Чек араны кайтарып турган аскер

«Клооптун» жериндеги кабарчысынын айтымында, 14-марттан 15не караган түнү 30га чукул тургун кыргыз-тажик чек араны кайтарып нөөмөткө турган. Аксай айылында чогулган эл дагы деле таркай элек — алардын саны 100гө чамалайт.

15-март күнү эртең менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жашоочулар менен жолугушкан. Чогулган эл «Ош-Исфана жолу ачылганда гана таркашаарын» билдиришкен.

Аксай айылында чогулган эл
Күч түзүмдөрү чек араны нөөмөт менен кайтарып турушат
Үйлөрүн кайтарган Аксайдын тургундары

Аксай айылындагы кыргыз-тажик чек арасына жакынкы үйлөр 10 метр аралыкта жайгашкан — эки өлкөнү кичинекей арык гана бөлүп турат. Арыктын ары жагында асфальт жол бар. Ал жол Тажикстанга карайт, учурда тажик унаалары ары-бери каттап жатышат.

Чек аралаш жашаган Аксай айылынын тургундардын биринин айтымында, ал өз үйүнүн терезесинин жанынан 10го жакын атылган октун гильзасын чогулткан. Дал ушул жерде Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери жарадар болгон.

Айылда эркектер гана калган
Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова

Аксай айылындагы балдар менен аялдар үйлөрүнөн 15-мартта чыгарылып, Баткен шаарындагы №57 кесиптик лицейге жайгаштырылган. Алардын жалпы саны 500гө барат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен «Клоопко» маалымдашкандай, балдар менен аялдар жатакана жана тамак-аш менен камсыздалган. Абал турукташканга чейин алар лицейдин жатаканасында болушмакчы.

Эл талаптарын айтууда
Нөөмөттө тургандарга жашоочулар тамак-аш жеткиришүүдө
Чек арага жакын тажик жаранынын үйү
Үйдүн терезесин ок тешип өткөн

Кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы чыр Кыргызстандын Аксай — Тамдык айланып өтүүчү жолунун курулушунун айынан 13-мартта чыккан.

Кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы чатак таш ыргытууга айланып, кийинчерээк ок атылган. Учурда Тажикстандын бийлиги эки адам каза тапканын билдирет, ал эми кыргыз бийлиги үч киши жарадар болгонун маалымдайт.

Үйдүн терезесин тешип өтүп дубалдарга тийген октордун ииздери
Аксай айылына барчу жол
Аялдар менен балдар Баткен шаарындагы №57 кесиптик лицейдин жатаканасында
Аксайлык балдар лицейдин коросунда ойноп жатышат

Кыргызстандын чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын болгон Аксай айылында абал «салыштырмалуу туруктуу» болгонун маалымдайт.

Тексттин автору: Гүлжан Эшбаева

Сүрөттөрдүн авторлору: Адилет Абдырасул уулу, Гүлжан Эшбаева

Фотосүрөттөрдүн редактору: Дастан Үмөтбай уулу