Бишкектин үстүндөгү кара түтүн. Сүрөт: Виталий Белошапкин / ЛИВЕНЬ.Living Asia

Жарандык активисттер Жогорку Кеңештин депутаттарына өлкөдө абанын булганышын көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунушташты. Эл өкүлдөрүнүн арасында көйгөйдү чечүүгө даяр болгондор бар болуп чыкты.

Депутаттар, активисттер, эксперттер жана жарандар 1-мартта борбор калаада Ош менен Бишкек шаарларындагы абанын булганышына каршы күрөшүү үчүн мыйзам долбоорду түзүү боюнча коомдук угууларды өткөрүштү.

Рахат Сабырбеков

Баяндамачылардын ичинен Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) мугалими Рахат Сабырбеков негизги докладчы болду.

Анын отчётуна ылайык, Бишкекте баарынан да абаны автоунаалардын чыгындылары, жылытууда жагылган катуу калдыктар, андан тышкары, чаң жана катуу майда бөлүкчөлөр булгайт. Ошол эле маалда өлкөдө жылдан-жылга көмүр колдонуучулардын жана 15 жылдан ашуун айдалып, эскилиги жеткен автоунаалардын саны өсүп жатат.

Эксперттер Кыргызстандагы абанын булганышын Европа биримдигиндеги өлкөлөр менен салыштырышты. Мисалы, Евробиримдик өлкөлөрүндө автоунаа канча чыгынды жана кандай үн чыгараанына байкоо жүргүзүшөт.

Салыштыруу автоунаа чыгарган зыяндуу заттарга гана эмес, имараттардын курулушундагы энергиялык эффективдүүлүк маселесине да тийиштүү болду. Сабырбековдун отчётуна ылайык, турак-жай имараттарындагы жылуулук энергиясынын жоготуусу кээде 60 пайызга чейин барат. Ал эми квадраттык метрге кеткен энергиянын чыгымдары Кыргызстанда Европага салыштырмалуу беш эсеп көп.

Өлкөдө абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча жоболор бар болгону менен алар иш жүзүндө иштебейт.

Эксперттин отчётуна ылайык, абанын тазалыгын сактоо жана штрафтар тууралуу мыйзамга карабастан, мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар «чабал мүнөзгө ээ» жана абаны булгоого эч кандай деле таасир этпейт.

Абанын сапатына Кыргызгидромет жооп берет. Ал 14 стационардык посттордун жардамы менен Кыргызстандын беш шаарында абанын курамы тууралуу маалыматтарга байкоо жүргүзө алат. Агенттик жалпысынан алты булгоочу затка байкоо жүргүзөт: күкүрт диоксиди, азоттун оксиди менен диоксиди, формальдегид жана аммиак. Бирок бул жетишсиз деп эсептейт Сабырбеков.

«Бүгүнкү күндө Кыргызгидромет калктын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн көмүртек оксиди, бензпирен, ээрип кетүүчү сульфаттар, цианиддер, фенолдор жана оор металлдар сыяктуу өтө эле зыяндуу деп таанылган абаны булгай турчу бөлүкчөлөрдү туруктуу негизде жана шаардын бардык аймактарында ар кандай себептерге байланыштуу аныктабайт», — деп айтылат отчётто.

Ошондой эле эксперттер Кыргызгидромет эскилиги жеткен жабдууларды жана абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча эски ыкмаларды колдонгондугу тууралуу айтышууда.

Абанын булганышына каршы күрөшүү үчүн эмнелер сунушталууда?

Жолугушууда активисттер депутаттарга коомдук транспорттун шаардык системасын иштеп чыгууну, автоунаалар колдонгон күйүүчү майларга жаңы талаптарды киргизүүнү, мындан тышкары, электромобилдердин жана гибриддик транспорт каражаттарынын санын көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү сунушташты.

«Жаңы машиналарды четтен ташып келүүнүн баасы эң арзан болгондой кылып бажы тарифтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү, [...] кыймылдуу мүлккө салынуучу салыкты кыймылдаткычтын көлөмүн эске албай, анын жашын жана андан иштелип бүткөн газдардын чыгышын эске алуу менен карап чыгыш керек», — деп сунуштады эксперт.

Жаңы конуштардагы катуу чыгындыларды жагуу маселесин чечүү үчүн Сабырбеков жылуу материалдарды өндүрүүнү жана киргизүүнү жөнгө салууну, андан тышкары дөңгөлөктөрдү кайра иштетип чыккан компанияларга жеңилдетилген салык киргизүүнү сунуштады.

