Светлана Ашированын сүрөтү

Асланайым Кыргыздын кызы аты менен таанымал каскадёр Светлана Аширова Эр-Рияддагы Camel Fest этнофестивалына даярдануу учурунда жаракат алды. Дарыгерлердин айтымында, анын бутун ампутация кылуу керек, ал эми анын үй-бүлөсү менен туугандары Кыргызстандын бийлигинен спортчу кызды Кыргызстанга жеткирүүнү уюштуруп берүүсүн суранышууда.

Материал 17:20да жаңыртылды.

Светлана Аширова 8-мартта Camel Festтин башкы даярдануусу учурунда үч ат оюнчусу сүзүшүп кеткенден улам жаракат алган. Жабыр тарткан спортчунун айтымында, фестивалга даярдануу учурунда ат оюнчуларынын бирөөсү сүрөткө түшүп жаткан, жыйынтыгында бул сүзүшүүгө себеп болгон.

Эр журок Асланайым готовится к сложнейшей операции. Поддержим нашу соотечественницу! Вчера, 8-марта, на Camel Fest...

Posted by Акшин Жанузаков on Saturday, March 9, 2019

Каскадёр кыздын жакындарынын айтымында, анын буту көптөгөн сынуулардын айынан «экиге бөлүнүп калганына» карабастан, ага эки күн бою ыкчам жардам көрсөтүшкөн эмес. Андан кийин каскадёр кыздын бутунун ткандары өлө баштаган — эми болсо араб дарыгерлери бутту кесип салыш керек деп айтышууда.

Уважаемый президент Кыргызской Республики Сооронбай Шарипович, кыргызстанцы! 2 дня назад, 8-марта, в Эр-Рияд во время...

Posted by Esena Arstanbekova on Saturday, March 9, 2019

Ашированын үй-бүлөсү менен жакындары жабыркаган спортчу кыздын ал-акыбалын сурап келбеген жана каскадёр кыз кабылган окуя тууралуу анын апасына кабар бербеген кыргыз делегациясынын көңүл кош мамилесине арызданышууда.

Алар спортчу кызды мекенине жеткирүү же кыргыз медиктерин Эр-Риядка алып келүүгө жардам берүүнү суранып Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазышты.

Спортчу кыздын жакындары менен Этно оюндардын дүйнөлүк федерациясынын версиялары бир аз айырмаланууда.

Асланайым Аширова находится в лучшей клинике Эр-Рияда и получает всю необходимую помощь Всемирная конфедерация...

Posted by Айнура Темирбекова on Sunday, March 10, 2019

Ал жерде Аширова өзү билемдик менен атка чыгам деп атып жаракат алганы, андан кийин ага биринчи жардам көрсөтүлүп, ал госпиталга жеткизилгени, андан тышкары каскадёр кызга «бутунун чоң жото жилик сөөгүнүн проксималдык бөлүгү жылышуусуз толугу менен сынып кеткен» деген диагноз коюшкан.

Сүрөт: Этнооюндар федерациясы

Ошондой эле, спортчу кыздын дарылануудан өтүүсү бекер болот деп айтылган.

Светлана Аширова — же Асланайым Кыргыздын Кызы — кыргыз каскадёру жана аба гимнасты. Ал Көчмөндөр оюнунда, кыргыз циркинде жана АКШ, Түркия, Орусия, Италия, Кытай жана Кореянын сахналарына чыгып, конолордо каскадёр болуп иштеген.

Аширова буга чейин да жаракаттарды алган — буту, колун жана манжаларын сындырып алган, бирок бул анын каскадёрлук карьерасына тоскоол жараткан эмес.

Ал 1000ге чукул адамдан турган кыргыз делегациясы менен чогу февралдын аягында Эр-Рияддагы Camel Fest этнофестивалына жөнөп кеткен. Фестиваль 9-марттан 23-мартка чейин болуп, ага 90 мамлекеттин өкүлдөрү катышышууда.