Азыркы жана мурдагы президенттер Аксы окуясын эскерүү боюнча митинг реквиемдерге катышышып, сөз сүйлөштү. Сооронбай Жээнбеков Аксыдагы Боспиек айылына барган, ал эми Алмазбек Атамбаев Бишкекте медиафорум имаратынын алдындагы иш-чарага катышкан.

Мамлекеттин мурдагы жана учурдагы президенттери Аксы окуясын экскерүү иш-чараларына катышышты. Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышуу үчүн Жалал-Абад облусунун Боспиек айлына жөнөп кеткен, ал ми Алмазбек Атамбаев Бишкектеги медиа форумдун имаратынан алдындагы эскерүү иш-чарасына катышкан.

Сүрөт: Рустам Калматов \ Азаттык

Жээнбеков эмне жөнүндө айтты?

Аксы окуялары тууралуу

Аксы окуясы Кыргызстандагы адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы жалпы элдик күрөшүүнүн башаты болуп калды.

Бийлик адилеттик үчүн чыккан мекендештерибиздин жолун тороп, өз элине ок атты.

Бирок, атылган ок элибиздин эркин сындыра алган жок. Тескерисинче, эркиндик үчүн күрөштү күчөтүп, коомду ойготту, элди чыйралтты.

Эркиндикти туу туткан элибиз эч качан авторитардык — үй-бүлөлүк башкарууга жол бербестигин далилдеди. Элдин эркиндиги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жанын курман кылууга даяр эл экенибиз дүйнөгө маалым болду. 2002-жылдын 17-мартында болгон окуялардын тарыхый мааниси мына ушунда.

2005 жана 2010-жылдардагы төңкөрүштөр тууралуу

Бүгүн биз Аксы окуясында курман болгондордун жана жаракат алып, кийин көз жумгандардын жаркын элесине таазим кылабыз.

Ошону менен бирге 2005, 2010-жылдары адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштө курман болгон мекендештерибизди эскеребиз.

2010-жылы апрелде мекендештерим менен бирге мен дагы үй-бүлөлүк кандуу режимге каршы чыккам. Мен үчүн 2010-жылы курман болгон мекендештеримдин, алардын жакындарынын тагдыры — жөн гана курулай сөз эмес. Менин жүрөгүмдө

Элдик Апрель революциясына 2020-жылы 10 жыл болот. Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө тууралуу Жарлыкка жакында кол коём.

Кландык башкаруу тууралуу

Биздин эл эгемен жылдарында үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ар кандай түрлөрүн көрдү. Мамлекетти уюшкан кылмыштуу мафия башкарган да мезгил болду.

Элибизде «Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок», деп эзелтеден бекеринен айтылган эмес. Мен баш болуп, 3 бийликтин бутагы муну эсибизден чыгарбоого тийишпиз.

Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!

Куран жана кудай тууралуу

Куранда адилеттиктен тайбаган, кудайдан корккон коом — адамзат турмушундагы эӊ жакшы коом болот деп айтылат. Биз мына ошондой таза, мыйзамды сыйлаган адилет коомду курабыз.

Сүрөт: Бакыт Торокелди уулу \ Азаттык

Атамбаев эмне жөнүндө айтты?

Аксы окуясы тууралуу

Эгер Аксы окуясы болбогондо, анда уурдап кетишкен март революциясы да болмок эмес. 2010-жылдагы окуя да болмок эмес.

Аксы окуясынын себептерин айтууга убакыт келип жетти. Анда бардыгы жерлерден жана 125 миң гектар жерди талашуудан башталып, натыйжада ал Кытайга өтүп кеткен. Азимбек Бекназаров депутат болуп турган жана бардыгы тууралуу ачык айткан. Анын оозун жабыш үчүн ойдон токулган кылмыш иши боюнча камап салышкан. Ошондо анан атуу болгон.

Жээнбеков тууралуу

2002-жылы [Аксы окуялары болуп жатканда] Жээнбеков вице-спикер, агасы губернатор болуп турган кезде тымпыйып отурушкан жана ошол окуялар тууралуу үн чыгарышкан эмес.

Мурдагы жылы 29-мартта Сооронбай Жээнбеков мага үйгө келип, биз коньяк жана арак ичип отурдук. Ошондо ал мага Райым жана башкалар жөнүндө айтпа деди.

Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жыл бою президент болуп отурат, бирок анда эмне үчүн Сапар Исаков отурат? Эмне үчүн Кулматовду отургузали дешти? Анткени азыр Раим-миллиондун убагы.

Эми мен Сооронбайга кайрылгым келет, бирок эми дос катары эмес. Сооронбай Жээнбеков сен партияны эмес, элди бөлүп жатасың. Мен сени Кара-Кулжадан түндүк-түштүк деп бөлүнүү болбошу үчүн атайын алып келгем.

Азыркы бийлик тууралуу

Убакыт өткөн сайын азыркы бийлик Курманбек Бакиевдин бийлигин эстетип жатат. Ал учурда жада калса балдарга да асылышчу эмес, эми болсо балдарга да асыла башташты. Бул бийлик өтө начар — алар коркутуу максатында бардыгын камап жатышат.

Алар [азыркы режим] Атамбаев токтолот деп үмүттөнүшөт. Атамбаевди саясаттан алсаңар да же өлтүрсөңөр дагы анын ордуна башка миңдеген адамдар келишет.

Кыргызстандын кулатылган президенттери тууралуу

Акаев Атамбаевдей болуп эч качан бизнесмен болгон эмес. Келсин дагы Орусиянын Рублевкасында кайсы акчага жашап атканына жооп берсин. Курманбек Бакиев 2001-жылы Аскар Акаевдин уруксаты менен Баткен облусундагы жерлерди саткысы келген.

Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев кыргыздардай сыяктуу болушканы менен бирок ошол убакыттарда коңшу өлкөлөргө көз каранды болушкан. 20 млн долларды электр энергиясынын транзитине, 12 млн долларды накталай төлөшчү, ал эми калган 8 млн долларды суу менен төлөп кутулушчу, ошондуктан алар сууну агызууга аргасыз болушкан.

Атамбаев болбогондо эмнелер жок болмоктугу тууралуу

Учурдагы бийлик кирге оонатканды гана билет. Бул сөздөрдү мен учурдагы бийликтин айланасындагы шайтандардын дарегине жолдойм. Эгер Атамбаев электр энергиясынан көз карандысыз иштеген ЖЭБди куруп бербегенде, азыркы бийлик бардыгынан свет жана башкаларды сурап жүрмөк, алардын ордуна бардыгын берүүгө даяр болмок.

Мен президент болуп келгенде бизде армия жок болчу. Реформа өткөрдүк, үйлөрдү курдук, маяналарды эки миң сомдон 20 миң сомго чейин көтөрдүк. Эми баары армияга баргылары келишет.

Аксы окуясы

17 жыл мурда, 2002-жылы Жалала-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылынын тургундары кыргыз жерлеринин бир бөлүгү Кытайга берилишине каршы нааразычылык көрсөтүп чыгышкан. Укук коргоо органдары нааразылык акциясынын катышуучуларына каршы курал колдонушуп, алты адам курман болгон.

Ал учурда Аскар Акаев Кыргызстандын президенти болуп турган. Ал бийликте турган кезде митингчилерди атуу үчүн күнөө жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Аксы окуясынан кийин үч жыл өткөн соң Акаев оппозиция тарабынан кулатылып, Орусияга качкан. Андан соң өлкө башчылыгына 2010-жылы кулатылган Курманбек Бакиев келген. Ал дагы Беларуска качкан.