Табып Зайналиев дарыгерлик кылууга тыюу салган чечимдин үстүнөн даттанды

Хашим Зайналиев

Бишкектин Октябрь райондук сотунун табып Хашим Зайналиевге дарыгерлик кылуу ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп тааныган чечимин анын өкүлү шаардык сотко даттанды. Буга чейин сот Зайналиевдин бир нече бейтабы каза тапкандан кийин ага дарыгерлик кылууга тыюу салган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан 12-мартта «Клооптун» кабарчысына маалымдашкандай, Бишкек шаардык соту Зайналиевдин ишин кайра карайт. Бирок басма сөз кызматтан табыптын өкүлдөрү райондук соттун чечимин качан даттанышканын тактап беришкен жок.

«Азыр ишти кароо үчүн судьяларды дайындап жатышат», — деп кошумчалашты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан.

«Апрель» телеканалынын журналисттери 11-мартта эмне үчүн ал тыюуга карабастан мурдагыдай эле адамдарды дарылап жатканын билүү максатында Зайналиевдин клиникасына барышкан.

Бишкектин Октябрь райондук соту 14-февралда Башкы прокуратуранын азыры боюнча табыптын ишмердигин мыйзамсыз деп таанып, ага адамдарды дарылоого тыюу салган. Соттун талабын аткарбагандыгы үчүн Зайналиев эки жылга чейин эркинен ажыратылыш мүмкүн болгон.

Зайналиевге каршы козголгон кылмыш иши

«Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» үчүн Зайналиевге биринчи кылмыш иши 2017-жылы жайында козголгон. Ал кезде табыптын операциясынан улам бейтап аял каза тапкан. Ал оорулуунун эмчегин наркозсуз алып салууга аракет жасаган. Бирок ал жазага тартылган эмес, себеби маркум аялдын жакындары анын үстүнөн арыз жазышкан эмес.

Экинчи жолу кылмыш иши 2018-жылы декабрда козголгон. Ал учурда табып кандын рагынан дарылаган беш жашар кыз оор абалда ооруканага түшкөн. Январдагы сот жыйынында Зайналиев бошотулган — жабыркаган тарап ага койгон дооматынан баш тарткан.

Сот териштирүүлөрү учурунда Зайналиевди коргоо максатында президент Сооронбай Жээнбековдун атына ачык кат жазгандар болгон. Катка бир нече адам кол койгон, алардын ичинде КТРК жана ЭлТР телеканалдарынын мурдагы башчылары Кыяс Молдокасымов, Бейшенбек Бекешев жана башка журналисттер, окумуштуулар бар.

Саламаттык сактоо министрлиги ырастагандай, табыптын дарыгерлик кылууга жана адамдарга медициналык жардам көрсөтүүгө лицензиясы жок. Саламаттык сактоо министрлиги ИИМ жана УКМКга кайрылганы менен ага карата чара көрүлгөн эмес.