Иллюстративдүү сүрөт

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) маалыматына ылайык, соңку беш жылда каттоодон өткөн автоунаалардын саны 240 миңден 420 миңге чейин өскөн. Эксперттердин пикиринде, бул сан шаар инфраструтурасы жана коомдук транспорт системасы начар өнүккөнүн айгинелеп турат.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Канатбек Муратбеков 20 машинанын ичинен 16сы абага зыяндуу заттарды ченемден ашык чыгараарын 2018-жылы билдирген.