Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөр менен кызматташуу — «приоритеттүү багыттардын бири», өзгөчө бул Орусияга тиешелүү. Учурда Жээнбековдун бул өлкөгө жасаган сапарлары жана президент Владимир Путин менен жолугушууларынан улам Орусия менен мамиле «жигердүү» өнүгүп жатат. Айтмакчы, Орусиянын президенти мамлекеттер ортосунда жетишилген макулдашуулар менен келишимдерди талкуулоо үчүн Кыргызстанга марттын аягында келет.
Президенттин жеке сапарларынан улам коңшу өлкөлөр менен мамилелер «бекемделди». Казакстан менен чек ара жана соода маселелери чечилди. Жээнбековдун Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн президенттери менен «жеке тыгыз байланыштары» түзүлдү. Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара тууралуу макулдашуу — негизги милдет. Түркмөнстан-Кыргызстан-Кытай газ түтүгүн куруу маселесин талкулоо аркылуу Түркмөнстан менен мамилени «жандантуу» зарыл.
Жээнбековдун Кытайдын башчысы Си Цзиньпинь менен эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жакшыртуу тууралуу сүйлөшүүсү «натыйжалуу» болду. Кытайдан түз инвестицияларды тартып, кыргызстандыктар үчүн визалык режимди жеңилдетүү керек. «Эки тараптуу кызматташтыгыбызга доо кетирүүнү көздөп жаткан күчтөр бар. Биз буга жол бербейбиз», — деп билдирди Жээнбеков. Айтмакчы, Кытайдын президенти да Кыргызстанга үстүбүздөгү жылы жайында келмекчи.
Жээнбеков Түркия жөнүндө үстүртөн гана айтып, эки тараптуу сапарлар тууралуу гана кеп кылып, өкмөттөн эки өлкөнүн ортосунда жетишилген макулдашууларды аткаруусун суранды.
Жээнбеков өзүнүн Европа Биримдик өлкөлөрүнө жасаган сапарларын мурдагы жылдын «маанилүү» окуяларынын бири деп атады. Президент «Евробиримдиктин жогорку жетекчилиги менен жеке байланышты» түздү. Учурда Жээнбековдун Германияга, Швейцария, Франция жана Венгрияга иш сапарлары даярдалууда.
Кыргызстан АКШ менен кызматташтык тууралуу жаңы келишимдин долбоорун макулдашууда. Бирок Жээнбеков келишимди талкулоодо өлкөлөрдүн «эки тараптуу кызыкчылыктары» эске алынышы керектигине ишендирди. Президент АКШнын Кыргызстандын экинчи президенти Курбанбек Бакиевдин убагында уурдалган 4,6 млн долларды кайтарып беришин «иштин алгылыктуу башаты» деп атады.
Жээнбеков араб өлкөлөрү менен кызматташууда «экономикалык потенциалды толук пайдаланылбай жатат» деп эсептейт. Жогорку деңгээлде өз ара иш сапарларын уюштуруп, араб өлкөлөрүнөн инвестиция тартуу керек. Ошондой эле бул өлкөлөр банк жана каржы секторлорунда ислам принциптерин өнүктүрүүдө жардам бере алышат. Бул өлкөлөр менен визасыз режим тууралуу макулдашуу зарыл.