Өкмөт чек арадагы абалды «туруктуу» деп атады. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр уланууда

Кыргыз-тажик чек арасында. Сүрөт: Жеңиш Айдаров / RFE/RL

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды «туруктуу» катары баалоодо. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундарды үйлөрүнө таркоого чакырышкан. Азыр чек ара аймагында 20га жетпеген адам калган.

Материал саат 23:13тө жаңыртылды.

Маалыматка ылайык, чыр чыккан жерде Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Раззаков менен Тажикстандын премьер-министри Иброгим Азим чек арадагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү улантып жатышат.

Кыргызстандын чек ара кызматы 24.kgге билдиргендей, жергиликтүү тургундар үйлөрүнө таркоого чакырылган, бирок алар эртеси күнү чек ара аймагына кайра келүүнү убада кылышкан. Учурда аталган аймакта 20га чукул адам турганы маалым.

14-март күнү кыргыз-тажик чек арасындагы чырда дагы бир кыргызстандык жарадар болгон. Баткен облустук милициясынан «Клоопко» кабарлашкандай, Тажикстандын күч түзүмдөрү чыгарган ок милиционердин бутуна тийип, ал оор абалда ооруканага жеткирилген.

«Тажикистан Республикасынын күч органдары тарабынан ок атылып, анын натыйжасында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин оң бутуна белгисиз куралдан ок тийген», — деп маалымдаган милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги милиция кызматкеринин бутуна операция жасоо керектигин кабарлайт.

Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» кабарлагандай, ал элдин милицияга ок тийди деп кыйкырып жатышканын уккан, андан кийин аны ооруканага алып кетишкен.

«Тажик тараптап ок чыгарылып, таштар ыргытылып жатты. Жеринде губернатор менен бардык күч түзүмдөрүнүн [өкүлдөрү] абалды турукташтырууга аракет кылып жатышат. Баткенде телефондук байланыш дээрлик жок болууда», — деди ал.

«Озоди» басылмасы билдиргендей, чек арада дагы бир тажикстандык каза тапкан — бул тууралуу маалыматты Ворух анклавындагы оорукананын башкы дарыгери тастыктаган. Анын айтымында, аталган адам көкүрөгүнө ок тийип, дароо жеринде каза тапкан.

Чек арадагы чыр

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 13-март күндүзү чыккан. Эки тараптын бийлигинин чыр чакка байланыштуу версиялары ар башкача. Кыргыз тараптын версиясы боюнча, Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары кыргыз бийлиги куруп аткан Аксай — Тамдык айлампа жолунун салынышына нааразылык билдирип чыгышкан.

Ошондон кийин кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосунда чыр чыгып кетип, эки тарап бири-бирине таш ыргытууга чейин барышкан. Эки өлкөнүн чек арачылары жаңжалды бир азга токтото алышкан, бирок кечке маал абал кайра оорлошкон.

13-март күнү кечинде Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдагандай, жаңжал учурунда бир адам жарадар болгон, ошондой эле дагы бир кыргызстандыктын үйүн өрттөлгөн.

Тажик бийлигинин версиясы боюнча, Тажикстандын 43 жаштагы жараны «Кыргызстандын жараны тарабынын» аңчылык куралунан жеген октон улам каза тапкан. Эки өлкөнүн ортосундагы кагылышууга тажик бийлиги жер тилкесин басып алгысы келген кыргызстандык аял Роза Усарова күнөөлүү деп аташты.

Аксай —Тамдык айланып өтүүчү жолу стратегиялык маанилүү деп эсептелет, себеп дегенде анын курулушу бүткөндө Аксай, Самаркандек жана Ак-Татыра кыргыз айлынын тургундары Тажикстандын Ворух анклавына кирбестен эле Баткендин башка райондоруна өтө алышат.

Талаштуу аймактардан улам чек арага жакын айылдарда байма-бай чыр-чатактар болуп турат. Чырдашуулардын күчөшүнө Көк-Таш — Аксай — Тамдык жолун куруу иштери себеп болууда.

Авторлошу: Айдай Беделбек кызы, Анна Капушенко