Баткендеги кыргыз-тажик чек-арасына жакын аймак. Сүрөт: Гүлгакы Мамасалиева 

Кыргызстандын жана Тажикстандын бийлигине Баткен облусундагы чек арага жакын жашаган тургундардын ортосундагы чатакты токтотууга мүмкүн болбой жатат. Чыр-чатак 13-март күндүзү кыргыз тарап куруп аткан Аксай — Тамдык айлампа жолунун курулушунан улам башталган.

Материал саат 12:32де жаңыртылды

Чыр чыккан жерге Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Раззаков жөнөп кетти. Ал 24.kgге курган маегинде чек арада абал курч бойдон калып атканын билдирген.

«Тажикстандагы кесиптештерим, ошондой эле эки тараптын жергиликтүү бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөм [...] Беш тажикстандыктын жарадар болгондугу жана Ворух анклавынын тургундарынын беш кишини барымтага алгандары тууралуу маалымат тастыкталбай жатат. Талаштуу аймакка жакын Аксай жолунун тилкеси жабык бойдон калууда», — деди Раззаков.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» билдиргендей, жарадар болгон кыргызстандыктын абалы оор. Анын төшүнө ок тийген.

«Аны тез арада операция кылышкан. Азыр ал Баткен облусунун ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор. Жабыркаган адам эсинде болгону менен азырынча врачтар анын өпкөсүн аппаратта кармашууда», — деди Айгерчинова.

Кыргызстандын чек ара кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, азыр чек аранын тилкесинде абал туруктуу, бирок ал жакта дагы деле эки өлкөнүн жарандары турушат.

«Азыр ал жакта Кыргызстандын чек ара кызматынын төрага орун басары Курманбек Исаков, облустук, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бар», — деп айтышты басма сөз кызматтан.

Ал жактан кошумчалашкандай, чырдан улам бир үй, «Ауди» автоунаасы жана КамАЗдын чиркемеси өрттөнүп кеткен. Кыргыз чек арачылардын маалыматына ылайык, тажик тургундары чыр чыккан аймакка өрт өчүргүчтөрдү өткөрбөй коюшкан.

Чек арага жакын жайгашкан Аксай айлынын тургуну Алибек Сабиров «Клоопко» чек арадагы абал өзгөрүүсүз бойдон экенин айтты.

«Абал кечээги бойдон. Эч нерсе өзгөргөн жок. Эки тарап тең өз аймактарында турушат. Биз түнү менен ушул жерде турдук. Күч органдарынан адамдар көбөйтүлдү. Бирок санын канча экенин так айта албайм. Аялдар менен балдарды чек арадан алыс жакка көчүрүп турганбыз, алар ошол жакта. Тажик тарап деле өздөрү жакта турат. Ош-Исфана жолу азыркыга чейин жабык турат», — деди ал.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков чек арадыгы кырдаалды өзүнүн тажик кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен талкуудады. Жогорку Кеңештин депутаттары чек арадагы чатак жөнүндө маалыматты өкмөттөн 14-марттагы жыйынында угушмакчы.

Тажик өкмөтүнүн версиясы

Тажикстандын чек ара кызматынан билдиришкендей, Исфара шаарынын жашоочулары кыргыз тараптын Аксай — Тамдык жолунун курулушуна каршы болушкан. Бирок аларга жооп кылып, «кыргыз тарап ок чыгарган». Мындан тышкары тажик тарап, кыргызстандыктар Исфара — Ворух жолун тосуп, тажикстандын жарандарын өткөрбөй койгон.

«Баткен районунун Аксай айылынын 50-60 жашоочулары Эркин Жалчиевдин жетекчилиги астында чогулушкан. Алар Ворух айылыныны жашоочуларына таш ыргытууга өтүшкөн. Андан Тажикстандын 11 жараны ар кандай жараат алып ооруканага жеткирилген», — деп маалымдады Тажикстандын чек ара кызматы.

Тажик өкмөтү жаңжалдан Тажикстандын 43 жаштагы жараны көз жумганын тастыктап, ал кыргыз жарандары тараптан курман болгонун билдирди. Коңшу эки өлкөнүн арасында чыккан чырга тажик өкмөтү, кыргызстандык Роза Усарованы күнөөлөйт. Анткени ал жерди басып алууга аракет кылган дейт.

«Усарова кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы этника аралык касташууну козуткан, кыргыз-тажик мамилелердин курчушу себепчи болгон жалгыз адам», — деп билдирет тажик өкмөтү.

Чек арадагы чыр

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 13-март күндүзү чыккан. Кыргыз тараптын версиясы боюнча, Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары кыргыз бийлиги куруп аткан Аксай — Тамдык айлампа жолунун салынышына нааразылык билдирип чыгышкан.

Ошондон кийин кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосунда чыр чыгып кетип, эки тарап бири-бирине таш ыргытууга чейин барышкан. Эки өлкөнүн чек арачылары жаңжалды бир азга токтото алышкан, бирок кечке маал абал кайра оорлошкон.

13-март күнү кечинде Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдагандай, жаңжал учурунда бир адам жарадар болгон, ошондой эле дагы бир кыргызстандыктын үйүн өрттөшкөн.

Бул жол стратегиялык жактан абдан маанилүү деп эсептелет. Анткени анын курулуп бүтүшү менен Аксай, Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын тургундары Тажикстандын Варух анклавын аралап өтпөй туруп, Баткендин башка райондоруна түз каттап калат.

Талаштуу аймактардан улам чек арага жакын айылдарда байма-бай чыр-чатактар болуп турат. Чырдашуулардын күчөшүнө Көк-Таш — Аксай — Тамдык жолун куруу иштери себеп болууда.

Авторлошу: Айдай Беделбек кызы, Эмил Султаналиев