Кыргыз-тажик чек ара аймагы. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кыргыз-тажик чек арасындагы чырда милиционер жарадар болгонун ырастады. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген.

ИИМ 14-мартта саат 16:30дар чамасында кыргыз-тажик чек арасында ок тийген кыргызстандык милиция кызматкери болгонун ырастады.

Баткен облустук милициясынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Клооптун» кабарчсына билдиргендей, милиционердин бутуна ок тийип, ал облустук ооруканага жеткирилген.

«Тажикистан Республикасынын күч органдары тарабынан ок атылып, анын натыйжасында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин оң бутуна белгисиз ок атуучу куралдан ок тийген», — деди Юсупова.

Ошентип Кыргызстандын бийлиги октон улам эки адам жарадар болгонун тастыктаса, тажик бийлиги өзүнүн эки жараны набыт болгонун билдирүүдө.

Чек арадагы чыр

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 13-март күндүзү чыккан. Эки тараптын бийлигинин чыр чакка байланыштуу версиялары ар башкача. Кыргыз тараптын версиясы боюнча, Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары кыргыз бийлиги куруп аткан Аксай — Тамдык айлампа жолунун салынышына нааразылык билдирип чыгышкан.

Ошондон кийин кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосунда чыр чыгып кетип, эки тарап бири-бирине таш ыргытууга чейин барышкан. Эки өлкөнүн чек арачылары жаңжалды бир азга токтото алышкан, бирок кечке маал абал кайра оорлошкон.

13-март күнү кечинде Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдагандай, жаңжал учурунда бир адам жарадар болгон, ошондой эле дагы бир кыргызстандыктын үйүн өрттөлгөн.

Тажик бийлигинин версиясы боюнча, Тажикстандын 43 жаштагы жараны «Кыргызстандын жараны тарабынын» аңчылык куралынан жеген октон улам каза тапкан. Эки өлкөнүн ортосундагы кагылышууга тажик бийлиги жер тилкесин басып алгысы келген кыргызстандык аял Роза Усарова күнөөлүү деп аташты.

Аксай —Тамдык айланып өтүүчү жолу стратегиялык маанилүү деп эсептелет, себеп дегенде анын курулушу бүткөндө Аксай, Самаркандек жана Ак-Татыра кыргыз айлынын тургундары Тажикстандын Ворух анклавына кирбестен эле Баткендин башка райондоруна өтө алышат.

Талаштуу аймактардан улам чек арага жакын айылдарда байма-бай чыр-чатактар болуп турат. Чырдашуулардын күчөшүнө Көк-Таш — Аксай — Тамдык жолун куруу иштери себеп болууда.