Сүрөт БФДнын фейсбуктагы барагынан алынды

Бишкектин мэриясы биринчи 8-мартка карата аялдардын тынчтык жөө жүрүшүнө тыюу салып, бирок кайра уруксат берди. Тыюу салууга иш-чара жарандардын «жеке коопсуздугуна» коркунуч жаратышы ыктымал экендиги себеп болгон. Бул жөө жүрүштү жыл сайын Бишкек феминисттик демилгелер (БФД) кыймылы уюштуруп келет.

Материал 19:25те жаңыртылды.

8-мартка карата жөө жүрүштү өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө токтомго Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов кол койгон. Бирок эки саттан кийин ал өз чечимин өзгөрткөн.

Султанов БФДга 8-мартта жөө жүрүш өткөрүүгө башка да бир нече уюм ошол күнү өз иш-чараларын өткөргүлөрү келгенинен улам тыюу салганын билдирди. Бирок анын айтымында, пландалган иш-чаралар «үзгүлтүккө учураган», ошондуктан БФД жөө жүрүш өткөрө алат.

«Биз алар бири-бирине жолтоо болбосу үчүн чектейли дедик. Ал эми тигил иш-чаралар [эми] болбой калды. Балким аба ырайына байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондуктан азыр [жөө жүрүш уюштуруу үчүн] маселе жок», — деди Султанов «Клооптун» кабарчысына.

Бирок аким 8-мартта кайсы уюмдар иш-чара өткөргүлөрү келген деген суроого жооп бере алган жок.

Жөө жүрүш тууралуу жарыя. Сүрөт БФДнын фейсбуктагы барагынан алынды

БФДнын координатору Фарида Лансарова мэрия жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат бергенин тастыктады. Буга чейин бир нече саат мурда ошол эле мэрия «жарандардын жеке коопсуздугуна» байланыштуу коркунучтардан улам тынчтык жөө жүрүшүн өткөрүүгө тыюу салган. Ошондой эле бийлик жөө жүрүшкө тыюу салуу жөнүндө токтомдо ушул эле күнү «Эл аралык аялдар күнүнө карата иш-чаралар» пландалганын айтышкан.

Мындан тышкары, БФДнын маалыматына ылайык, активисттерге ШИИбден Төлөгөн атту бирөө чалып, Кыргызстанда ЛГБТ укуктарын коргогон жана аларга жардам берген «“Лабрис” уюмун тизмеден чыгарууну жана жөө жүрүштүн маршрутун өзгөртүүнү» талап кылган.

«Кактус» басылмасы жөө жүрүштүн уюштуруучусу Гүлайым Айылчыга таянып, «Кырк Чоро» уюму «тынчтык жөө жүрүштү өткөрүүгө жолтоо» болушу мүмкүн деп жазган. Бул билдирүүнү кыймылдын башчысы Замирбек Көчөрбаев четке кагып, «Клооптун» журналистине курган маегинде бул тууралуу «биринчи жолу» угуп жатканын айтты.

БФД Бишкекте тынчтык жөө жүрүшүн өткөрүүнү жана аялдардын тилектештик шаарчасын уюштурууну пландоодо. Маалыматка ылайык, алар каалоочулар үчүн билим берүү сессияларын өткөрө турган бир нече чатыр тигишмек.

Авторлору: Айдай Эркебаева, Эмил Султаналиев