«Жеке сектордо от жагуу системаларынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана жылуулоо үчүн банктык насыя берүү системасын киргизүү жана иштеп чыгуу, жеке сектордогу үйлөрдүн жана мамлекеттик жайлардын энерго эффективдүүлүгүнө баалоо жүргүзүү керек», — деди Сабырбеков.

Парламенттин депутаты Абдывахап Нурбаев «Клоопко» айтып бергендей, азыр юристтер менен эксперттерден түзүлгөн группа мыйзам долбоорун даярдоо боюнча иш алып барууда.

«Бир же бир жарым айдан кийин биз кайсы мыйзамга, кандай өзгөртүүлөрдү киргизээрибизди аныктайбыз. Мисалы, биз эски машиналардын [ээлерине] салыкты көтөрөбүз, себеби элдин ден соолугу жогору турат», — деди депутат.

Ал эски автоунааларга салыкты көтөрүү — бул аргасыз чара деп айтты. Депутаттын баамында, эски машиналардын ээлери үчүн салык эки эсе көтөрүлүшү мүмкүн.

Нурбаев кошумчалагандай, эксперттер менен активисттердин бардыгынын эле сунуштарын аткаруу мүмкүн эмес. Мисалга алсак, депутат күйүүчү майдын ар бир литрин сатуудан түшкөн акынын 10 пайызын Бишкекти жашылдандырууга которуу жөнүндө идеяны «аткарылгыс» деп атады.

«Муну салыктар менен чече албайсың. Биз күйүүчү майдын сапатына байланыштуу маселени чечип, көмүрдүн колдонулушун азайтып, элди газга өткөзүшүбүз керек. Биз энергиянын альтернативдүү булактарын колдонушубуз зарыл», — деди Нурбаев.

Анын айтымында, конуштардан зыяндуу заттардын абага чыгышын төмөндөтүү үчүн тургундарды газ менен жылытууга өткөзүш керек.

«“Газпромдун” инвестициялык программасы бар. Биз алар канчасын [газдаштырууну] убада кылышканын, канчасын аткарышканын билебиз. Калктын кырк пайызы катуу отун жагат, аларды газга өткөрүү керек [...] Энерго эффективдүүлүгү абдан төмөн. Энергиянын жоголушу 60 пайызга чейин жетет. Биз курулуш талаптарын да өзгөртүшүбүз зарыл», — деди Нурбаев.

Бишкектеги кара түтүн маселеси

Абанын булганышына каршы күрөшүүнү талкулоо Бишкектеги абага байланыштуу көйгөйлөрдүн шартында болуп жатат. Активисттер калаанын үстүндөгү кара түтүнгө жана калктын ичиндеги саламаттык маселелерине даттанышууда. Ал эми бийлик бул көйгөйдө машиналардын санынын көптүгү жана жеке сектор күнөөлүү дешүүдө.

Адистердин пикиринде кара түтүн Бишкектин үстүнө шаар шамал менен начар желдетилген тоо этектеринде жайгашкандыктан чогулат.

Медицина илимдеринин доктору Рустам Тухватшиндин айтымында, Бишкекти кара түтүндөн тоодон түшкөн кечки сыдырым жел тазалай алат. Бирок учурда анын кыймылына шаардын түштүк бөлүгүндөгү жаңы конуштар жолтоо кылышууда.

Эколог Эмил Шүкүров да Бишкекте аба туура эмес архитектуралык пландаштырууга байланыштуу булганып атканын бир нече жолу айткан. Ал Бишкекте мурда аба тазалаган система болгонун түшүндүрдү: тоо шамалы шаардын тикелей көчөлөрү, тагыраагы Абдрахманов, Тынчтык же 7-апрель проспектилери аркылуу түшүп, калааны желдетип турчу.

Бирок шаардын түштүк бөлүгүн кичи райондор менен чаржайыт куруп салышкандыктан, алар тоо шамалынын кыймылын тосуп калган. Бишкектин абасында адамдын организми үчүн кооптуу формальдегид жана катуу бөлүкчөлөр бар. Формальдегиддин булагы — чыгынды газдар, ал эми катуу бөлүкчөлөрдүкү — жагылып аткан көмүрлөр.

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюмнун маалыматына ылайык, абанын булганышынан дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 7 млн киши жабыркайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Данияр Аманалиев: Бишкектеги кара түтүн кырдаалы дагы курчуйт. Мындан ары кантип жашаш керек?

Абдывахап Нурбаев