Кыргызстандын Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев. Сүрөт: «Кабар»

Кыргызстандын Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев бренди орусиялык рэпер Тиматиге таандык Black Star Burger ресторанынын ачылышына катышты. Токтомушев салтанаттуу түрдө лента кесип, чогулгандардын алдында сөз сүйлөдү.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) басма сөз катчысы Максат Атабаев бургеркананын ачылышына муфтийди уюштуруучулар чакырышкан, ал эми иш-чаранын өзүндө Максат ажы Токтомушев биримдик жана тынчтык тууралуу сүйлөгөнүн «Клооптун» журналистине айтты.

Материал саат 15:43тө жаңыртылды