Арсений Мамашев / Kloop.kg

Бишкекте 8-мартка карата аялдардын жөө жүрүшү болуп өттү. Ага бир гана феминисттер менен активисттер гана эмес, жөн гана аялдарга карата зомбулук жана гендердик теңсиздик маселелерине көңүл кош карабаган жөнөкөй жарандар да катышышты.

Жөө жүрүш өткөнгө чейин бир күн мурда шаардын бийлиги иш-чараны токтотууга аракет жасап, атүгүл «Кырк Чоро» кыймылынын өкүлдөрү аны үзгүлтүккө учуратууну пландашканына карабастан, тынчтык жүрүшүнө 150дөй адам чыккан. «Клооптун» фото сүрөтчүсү Арсений Мамашев бул күндүн эң эле эсте калаарлык учурларын тартып келген.

Жөө жүрүштүн катышуучулары «Россия» кинотеатрынан баштап Октябрь революциясынын күрөшүүчүлөрүнө арналган мемориалдык комплекске чейин басышты. Арсений Мамашев / Kloop.kg
Казакстандын активисттери Бишкектеги аялдар жөө жүрүшүнө атайын келишкен. Алардын мекенинде жөө жүрүш өткөрүүгө тыюу салышкан. Арсений Мамашев / Kloop.kg
Митингдин катышуучулары Курманжан датканын эстелигинин алдында. Арсений Мамашев / Kloop.kg
Жөө жүрүштүн катышуучуларын милиция өкүлдөрү менен жеке күзөтчүлөр коштоп жүрүштү. Арсений Мамашев / Kloop.kg
Плакаттагы жазуу: «Аял тукум улоочу машина эмес». Арсений Мамашев / Kloop.kg
Арсений Мамашев / Kloop.kg
Өткөн жылдарга салыштырмалуу жөө жүрүштүн коопсуздугун камсыздай турган милиционерлердин саны бул жылы алда канча көп болду. Арсений Мамашев / Kloop.kg
Плакаттагы жазуу: «Мен канчыктарды колдойм». Арсений Мамашев / Kloop.kg
Жөө жүрүштүн катышуучулары «Ала-Тоо» аянтынан басып бара жатышат. Арсений Мамашев / Kloop.kg
Арсений Мамашев / Kloop.kg
Сол жактагы плакатта: «Даяр болгула — аялдар келе жатат!». Арсений Мамашев / Kloop.kg