Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев

2018-жыл декабрь айы


«Менин билишимче Зилалиев башка жарандардай эле бодо мал алып-сатып жана башка бизнес жасачу. А [1 млн долларды] мыйзамдуу жол менен топтогон, толугу менен түшүндүрүп, алардын пайда болушун далилдеп берет», — деп айткан анын адвокаты Учкун Каримов.

2019-жыл март айы


«Тергөө көркөмдөлгөн роликте тартылган мүлктөр менен акчалар мага таандык деп жатат. Бул мүлктөр менен акчалар кылмыш [жол] менен табылган. Бирок акчалар менен мүлктөр меники эмес жана коррупция тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес», — деди Дүйшөнбек Зилалиев.

Мурдагы вице-премьер-министр эмне боюнча айыпталууда?

Атайын кызмат Зилалиевди мыйзамсыз байыган деп айыптоодо — аткаминерден декларацияга киргизилбеген 1 млн доллар, батирлер, кеңсе жайлары жана кымбат баалуу жасалгалар табылган. Расмий маалыматтарга ылайык, Зилалиевдин жана анын аялынын 2011-2017-жылдарга карата кирешеси болгону 3 млн сомду түзгөн.