Бир карын майды бир кумалак чиритет. Жээнбеков сот системасы жөнүндө эмне деди?

Президент Сооронбай Жээнбеков судьялардын XI курултайына катышты. Ал өз сөзүндө коррупция менен иштерди создуктурууга байланыштуу сындарга көңүл бурган. Президент дагы эмнелерге токтолду?

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 11-мартта судьялардын XI курултайы болуп өттү. Курултайда Соттор кеңешинин жаңы курамы шайланып, сот системасы жаңы кодекстер боюнча кандай иштеши керектиги талкууланды.

Жээнбеков сот тутумун каржылоо «артыкчылыктуу экенин, [...] бирок азырынча тийиштүү кайтарым болбой атканын» айтты. Президенттин айтымында, сот системасын каржылоо жогорулап, материалдык-техникалык база чыңдалууда. Ал сот реформасы үчүн «саясий эрк жана каражат» бар экенин айтты. Жээнбековдун пикирине ылайык, ал каржылоого муктаж башка да тармактар бар экенин түшүнөт, мисалы, билим берүү жана медицина тармактары. Бирок президент тармактардын баары өз ара байланышта экенин жана «алардын айлыгы качан гана экономика өскөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда көбөйөөрүн» айтат.

Кыргызстандын сот системасы «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей абалда. Жээнбековдун айтымында, судьялардын арасында «“сот” деген ардактуу наамды алып жүргөнгө татыктуу эмес кызматкерлер аз эмес». Ал судьялар өз кызыкчылыктарын көздөп, кылмышкерлердин иштеринин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар кездешет. Анын пикири боюнча, судьялардын ишинде эң башкы нерсе — бул мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү.

Жээнбеков иштердин мөөнөттөрүн создуктурууну «кейиштүү көрүнүш» деп атады. Ал өз дарегине иштерди кароо мөөнөттөрүнө карата арыздар көп түшүп атканын айтты. Анын пикири боюнчка, бул соттордогу «ашык бюрократия менен соттук кыңыр иштердин» айынан болууда. «Жогорку сот бир эле ишти кайра-кайра караган учурлар көп». Бул жерде кеп адамдын тагдыры жөнүндө болуп аткандыктан, мен сөзсүз чечим кабыл алынышы керек деп эсептейм.

Президент судьяларды тандап алуу тартибин катаалдаштыруу керек деп эсептейт. Анткени, адамдардын тагдырларын «сабатсыз жана таза эмес адамдар» чечпеши керек. Жээнбековдун айтымында, Судьяларды тандоо кеңеши талапкерлерди тандоодо коюлган талаптарды сактабайт — президент 2018-жылы талапкерлердин 28% четке кактым дейт.

Санариптештирүү сотторду натыйжалуу иштөөгө жана жеткиликтүү болууга жардам бере алат. Анын айтымында, сот өндүрүшүнө, документ жүгүртүү жана кат алмашууга «тонналаган кагаздар кетет», ал эми керектүү документтерди издөөгө бир нече күн убакыт сарпталат. «Кээде кат алмашуулар жарым жылдап жүрөт. Демек, сот процесстери да жылдап жүрүп, иштерди кароонун мөөнөттөрү бузулат», — дейт Жээнбеков. Ал санариптештирүүнү тездетүү үчүн биринчи кезекте судьялар өзгөрүшү абзел экенин айтты. Президенттин айтымында, судьялардын көпчүлүгү «компьюетерде иштегилери келбейт», алар үчүн бул жумушту катчылары жана жардамчылары аткарышат.