындарын 2018-жылы октябрда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын колдоого шектелгени үчүн партиядан чыгарылганына карабастан, формалдык түрдө социал-демократтардын парламенттеги төрагасы болууну улантып жаткан Иса Өмүркулов алып барып жатканы себеп.
• КСДП азырынча президент Сооронбай Жээнбековду кысым көрсөтүү боюнча ачык күнөөлөбөгөнү менен партиянын ыдырашы ал үчүн «пайдалуу» деп айтууда. Ирина Карамушкина Жээнбеков үчүн Атамбаевди саясий аренадан алып салуу пайдалуу деп эсептейт. Анын айтымында, президенттик шайлоодон кийин Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык кызматынан кетпей койгону президенттердин ортосундагы ажырымдын акыркы чеги болгон. КСДП же анын Атамбаевди колдогон бир бөлүгү Жээнбековду кланчылыкка айыптоодо.
• Бийлик КСДПнын мүчөлөрүн суракка чакырып, кызматтардан алып кысым көрсөтүүдө. Бул тууралуу да Карамушкина айтып чыгып, буларды «Бакиевдердин ыкмасы» деп атады. Муну менен ал учурдагы бийликтин ыкмасы 2010-жылы апрель революциясынын учурунда кулатылган президент Курманбек Бакиевдин убагында колдонулган аракеттерге окшош экендигин айткысы келген.
Эмне үчүн бул сизди ойго салышы керек? Анткени КСДП — бул бир эле учурда бир нече деңгээлде араздашууларды баштан кечирип аткан өлкөдө эң башкы саясий партия:
• лидерлердин ортосунда: Атамбаевдин, Жээнбековдун жана Өмүркуловдун;
• парламентте фракция ичинде: депутаттардын бир бөлүгү Атамбаевди колдоп, Өмүркуловду жаман көрүшөт, дагы башка бөлүгү — же өз позициясын билдирбейт же Атамбаевден тескери басып кетишкен же болбосо Жээнбековду колдошот;
• партиянын өзүнүн ичинде: партиянын бир бөлүгү Атамбаевди колдойт, башка дагы бир бөлүгү «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы түрүндө аны сүрүп чыгууга аракеттенет.
Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда КСДП аны колдоп, өлкөнүн саясий күн тартибин аныктап турган партия болгон. Атамбаев өзү ошол кезде КСДПны «президенттик партия» деп ачык айтканы бар.
Азыр, бардык талаш-тартыштардан жана КСДПнын ичиндеги Атамбаевди колдогон жана колдобогондор деген бөлүнүүлөрдөн улам партияны «президенттик» деп айтууга болбойт. КСДПнын парламенттеги да, анын сыртындагы да саясий күн тартиби бир аз да болсо белгилүү жана түшүнүктүү болуп бара жатат.
Авторлошу: Айсымбат Токоева